Оштогу таштанды челектен башы кесилген аялдын сөөгү табылды

27-август күнү Ошто таштандыдан башы жок адамдын денеси  табылган. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен 40-50 жаштагы аял киши экени маалым болгон, анын буттарын да жиликтөө аракети көрүлгөн.

Шаардык милиция үрөй учурган окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, маркумдун башын жана бул кылмышка шектүүлөрдү издеп жатат.

Сүрөт: Владимир Федоренко

Оштогу таштанды челектен башы кесилген аялдын сөөгү табылды: 1 комментарий

Комментарии запрещены.