Майрамкан ДУБАНАЕВА: “Сагынбек 6-классында өзүнүн вертолётун учурган”
Билинбеген менен элет жеринде таланттуу, колу жөндөмдүү, аракетчил, ойлоп тапкыч мекен-дештерибиз көп. Алардын бири мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай бала кезинен ар нерсени ойлоп таап, учурда автоматташтырылган үй-тиричилик шаймандарын жасап, элди таң калтырып келе жаткан Сагынбек КЕЛДИБАЕВ. Каарманыбыз сүйлөй албагандыктан анын апасы Майрамкан ДУБАНАЕВА алтын кол мекендешибиз тууралуу буларды айтып берди.
“Кичинесинен колу жөндөмдүү болду”
– Абышкам экөөбүздүн эки уул, 7 кызыбыз бар. Уулубуз Сагынбек 2 жашка чыкканда суук тийип, кийин сүйлөбөй калган. Кийин Бишкектеги Воронцовка айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын жатак мектебинде окуду. Негизи балам кичинесинен эле колу жөндөмдүү болду. Зымдан ар кандай өзү жүрө турган комбайн, трактор, вертолёт, машиналарды жасап койчу. 6-класс кезинде зымдан вертолёт жасап ага кичинекей моторчо коюп учурса, эл таң калган. Бала чагында өзү теңдүү уккан, сүйлөгөн балдар менен аралашып ойной берчү. Бирок, кээде балдар “тигил жакка кеттик” деп чуркап кетишсе укпай жалгыз калып калганда арданып ыйлап калчу. Андайда “сенин колуңан баары келет, сен укмуш оюнчуктарды жасайсың, баары бир алар кайра сага келишет” деп сооротуп койчу элем. Мен айткандай болуп бир маалда балдардын баары чогулуп келип Сагынбектин жасаган оюнчуктарына кызыгып, аны тегеректеп калышчу.
“Балам көп аспаптарды жасады”
– Сагынбек 5 кыздан кийин төрөлгөн. 20га чыкканда көп ойлонуп, көп кыялданчу болду. “Ээ балам, мынча эле эмнени кыялданып жатасың?” – десем, биринчи машина алып, анан үйлөнгүсү келгенин айтты. Көрсө, кыздарым ага “быйыл жыйырмага чыгасың, сага белекке машина алып беребиз” деп коюшуптур. 2010-жылы кыздар ага “Гольф-3” үлгүсүндөгү машина сатып беришти. Аны айдап, улам бузулган жерин өзү жасап жүрүп машина оңдогонду үйрөнүп алды. Үй жумуштарын тынбай жасай берчү. Кийин мотоараадан чөп чапкыч, тырмагыч жасады. Анан чөп пресстегич курады. Андан кийин картошка отургузуп, көөмп кете турган, картошканы түптөп, каза турган механизмди чогултту. Азыр анысы менен картошканы өзү эгип, жайкысын кыйналбай багып, күзүндө оңой казып алат. Мындан сырткары балам үйдөгү сантехниканы интернеттен карап отуруп өзү эле орнотуп койду. Темир ширетүүнү да үйрөнүп алган. Кыскасы, абдан изденгич, аракетчил. Сагынбек өзүндөй сүйлөй албаган кызга үйлөнүп, бир балалуу болгон. Неберем быйыл 4-класс болду. Келиним Москвада эки кызым менен чогуу иштеп жатат. Балам, келиним экөө тең майыптыгына жараша 6 миң сомдон ашык пенсия алышат. Азыр келиним салган акчасы менен пенсиясынан ашканын ипотекага төлөп жатышат. Мурда экөө эки жылдай Томскиде да иштешип, былтыр “Жигули” минип келишкен.
“Кум шыбактан башкасынын баарын билет”
– Сагынбектин кыялданганы да бир башкача. Короо-жайды, мал чарбачылыгын жакшы карагандыктанбы, кээде отуруп чоң фермер болгусу келерин айтып калат. “Балам шаарда окушу керек” деп жубайы менен баласына шаардан үй алып бергиси келип ипотекага да катталды. Темир ширетүүнү, курулушту жакшы билгендиктен айылдаштары “мунумду жасап бер, тигинимди кылып бер” деп көп келишет. Барган жеринен жакшы мамиле жасалса жан дили менен иштеп берет. Кокус бирөө бой көтөрүп, текеберленип буйрук берсе, экинчи ал үйгө барбай коёт. “Ой, балам, барып баштаган ишиңди бүтүрүп бербейсиңби” десем, “мага ал кул катары мамиле кылды, мен ага кул эмесмин да” деп такыр макул болбойт. Баламдын мындай жөндөмдүү болуп калуусуна атасынын усталыгы, чоң атасынын кол өнөрчүлүгү да таасир этти окшойт. Абышкам там салып, чатыр жаап, терезе, дарбаза жасачу. Чоң кайын атам кезинде ээр чаап, ат жабдыктарын мыкты жасачу экен. Жолдошум да камчы өрүп, жүгөн, куюшкан жасап калчу. Балам ат жабдыктарына кызыкпаганы менен андан башкасынын баарын жасайт. Болгону, кум шыбакты үйрөнө албай койдум деп бушайман болуп жүрөт.
Мелис СОВЕТ уулу