Мирлан ЖАКЫПОВ:“Көмүр менен камсыз кылууда маселе жок”

Калкты, мамлекеттик мекеме-уюмдарды көмүр менен камсыз кылуу башкаруу бийлигинин  көңүлүнүн борборунда турган маселе болуп келет. Азыркы учурда өлкөдө көмүр менен камсыз кылуу саясатын ишке ашырып жаткан “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын иши кызуу жүрүп, алдына койгон милдеттерди аткаруунун үстүндө иштеп жаткан кези. Ишкананын башкы директору Мирлан Жакыпов мырза менен болгон маегибизде күз-кыш айларына даярдыктар боюнча пикир алыштык.

– Мирлан Мустафаевич, “кылычын алып кыш” келатат. Калкыбызды көмүр менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учурабайбы?

– Көмүр менен камсыз кылуу бир эле мезгилди камтыбайт. Биздин ишканабыз жыл башынан эле 2022-2023-жылдагы күз-кыш мезгилинде  экономиканын тармактарын жана калкка даярдык көрүү жөнүндөгү Министрлер Кабинетинин токтомун аткаруунун жүрүшү боюнча көмүр казып алуучу компания-лар менен биргеликте тиешелүү иш-чараларды белгилеп, алдыбызга коюлган тапшырмаларды убагында аткарууга аракет кылып жатабыз.

Өлкөбүздө көмүр казып алуучу компаниялар тарабынан алты айдын жыйын-тыгы боюнча 1 506 153,5 тонна көмүр менен камсыз болуп, мунун ичинен рес-публиканын түндүк аймагына 695 237,3 тонна, түштүк аймагына 810 916,2 тонна көмүр жеткирилип, пландын аткарылышы 126,7%ды түздү. Август айында эле 124 100 тонна көмүр казып алынып, тиешелүү базаларга жеткирилди.

Ошондой эле 2022-жылдын алты айынын ичинде 341 985 миң сом  суммасына барабар 123 330 тонна көмүр экспорттолду.     

Андан башка “Кыргыз көмүр” ишканасынын “Кара-Кече” филиалынын “Борбордук” участкасында көмүрдүн үстүңкү катмарын  ачуу иштерин жүргүзүп, даярдык жүргүзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул участокто 98 техника, анын ичинен 23 экскаватор, 64 оор жүк ташуучу машина, 8 көмүр жүктөгүч, 3 бульдозер, 300 ашык адам иштеп жатат. Ушул жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча “Борбордук” көмүр кенинен  478,8 миң тонна көмүр казып алынды. Дагы 180 миң тонна көмүрдү казып алуу үчүн, жер кыртышын алып,   атайын даярдыктарды көрүп койгонбуз.

Негизи Министрлер Кабинетинин №234 токтомуна ылайык, “Кыргызкөмүр” ишканасы өлкөнүн түндүк аймагына 1 927 миң тонна, анын ичинде Бишкек ЖЭБи үчүн – 1050 миң тонна, калкка – 740 миң тонна, бюджеттик мекемелерге – 137 миң тонна көмүр ташып жеткирүү каралган.

– Бишкек шаарындагы жылуулук-энергия борборун (ЖЭБ) сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу боюнча маселелер коюлуп келет. Учурда ЖЭБ канча көлөмдө көмүр менен камсыз болду?

– Министрлер Кабинетинин токтомунда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык, ушул жылдын 1-августунан баштап Бишкек шаарынын жылуулук-энергия  борборуна, бюджеттик мекемелерге жана калкка көмүр жеткирип берүү иштерин баштаганбыз. Учурда Кавак бассейнинен Бишкектеги ЖЭБке график боюнча белгиленген көлөмдө көмүр келип түшүп жатат.

Ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн Бишкек ЖЭБин сапаттуу жана техникалык мүнөздөмөсү талапка жооп берген көмүр менен камсыз кылуу үчүн  “Кыргызкөмүр” ишканасы жана “Электр станциялар” ААКсы менен түзүлгөн келишимде каралган.

– “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын материалдык-техникалык базасы талапка жооп береби?

– Калкты, бюджеттик мекемелерди Бишкек ЖЭБ ишканасы үзгүлтүксүз көмүр менен камсыз кылууну уюштурууга  мамлекеттик колдоо  максатында, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 20-декабрындагы №334-р токтомуна ылайык, “Айыл Банктан” жылдык үстөгү 8 пайыз менен 50 даана атайын техникаларды лизингге алдык. Бүгүнкү күндө калкты тейлөөдө техникаларыбыздын мүмкүнчүлүгү жетиштүү экенин баса белгилегим келет.

Ошондой эле  турак жай аянттарын кеңейтүү жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Кара-Кече разрезинде 200 адамга ылайыктуу бардык шарты бар ашкана, администрациялык жана турак жай имараттары, оңдой турган техникалык устаканалардын курулушу өзүбүздүн ишкананын каражатынын эсебинен курулуп, аяктап калды. Күз-кыш мезгилине карата көмүр менен камсыз кылуу боюнча Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык белгиленген тапшырмалары такай көзөмөлүбүздө турат.

– Аймактарды көмүр менен камсыз кылуу кандай жүрүп жатат? Көмүргө болгон баа туруктуу эле сакталып турабы?

– Жогоруда айтканымдай, август айынан бери 100 миң тоннадан көп көмүр казып алдык. Бүгүнкү күндө зарыл болгон 20 миң тоннанын ичинен, Нарын облусунун бюджеттик мекемелерин 41%га, Жумгал районун 80%га камсыз кылып койдук. Кен чыккан аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу максатында 27 видеокамера онлайн режиминде иштеп турат.

Ал эми Бишкек шаарында болсо атайын көмүр таратуучу жайларда бир тоннасы 4000 сомдон көмүр сатылып жатат. Учурда көмүр менен камсыз кылууда эч кандай маселе жок.

Наргиза КАЗАКБАЕВА

0 Поделились