Ысык-Атада 15 га куураган чөп күйгөн

27-август күнү Ысык-Атадагы лыжа базасынын күн чыгыш тарабында болжол менен 15 га аянтта чычырканак, бадал жана куураган чөп күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, адам өмүрүнө зыян болгон эмес. Жеринде өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, өрт саат 19:10до чектөөгө алынып, саат 20:35де толук өчүрүлгөн.

КР ӨКМнен 4 даана чатыр орнотулуп, жалпысы 112 куткаруучу жана КР ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынан 4 адамдан турган Ыкчам тобу күзөткө калышкан.