Токтобай МААНАЕВ: “Башкы максат – сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү”

Токтобай Маанаевдин Улуттук госпиталга жетекчи болуп келгенине эки жылдан ашып калды. Мына ушул жылдардын аралыгында ооруканада бир топ реформалар жүзөгө ашырылып, оорулууларды тейлөө жаатында максаттуу иш-аракеттер колго алынууда. Аталган мекеменин жетекчиси Токтобай Исраилович менен болгон маекте тармактагы маселелер боюнча төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– Токтобай Исраилович, Улуттук госпиталь башка ооруканалардан эмнеси менен айрымаланат? Оорулууларды тейлөө жаатында кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Улуттук госпиталь – ооруну аныктоо, дарылоо, алдын алуу жана илимий иштерди жүргүзүүчү мамлекеттик көп тармактуу медициналык мекеме болуп эсептелет. Бул жерде илим менен тажрыйбаны айкалыштырган дасыккан адистер эмгектенишет.

Мен жетекчи болуп келгенде 1070 койкалуу оорукана болчу. Бир катар имараттар оңдоого муктаж экен. Акыркы жылдарда оңдоо иштери менен алек  болуп жатабыз. Нейрология, лор бөлүмдөрүндө оңдоо иштери жакында бүтүп калат. И.Ахунбаевдин клиникасынын акыркы имараты 1964-жылы курулган экен. Арадан 58 жыл өтүптүр. Ошондон бери оорукананын айланасындагы жолдор такыр оңдолбоптур. Урматтуу Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров менен ушул жылдын 26-майында травматологдордун жыйынында жолугушканда, жардам берүү боюнча сурандым эле. Президенттин колдоосу менен 18 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, азыркы күндө оорукананын айланасындагы жолдорго, тротуарларга асфальт төшөп,  элибиз эс ала турган жайларды сырдап, иретке келтирип жатабыз.

Ооруканабыз толук кандуу иштеши үчүн койка жетишпейт. Мунун себеби, 2003-жылдары Саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен травматологиялык кызматтын баарын Бишкек шаарындагы 4-ооруканага которуп  кетип калышыптыр. Травматология бөлүмү Улуттук госпиталдын уюштуруучуларынын башында турган. Бир сөз менен айтканда негизги бөлүм болуп эсептелчү. Мурунку министрибиз Алымкадыр Бейшеналиевдин демилгеси менен Улуттук госпиталда травматология боюнча 150 койкалуу бөлүм  ачылып, Президенттин колдоосу менен төрт кабат имаратты толугу менен оңдоп, ишке киргиздик. Ошол жерде ортопедиялык бөлүм дагы иштей баштады. Анан дагы жарандарыбыздын арасында бөйрөк оорусу менен жабыркагандар көбөйүп барат. Ошондуктан, нефрология бөлүмү иштеп жатат. Учурда Улуттук госпиталь өзүнүн атына жараша калктын ден соолугуна кам көрүүчү 60 клиникалык медициналык тейлөө кызматы менен камсыз болду. Мунун ичинен 12си поликлиника, 40 клиникалык бөлүм, 8 уюштуруу бөлүмү.

– Саламаттыкты сактоо тармагында адистердин жетишсиздиги көп маселени жаратып келген. Кадрдык мүмкүнчүлүк талапка жооп береби?

– Улуттук госпиталь бай тарыхка ээ, оорунун бардык түрүн дарылоого мүмкүнчүлүгү кенен, саламаттыкты сактоо тармагынын флагманы десек болот. Кыргызстанда «мен» дегендер, керек болсо Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик даражасына жеткен  дарыгерлери ушул Улуттук госпиталда иштеп кетишкен. Маселен,  академик Мирсаид Миррахимов 1977-жылга чейин биздин госпиталда нейротравматология бөлүмүндө 40 жылга жакын иштеген. Кыргыз медицинасынын корифейлери Иса Ахунбаев, Мамбет Мамакеев, Миталип Мамытов жана башка дарыгерлер Улуттук госпиталда иштешип, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошуп кетишкен.

Анан эми кадрдык мүмкүнчүлүк жетиш-түү десем болот. Мен башкы дарыгер болуп келген убакта орто медициналык кесиптеги адистер менен 60 пайыз гана камсыз кылып турган экен. Анткени алардын эмгек акысы өтө төмөн,  6000-7000 сомго иштеген адис-тер болгон. Мына ушул акчага шаар жеринде жашоого болобу? Эки жылдын аралыгында Президентибиздин демилгеси менен айлык акыбыз 100%га көтөрүлдү. Азыр илимдин докторлору  40 миң сомдон, реаниматологдор, медайымдар 27-28 миң сомдон айлык ала баштады. Орто кесиптеги адистер менен толуктоо  90 пайыздан ашып кетти. Азыр бош орун жок.

– Сөзүңүзгө аралжы, татыктуу айлык акы саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупцияны жоё алабы?

– Менин пикиримде, чоң дарыгер болобу, кенже адиспи, айлык акы маселесине муктаж болбошу керек. Дарыгер адамдын ден соолугуна кантип кам көрүү керек, оорулууну кантип сактап калуу керек, ошону гана ойлошу абзел. Эгерде дарыгер акчага муктаж болсо, ал канчалык кесипкөй болбосун, 50% квалификациясын жоготот. Биринчиден, акча алам деген ой калат. Экинчиден, акча берген оорулуу өлүп калса не болот деген түйшүк жаралат. Үчүнчүдөн, билинип калса уят болом, төртүнчүдөн, акчаны кайра кайтарып береминби? деген күдүк ой пайда болот. Мына ушундай субъективдүү факторлор дарыгердин ишке болгон жоопкерчиликсиз мамилесин ойготот. Мен отуз жылдан бери жетекчи болуп иштеп келе жатам. Бардык жерде «жең ичинен» соодалашкан дарыгерлер менен күрөшүп келатам. Улуттук госпиталда дагы коррупциянын алдын алуу боюнча катуу талаптар коюлууда. 

– Бирок, канткен менен медицина дүйнө жүзү боюнча чоң бизнестин түрүнө кирет да. Кыргызстанда деле жеке менчик клиникалар жайнап кетти. Мындай шартта мамлекеттик ооруканалардагы дарыгерлер  акча алууга  аргасыз болуп жаткан жокпу?

– Туура айтасыз. Медицина бизнеске айланып калды. Буга чейин, ушул кызматка келгенден кийин Турциянын белгилүү клиникаларына барып тиешелүү адистер менен жолугушуп, пикир алышып келген учурларым болду. Аларда дарыгерлер акча жөнүндө таптакыр ойлонбойт экен. Тилекке каршы Кыргызстанда андай эмес. 

2015-жылы Индияга барганда, «20 жыл мурун биздин акыбалыбыз силердин деңгээлдеги мамлекет болчубуз»  дешти. Мына ушул 20 жылдын аралыгында Индия санариптештирүү, медициналык туризм боюнча дүйнөдөгү алдыңкылардын сабына жетип калыптыр. Америка менен Германиядан озуп кетиптир. Аларда жеке менчик медицина катуу өнүгүптүр. Ушундан улам, биз деле мамлекеттин көзүн карап отура бербешибиз керек. Кирешелүү тармакка айланыш үчүн жогорку заманбап технологиялар менен камсыз кылуу учурдун талабы болуп турат. Колуңда акыркы үлгүдөгү жабдуу болсо, оорулууга ар качан жардам берүүгө жетишесиң.

Ошондуктан, Улуттук госпиталдагы 23 аталыштагы медициналык кызмат көрсөтүү акы төлөөгө өтүп жатат. Себеби, мурда эле дарыгерлер өзү билип баа коюп келишиптир. Министрлик кызмат көрсөтүүнүн баасын аныктап берди.  Биз эми кызмат көрсөтүүнү  мыйзамдаштырдык. Акча кассага түшөт, анан өзүнө тийиштүү акысын дарыгер алат. Биз мындай тажрыйбаны акырындык менен киргизе беребиз.

– Жеке менчик клиникалар коюп жаткан заманбап үлгүдөгү жабдууларды эмне үчүн мамлекеттик ооруканалар коё албай жатат?

– Биз ошого акырындык менен баратабыз. Буга чейин кандай болгон мен ага жооп бере албаймын. Бирок, акыркы жылдарда Президентибиз, Министрлер Кабинети, министрлик баш болуп саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө артыкчылык берип жатканын сезип жатабыз. Сиз туура белгилегендей, Улуттук госпиталдын тегереги бүт эле жеке менчик дартты аныктоочу клиникаларга толуп кетиптир. Ошондуктан, болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланып, материалдык-техникалык базаны чыңдоого аракет кылып келебиз.  Жакында Улуттук госпиталга Бүткүл дүйнөлүк банктын 500 миң долларлык жардамы менен акыркы үлгүдөгү нейроскопторду навигаторлору менен кошо алдык. Ушул аппаратка көрүнүш  үчүн оорулуулар Америкага, Новосибирскиге, Казакстанга барчу эле. Эми өзүбүздө эле дартты аныктай алабыз. Япониянын 1,8 млн. долларлык гранттык жардамы менен томографиялык компьютер алып келип койдук. Жакынкы арада ишке кирет. Министрлик прейскурант коюп берет. Эми оорулуулар жеке клиникаларга барып 4-5 миң сомдон төлөбөй, аларды арзан тейлөөгө шарт түзүлөт. Кээ бир жардамга муктаж жарандарга бекер медициналык жардам берилет. Биз үчүн чоң жетишкендик болду.

– Токтобай Исраилович, эми сөз соңунда алдыга койгон максаттар тууралуу айта кетсеңиз?

– Учурда бөйрөк жана боорду алмаштыруу үчүн 657 жараныбыз кезек күтүп турат. Ушул оорулардын 40%на Турцияда операция жасалат. Ошол оорулуулардын  бардыгына Улуттук госпитал көзөмөл жүргүзүп, карап турат. Бөйрөк жана боорун алмаштырууга муктаж болгондорду каттайбыз, дарысын убагында берип турабыз. Башка ооруканалар аларды карабайт. Ошондуктан, бөйрөк, боор алмаштыруу боюнча өзүбүздө операция жасоого жетишибиз керек. Бизде кадрдык мүмкүнчүлүк жетиштүү.

Анан дагы бөлүмдөрдү акыркы үлгүдөгү медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле сапаттуу анализ чыгара турган лаборатория ачууну пландаштырып жатабыз. Биздин госпиталда өзүнүн эмгеги менен айырмаланган ортопедиялык артрология бөлүмүнүн башчысы Кудайкулов Мансур, №1 нейротравма бөлүмүнүн башчысы Эсенбаев Эмил, травматология бөлүмүнүн башчысы Ысмайылов Бактыбек, нейротравматология бөлүмүнүн башчысы Жапаров Талант баш болгон жана башка адистерибиз менен бирге залкар инсан Иса Ахунбаев түптөп кеткен жолду татыктуу улантып, эң башкысы, элибизге сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө болгон аракетибизди жумшай бермекчибиз.

Аида БОЛОТБЕК кызы

0 Поделились