«Сентябрь» эми «Жалбырак ТВ» болуп, ишмердигин интернетте улантат

28-августка караган түнү “Сентябрь” телекомпаниясынын сигналы өчүрүлдү. Бул тууралуу аталган телеканалдан кабарлашты.

Буга себеп, 22-августта Бишкектеги Биринчи май райондук соту телеканалдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган болду.

Маалым болгондой аталган телеканал өз ишмердүүлүгүн интернетте “Жалбырак ТВ” деген ат менен улантат.

Эскерте кетсек, “Сентябрь” телеканалы  2016-жылдын 1-апрелинен тартып,  1 жыл беш ай иштеди. Алгач Бишкек жана Чүйдө, акыркы бир нече айдан тарта бардык республика боюнча көрсөтүлө баштаган.