Тарыхый көркөм тасма тартуу тамаша эмес

Министрлер Кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов “Сагымбай манасчы” фильминин бет ачарынан соң, Фейсбуктагы баракчасына: “Сагымбай манасчы” деген кино мага жаккан жок. Премьерасына бардым. Киносун көрдүк. Күтүүсүздөн сөз берилди. Жакшы эле аракет кылдым, кайсы бир нейтралдуу ойлорду айтып, улуу манасчыны эскерип, ал жөнүндө сүйлөп, куттуктамыш болуп, жаман көрүнбөй эле, унчукпай деле койсом болмок. Анте алган жокмун», – деп жазды.

“Мага бул кино жаккан жок” деп айттым. “Не стреляйте в пианиста, он играет, как может” деп “Балким, бул режиссер Абдыжапаровдун чыгармасы, он так видит” деп да жумшартканга аракет кылдым. Бирок, баары бир, жыйынтыгында, мен калп айта алган жокмун. Калп айтып, жашырууга укугум да жок. Бул кино жөн эле бир жеке менчик студия өзүнүн акчасына тарткан күндө дагы сындамакмын. Бул киного болсо, угушумча, мамлекет алты миллион сом бөлүп бериптир. Мен “Сагымбай манасчы” фильми “мыкты болуптур” деп койсом, адаттагыдай биздеги интеллигенция бири бирине сын айта албай, “сен жакшы, мен жакшы” деп тарап кетсек, маданиятыбызда өнүгүү болбойт, өсүү, изденүү да жоголот. Сын айтылышы керек! Сынсыз болбойт, туугандар!”, – деп кино жакпай калганын жаап-жашырбастан ачык эле жазып, “Кеп Э.Абдыжапаров тарткан кинодо эмес. Менин оюмча, кыргыздын киносунун абалы жөнүндө кеп курганга убакыт келди”, – деген оюнун да себебин түшүндүрүп келип, эмдиги жылы киного бөлүнүп берчү каражат бир канча жолу көбөйтүлө турганын, кыргыз киносу жаңы секирик жасашы керектигин билдирди.

Э.Байсаловдун айткан сынына теригип, чычалагандарга караганда, ал ачуу чындыкты айтканын белгилеп, кубаттагандар көп болууда. Министрлер Кабинетинин төрага орун басарынын постуна комментарий жазган белгилүү кинорежиссёр Темир Бирназаров:

“Биринчиден, кыргыз киносуна көңүл буруп, пикириңизди ачык айканыңыз кубандырат. Буга чейин жогору жактан кыргыз киносуна эч кандай маани берилбей келген. Фильм тууралуу пикириңизге мен да толугу менен кошулам. Тилекке каршы биздин сынды режиссёр кабыл албады. Бирок, бир фильм аркылуу жалпы кыргыз киносунун абалын аныктоо туура эмес деп ойлойм. Анткени Э.Абдыжапаровдун фильминен башка да көптөгөн мыкты фильмдер бар. Башка да режиссёрлор бар. Ал эми сиз айткан секирикти жасаш үчүн, Союз мезгилиндей каражат бөлүнүп, режиссёрлордун эмгеги бааланыш керек. “Кыргыз фильмдин” техникалык базасын учурга ылайыктап жаңыртыш керек. Мындан ары да ушинтип кыргыз киносуна көңүл буруп турсаңыздар сөзсүз өнүгөбүз”, – деген оюн ортого салды.

Э.Байсаловдун сынына териккендердин катарында кинорежиссёр, продюсер, экс-депутат, учурда Францияда Кыргызстандын элчиси болуп иштеп жаткан Садык Шер-Нияз бар. Ал «Сагымбай манасчы” фильми тууралуу… “Курманжан датка” фильмин кандай кыйынчылыктар менен тартканын эскере келип: “Бул заманда фанаттар кино жаратып келе жатышат. Ошол фанаттардын бирөөсү Эрнест Абдыжапаров. Кинону көрө элекмин, бирок, ишенем Эрнест Абдыжапаров каражаттын жетишпегенин чеберчилиги менен колунан келишинче «жамады» го деп.

Биз өзүбүздү өзүбүз сыйлабайбыз, бирок кошуна өлкөлөр, ошол эле казак туугандар кыргыз киносу жөнүндө эмне деп жатканын тыңдап көрчү, бурадар.

Анан мамлекеттин чоң кызматынын башында туруп, аябагандай каражат бөлдүрүп берип ошол каражат ашып-ташып жаткансып, кинонун «бет ачарында» текеберленип маданият адамынын шагын сындырып сүйлөө бул эң кеминде жосунсуз окуя. «Мен жеке оюмду айтып жатам» деп. Мен да жеке оюмду айтып коюумду туура көрдүм. «Бет ачаар» эмей эле «Бетке чабаар» кылыпсыңар!

Биринчи кезекте киночуларды кантип көтөрүү жолун ойлонуп, мамлекеттик механизмдерди ойлоп таап, кошуна мамлекеттердин канча каражат бөлүп берип жатканын сурап билип анан сөз сүйлөсөк, мүмкүн ушул жарыбаган тыйын менен кино чыгарма жасап жүргөндөрдү биринчи кезекте «кордоо» эмес «сыйлоо» керек болуп жүрбөсүн.

Киночуларга айтаарым, эч нерсеге муюбай, кадимкидей кайрат менен жолубузду улай берели, убагы келгенде эмгегиңерди эл баалайт», — деп жазды.

Эдил Байсалов кыргыз киносуна, анын ичинде тарыхый инсандарга арналган көркөм тасмалар боюнча жүйөлүү ой-пикирлерин мамлекеттик кызматка келгенге чейин да кымырынып-кымсынбай айтып келген. Өз учурунда ошол эле Садык Шер-Нияздын «Курманжан датка» фильми тууралуу: «Жаман фильм эмес. Жарайт. Бирок…», – деп келип, фильм баары бир ойдогудай чыкпай калганын, айрыкча Камчыбекти дарга асаардагы эпизод 1990-жылдарда тартылган роликтин деңгээлине жетпей калганын өкүнүч менен белгилегени бар. Андан ары оюн улай, бизге улуттук кино керектигин баса белгилеп айтканы эсибизде.

Туура, бизге улуттук кино керек. Кыргыз мамлекети өзүнүн кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жатат. Мына ушундай тарыхый кырдаалда көрөрмандарды толкундатып, жүрөгүнө жан киргизген тарыхый тасмалар жаралып, өсүп келаткан муунга руханий-эстетикалык таасирлерди калтырса, алардын адам катары калыптанышына түз да, кыйыр да себепкер болору талашсыз.

Бизде тарыхый тасмалар саналуу. Алардын бири Исхак Раззаков тууралуу. Албетте, режиссёрдун И.Раззаковду адам катары, мамлекеттик ишкер катары бейнесин ачууга жасаган аракетин колдосо болот, бирок өтө эле примитивдүү эпизоддор аз эмес. Айталы, И.Раззаков иш сапары учурунда бир ашканадан тамактанып, анын акчасы төлөнбөй калганын орто жолдон эстеп артка кайрылып баргандыгы тууралуу эпизод бар. Режиссёр муну менен И.Раззаковдун ак ниет, чынчыл, мамлекетке кара санабаган адам болгонун чагылдыргысы келет. Бирок, өзүңүз деле калыс болуңуз, ошол ичкен бир чыны шорпо үчүн мамлекеттин 10 литр бензинин коротуп машинаны айдаттырып баратканы акылга сыябы? Бул бир. Экинчиден, жетекчинин ар бир минутасы эсептелүү эмеспи. И.Раззаковду алдыда бир чыны шорпого төлөнбөй калган акчадан да маанилүү иштер күтүп турган да. Бир караганда жөнөкөй эле нерсе. А режиссёр мунусу менен И.Раззаковду даңазалабай эле, катардагы пенденин катарына кошуп койгон.

Садык Шер-Нияз режиссёрлук кылган «Курманжан датка» фильминде да көрөрманды кыжалат кылган, башка улуттагы көрөрмандар кандай ойдо калат болду экен дегенчелик улуттук намысты кытыгылаган эпизоддор жок эмес. Анын бири зына менен байланышкан эпизод. Тарыхый тасма үчүн буга окшогон турмуштук майда-бараттардын алдыңкы планга чыгып кеткени өкүнүчтүү. Аталган тасмада Алымбек датканын образы ачылбай калганын айтпаганда, актёрлорду тан-доодо да каталыктар кеткен.

Эрнест Абжыпаровго келсек, Сагымбай тууралуу киносу анын үчүнчү тарыхый көркөм тасмасы. Ал ортодо Жусуп Абдырахманов тууралуу документалдык фильм тартканга да жетишти.

Садык Шер-Нияз демилгени колго алып «Курманжан датка» көркөм тасмасын тарткан соң, намыстанышкан топ 2014-жылы Шабдан баатыр тууралуу фильм тартабыз деп билектерин түрүнүп, аны тасмага түшүрүүнү Эрнест Абдыжапаровго сунушташканы белгилүү. Фильмдин бюджети 80 миллион сом болуп, мамлекеттик казынадан бөлүнүп берилмек. Финансы министрлиги 2014-2015-жылдары 20 миллион сом бөлүп, кино тартабыз деген топ анын 11,5 млн. сомун кино тартуучу топтун айлык акыларына жумшап, кино тартуу иши ошону менен токтоп калган. Картина директорунун эсебиндеги 8,5 млн. сом бюджетке кайтарылган.

Шабдан баатыр жөнүндө көркөм тасма тартуучу топ ошону менен тынчып, бул долбоордун демилгечилеринин бири да аны аягына чыгаруу маселесин көтөргөн эмес.    

Түпкүлүгүндө Эрнест Абдыжапаров жаман режиссёр эмес. Аябагандай эмгекчил. Бардан жок кылып 20га жакын көркөм тасма жаратты. Арасында мыктылары да бар, ийине жетпей калгандары да арбын. Мисалы, Э.Абдыжапаровдун «Айыл өкмөтү» көркөм тасмасын көрөрмандар аябай жылуу кабыл алышкан. Аталган тасма чынында мыкты тартылганбы? Арийне, жок. Режиссёр аны калктын кеңири катмары үчүн кызыктуу болсун үчүн этек-жеңи желбиреген арзан баа эпизоддорду кошуп ийген. Ошондой эпизоддордун бири «Айыл өкмөтүндө» келинине кеби өтпөгөн кайнене милиционерге кайрылып, «Балам, келинимди коркутуп койчу» деген жери. Кайнене аны жаман ою менен деле айтпаса керек, а милиционер болсо, ычкыры бош неме, кайненеге эшикти кайтартып коюп, өз ишин жасап кете берет.

Айтор, «Айыл өкмөтү» тасмасындагы каармандарга ичиң тойбойт. Кинону көрүп бүтүп, элет жергесинде жалаң апендилер, кайсарлар, Кудайдан жөө качкандар жашайбы деп ойлойсуң.

Албетте, мындай тасмалар эл аралык кинофестивалдарында жогору бааланып, чоң сыйлыктарды да алышы мүмкүн. Бирок, кыргыздын элет турмушунан алда канча алыс тасмалар элет адамынын элесин бере албайт, тескерисинче элет адамын шылдыңга алат. Улуттук ар-намыска тиет.

Режиссёр Актан Арым Кубаттын «Маймыл», «Бешкемпир» көркөм тасмаларында да кыргыз турмушунан алыс, арзан баа эпизоддор кездешет. Режиссёр аны батыш кино көрөрмандары үчүн, экзотика катары тартканын түшүнүп, турмушубуздагы майда-барат нерселерди алдыңкы планга чыгарып, улуттун улуулугун ошол арзан баа эпизоддорго тебелетип салганы үчүн кыжырың келет. Кыргыз режиссёрлору улуттук намыска тийген эмес, улутту даңазалаган көркөм тасмаларды качан жаратат болду экен деп ойлойсуң.

Тарыхый тасма тартуу тамаша эмес. Бул үчүн чоң даярдык керек. Кинорежиссёр катары тажрыйбасы, чеберчилиги аздык кылат. Ал эл тарыхын билбесе, элдин нарк-насилинен, руханий баалуулуктарынан кабары болбосо, улуттук ар-намыс көкүрөгүндө саатка окшоп чыкылдап согуп турбаса, андай адам тарыхый инсандарды тасмага түшүрүүдө сөзсүз кемчилик кетирет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

0 Поделились