Элетте эмгектенген элдик сүрөткер

Алай музыкалык-драма театрынын башкы сүрөтчүсү Чыныбек Козукеев Гүлчөдө төрөлүп өсүп, алгач Муса Адышев атындагы орто мектептен билим алат. Ошол учурда анан Фрунзе шаарындагы №4 көркөм-сүрөт мектеп интернаты ачылып, Айнагүл Садыкова (Тургунбай Садыковдун карындашы) аймактардан окуучуларды топтогону Алайга барып калат. Чыныбектин сүрөттөрүн көрүп дароо эле Фрунзеге жолдомо берет. Ошентип, ал интернатта окуп калат.

Сүрөтчүлүк өнөргө кантип келип калганы тууралуу: “Апамдын сайма сайып, туштуктарга ар кандай гүлдөрдү, оймо-чиймелерди кооздоп түшүргөнү менин балалык жан-дүйнөмө өзгөчө таасир калтырган экен. Ошондон улам сүрөт тартууга болгон кызыгуум артып, тапкан барактарга чиймелеп бир нерселерди тартып калчумун. Айдар деген жакын досум бар эле. Экөөбүз керээли-кечке сүрөт тартып, ылайдан, кагаздан, пластилинден ар кандай кейипкерлердин бейнелерин жасап ойноп калчубуз. Дарыянын боюнда жумшак бор таш бар болчу. Андан оюп, жонуп отуруп Курманжан датка, чүргөктөгү наристе, ар кандай образдагы баатырлар сыяктуу айкелдерди жасайт элек. Сайдын жээгиндеги кара чоң ташка образдаштырып «Аргымак» деп атап койчубуз. Ошентип ал кездеги «Пионерлер үйүндөгү» сүрөт ийримине барып жүрдүм. Ал жерде өзүнө абдан тыкан, тыкылдап орусча сүйлөгөн, жүзүнөн мээрим төгүлүп турган Майраш деген эжекеден жарым жылдай сабак алып калдым”, – деп эскерет.

1994-жылы интернатты бүтүп, сүрөтчү-скульптор адистигине ээ болуп, ошол эле жылы Бишкек шаарындагы көркөм-сүрөт колледжинин станоктук скульптура факультетине тапшырган. 1996-жылы көркөм-сүрөт колледжи Кыргыз Республикасынын Көркөм-Сүрөт Академиясы статусун алып, Ч.Козукеев 1999-жылы аны аяктайт. 1999-2002-жылдары Бишкекте иштеп, 2002-жылы турмуш шартына байланыштуу туулган жерине келип, Алай музыкалык-драма театрына сүрөтчү-бутафор болуп ишке кирген. 2003-жылдан театр-дын башкы сүрөтчүсү.

2004-жылдан райондогу Сами Дооронов атындагы балдар искусство мектебинде сүрөт мугалими катары да эмгектенет.

Бишкек шаарынын көрүнүктүү жерлерине анын скульптуралык композициялары орнотулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин короосунда «Мырзагүл»; КРКСА алдында «Кыз Сайкал»; «Мээрим» фондунун короосунда «Ант»; «Күү»; Чолпон-Ата шаарындагы «Мээрим» фондунун пансионатында «Айым балык» жана башкакөптөгөн композициялар менен бюсттарын атасак болот.

Ал эми театр жаатында жыйырмадан ашуун спектаклдерди сахналаштырган. Ошондой эле облустук жана райондук маданий массалык иш-чараларда сүрөтчү-коюучу катары эмгектенип жүрөт. Атай кетсек: Курманжан датканын 200 жылдык мааракесин өткөрүүдө, райондор аралык «Улуу мурас», «Сармерден», «Нооруз» сыяктуу кароо-сынактарда, республикалык деңгээлде уюштурулган «Айыл оттору» этно-фестивалында, республикалык театралдык «Тоо фестивалында» сахна, стадион, аянттарды сценография, жасалгалоо жана костюм, реквизиттерди жасоо иштеринде ар дайым тынымсыз иштеп келет.

Болотбек Таштаналиев

0 Поделились