Талайбек АСАНОВ: «Аймактар өнүксө – мамлекет өнүгөт»

Кемин районундагы Кызыл Октябрь айыл өкмөтү бир эле Сары өзөн Чүй өрөөнүндө эмес жалпы кыргыз жергесине аттын кашкасындай таанылып калган аймактардын бири. Анткени бул аймакта калкынын социалдык-экономикалык жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн ар качан чоң долбоорлор аракетте болуп, алардын үзүрү ийгиликтер менен кайтууда. Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө 4833 калк жашайт. Аймакта жашагандардын басымдуу бөлүгүн кыргыз улуту түзгөнү менен орус, дунган казак, татар, карачай, немис улутундагы адамдар бир ата-эненин балдарындай ынтымактуу жашашат. Бул айыл өкмөттүн карамагына Кызыл Октябрь, Ак-Бекет, Кашкелең, Жел-Арык, Ударник, Дорожный, Саз-Булак, Чолок, Кыз-Күйөө айылдары кирет. Аймактын эли негизинен мал чарбачылыгын, дыйканчылыкты өнүктүрүү менен алектенишет. Биз сыймык менен аты аталган Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө болуп, аймактагы ийгиликтер менен тааныштык. Аймакты учурдун талабына шайкештирип, жаңы жетишкендиктердин өбөлгөсү болгон инсандар менен баарлаштык. Жергиликтүү кеңештин төрагасы Көчөров Элдияр Майрамбекович, төраганын орун басары, спорт чебери, КРнын эмгек сиңирген машыктыруучусу, билим берүүнүн жана дене тарбия, спорттун отличниги Кутепов Виктор Алексеевич, социалдык суроолор боюнча жетектөөчү адис Рысалиева Бактыгүл Асановна, айылдык кеңешинин депутаты Алыбаев Садыр Жекшенович  аймактагы болуп жаткан жетишкендиктер туурасында айтып беришти. Айыл өкмөттүн башчысы Асанов Талайбек Алымсеитович башкаруу бийлигинде такшалып калган, камкор, чарбачыл жетекчи. Аны  менен болгон баарлашуубузда калк жашоосунун жакшыруусу, элеттеги ийгиликтер тууралуу сөз болду.

– Талайбек мырза, сиз башкарган  аймакка тиешелүү айылдарды өнүктүрүү үчүн эмнелер менен алек  болуп жатасыздар?

– Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн өнүгүүсү боюнча иш-пландарыбыз иштелип чыккан. Иш планыбыз  31 пункттан турат, анын ичинде айыл-чарба тармагы боюнча 4, социалдык тармак боюнча 1, жакшыртуу  тармагы боюнча 3, спорт жана туризм тармагы боюнча 1 пункттан турду.  2022-жылдын 1 кварталына орто мектептин чатырын алмаштыруу жана мектептеги спорт залды ремонттоо үчүн  418 000 сом бөлүнгөн. Буюрса 1-сентябрга карата бул иштер даяр болуп калды. Ак Бекет  айылынын орто мектебинин  ички суу түтүктөрүн  оңдоо иштерине 355 000 сом бөлүнгөн, азыркы учурда колдонууга өттү. Ак-Бекет айылынын  орто мектебине  278 000 сомго спорт жабдуулары алынды. Ал эми Кызыл Октябрь айылындагы спорт аянтчасына  87 300 сомго спорт жабдыктарын сатып бердик. Кы зыл Октябрь айылындагы орто мектебинин жылытуучу меши 1 000 900 сомго алмаштырылып  берилди жана китепкана 300 000 сомго толук  оңдолду.

Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн чоң  айылдарынын бири Кашкелең айылы. Бул айылда бала бакча  жок болчу, АРИС программасы тарабынан 23 000 000 сом, айыл өкмөт тарабынан 10 500 000 сом  бөлүнүп берилген эле. Азыр курулуш иштери аяктап, азыркы учурда  бала бакчаны 1-сентябрдан баштап ишке киргизип, бөбөктөрдү кабыл алдык. Андан тышкары,  бала-бакчага  100 000 сомго оюнчуктарды, мектепке 107 300 сомго  идиш-аяктар алынып берилди.

Ак-Бекет айылында 1960-жылы курулган бала-бакча  бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет. Биз ал бала бакчаны 100 орундуу кылып жаңы имарат менен толуктайлы деп имарат салдыруу үчүн тиешелүү документтерди даярдап койдук. Жаңылантуу иштери кийинки жылга пландалып жатат. Кызыл Октябрь жана Кашкелең айылдарындагы суу түтүктөрү эскилиги жеткенине байланыштуу оңдоо үчүн 600 000 сом бөлүндү. Бүгүнкү күндө Ак-Бекет айылынын  суу түтүктөрүн алмаштырып жатабыз. Тагыраагы  4560 метр  суу түтүктөрүн пластик түтүктөрүнө алмаштыруудабыз. Учурда бул жумуштун 70 пайызы аткарылып калды. 7 млн. 950 миң сомго иш жүрүүдө. Саз- Булак айылынын таза суу жеткирчү түтүктөрүн алмаштырып, ичүүчү жана сугат суу маселелерин чечип бердик.

Кызыл Октябрь айылына 25 000 000 сом бюджеттен акча  бөлүнгөн жана учурда спорт комплекси курулуп жатат. Кашкелең айылындагы спорт комплексибиздин имараты курулуп бүттү. Эми үстүбүздөгү жылдын 4-кварталында ачылып, айыл элине кызмат кылат. Өкмөт тарабынан каржыланган электрондук китепкананы ачуу боюнча дагы иштер жүрүүдө. 2 кабинетти 750 000 сомго оңдоп, жакынкы учурда 15 компьютер менен камсыз кылабыз.  Кызыл Октябрь айылынын мектебинин ашканасына 150 000 сомго жаңы электрплиталары коюлду. Айылыбыздагы медициналык борбордун ички оңдоо иштерин 250 000 сомду түздү. Кыз-Күйөө, Чолок, Жел-Арык, Дорожный деп аталган 4 айылдан 156 бала Кызыл Октябрь айылына ар күнү келип билим алышат, балдар үчүн 6 250 000 сомго 33 орундуу автобус сатып алып бердик.  Бул маселе көптөн бери чечилбей келе жаткан. Бүгүнкү балдарды кубанычка бөлөгөн жаңы автобус графиги менен иштеп жатат.

2021-жылы элибиздин каалоо-ти-лектерин ишке ашырып, машина-трак-тордук станция ачканбыз. Ал жерде 2 комбайн, 3 трактор бардык жабдыктары менен алынган. Анда дагы жүгөрү кургаткычыбыз бар. Техниканы колдонуу үчүн тарифтери фермерлерге ыңгайлуу кылып бекитилген.

– ФПСтин жерлерин кандай пайдаланып жатасыздар?

– Биздин фондубузда 628 га жер бар.  Мурдагы аренданын баасы 600 сомдон 1000 сомго чейин болсо, азыркы учурда 10 000 сомдун тегерегине чейин чыгып жатат. Азыр жер иштетүүнү каалаган адамдар көп болгондуктан суроо-талаптар жогору болууда. Ал эми айыл  өкмөтүбүздүн бюджети  2013-2014-жылдары 5-6 миллион сомду түзсө, азыр 90 миллион сомду түзүп жатат. Бул дагы аябай чоң көрсөткүч.

– Эгемен элибизге каалоо-тилек-териңизди айта кетсеңиз?

– Дүйнө жүзүндө асманыбыз ачык болсун. Кыргыз элибизге токчулук, молчулук, тынччылык каалайм. Өлкөбүз бай мамлекеттердин катарына кошулуп, эч нерседен кем болбой, бакубат жашоодо, бактылуу өмүр сүрүшсүн.

Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин төрагасы Элдияр КӨЧӨРОВ: “Техникаларыбыз көбөйүүдө”

– Элдияр мырза, айылдык кеңештин төрагасы катары кандай иштерди жасап жатасыз, кененирээк токтоло кетсеңиз?

– Азыркы учурда Кызыр Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштарда таза суу көйгөйлөрү чечилип жатат. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан мекендештерибизге ыңгайлуу шарттар түзүлсүн деген максатта айыл өкмөттүн курамы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары биргеликте көптөгөн иштерди жасап жатабыз.

Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн имараты ушул убакытка чейин такыр эле жок болчу.Буюрса, тендер өткөн, эми айыл өкмөттүн имараты салынганы турат. Ошондой эле айыл өкмөтү менен бирге элге жаңы   таштанды ташуучу КАМАЗ, манипулятор  сатып алдык. Алар жакынкы күндөрү иштеп баштайт. Экскаватор, Хова техникалары келип, буюрса турак-жай коммуналдык чарбабыздын иштери жакшырат.

Мындан сырткары “Алтынкен” компаниясы тарабынан бөлүнгөн фонд аркылуу дыйкандардын айдоо жерлерин сугарганга жардам иретинде 1 300 000 сомго арыктар салынды. Негизги максатыбыз элге жакшы шарт түзүп берүү болгондуктан тыным албай маселелерди чечип жатабыз.

– Жергиликтүү кеңештин депутаты болгонго чейин кандай иштер менен алектендиңиз?

– Бул кызматка чейин жеке ишкерлик менен алектенгем. Кемин райондук ички иштер бөлүмүндө  кызматкер болуп эмгектенгем. Андан соң үй-бүлөлүк шарттарга байланыштуу милиция кызматынан кеткем. Жергиликтүү кеңешке шайлоо жүрүп жатканда айылдык жаштар колдоо көрсөткөнү үчүн депутат болоюн деген чечимге келдим.  Депутаттык кызматка келгенимдин себеби элге ак кызмат кылуу, элдин көйгөйүн чечүү. Кудайга шүгүр, аймагыбыз кубаттуу болуп бара жатат. Аймагыбызда “Алтынкен”, “Датка Кемин” ишканалары бар. Аларбиздин негизги сүрөөнчүлөрүбүз катары жардам беришет. Андан тышкары, күжүрмөн элибиз соода-сатык иштери менен алектенишет. Ар бир айылыбызда жакыр жашаган адамдарыбыз бар, аларга жумуш ордун түзүү биздин милдетибиз.

Кызыл Октябрь айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси Бактыгүл РЫСАЛИЕВА: “Муктаждарга  жардам беребиз”

– Ушул жылдын жай айында биздин аймагыбыздагы айрым айылдарда табигат кырсыгынын айынан үйлөр материалдык чыгымдарга учурады. Табигый кырсык Ударник айылында болду. Эки үй бүлөнүн үйүн сел алып кетти. Ал үй-бүлөлөрдүн экөөндө тең мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарыбыз жашайт. 1-топтогу майып адамдын үй бүлөсүнө 100 000 сом тапшырылды жана үйдүн оңдоо иштерине 70 000 сом берүү туурасындагы чечимди депутаттар кабыл алышты. Ал эми экинчи жабыр тарткан үй-бүлөнүн үйү жарактан чыккан. Алар башка батирге көчүрүлүп, 200 000 сом жардам көрсөтүлдү. Азыркы тапта жаңы үй курулуп жатат. Курулуш иштерине дагы 138 000 сом бөлүнөрү каралууда. Ал эми селден жабыр тарткан үчүнчү үй- бүлөгө 100 000 сом жардам берилди.

Ошондой эле социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөргө ар тараптуу жардам  берип келе жатабыз. Биздин бюджетибиз быйыл 800 000 сом менен толукталды. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү  чектелген тургундарыбызга 100 000 сомго чейин жардам беребиз. Томолой жетимдер жыл сайын жай мезгилинде лагерге жөнөтүлөт. Биздин айыл аймагыбызда 14 томолой жетим бала каттоодо турат. Аларга бюджеттен 165 000 сом  бөлүндү. Бул каражаттан студенттердин контрагын төлөп, майыптыгы бар адамдарга көмүр алып бердик жана башка жардамдар берилди. Бала бакчаларда дагы бюджеттик орундар бар.  Учурунда 8 бюджеттик орун болсо азыркы убакта ал 30 орунга жетип жатат. Календардык майрамдарда белектер, сыйлоо иштери уюштурулуп, материалдык жардамдар көргөзүлөт, мектептердеги иш-чараларга да акча бөлүнөт.

Ар жылы 9- май күнү “Өчпөс полк” иш чарасы  өт-көрүлөт. Бул күнү жаштарыбызды мекенди сүйүүгө багытталган патриоттук маанайдагы иш чаралар уюштурулуп, эсте калаарлык окуялар өткөрүлөт. Ошону менен катар депутаттарыбызга социалдык колдоо боюнча кандай иш чараларды уюштуруу маселелерин көтөрүп чыксак дагы дайыма колдоп беришет.

Ал эми айыл өкмөтүбүз боюнча жакыр үй-бүлөлөр 4%ды түзөт. Тагыраак айтканда, жыл башында жакыр жашаган 31 үй-бүлө болсо, азыр 36 үй-бүлө болду.Бирок жакынкы мезгилде жакырчылык туткунунан чыга тургандары да бар. Аларды жумушка орноштуруу маселери каралып жатат. Жакырларга жардам көрсөтүү иретинде ортобузда мал бар. Аны жакыр үй-бүлөлөргө жардам катарында беребиз. Азыркы учурда жардам алган 5 үй-бүлө бар.

КРнын эмгек сиңирген тренери, жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары Виктор КУТЕПОВ: “Максатыбыз – эл үмүтүн актоо”

–  Эл ишеними артылгандан кийин алардын ишенимдерин актоо менен алек болуп жатабыз. Биз элдин үнүн угуп, алардын сунуштарын бюджетке киргизип четинен аткарып жатабыз. Аймагыбыздагы бий кружогунун жамааты жакында эле Москва шаарына барып, Эл аралык кароо-сынакта биринчи орунду багындырып келишти. Түркия мамлекетинде болуп өткөн 5-Ислам оюндарына катышып, байгелүү кайткан айылдашыбызга чоң колдоолорду көрсөттүк. Аймагыбыздагы таланты, жөндөмү бар жаштарыбызды колдоого алып, алды жакка жетелеп туруу бизде салтка айланган жөрөлгө. Биздин депутаттар бардык чөйрөлөрдө активдүү иштерди алып барышат. Кечээ жакында эле мектептерди жаңы окуу жылына карата абдан жакшы деңгээлде даярдадык. Учурда аймак элинин жашоосун жакшыртууга багытталган көптөгөн иштер жүрүп жатат. Кечиктирилгис маселелерди алдыда бүтүрүүгө аракеттерди жасап жатабыз. Азыр биздин аймактагы мектептер, бала бакчалар кыш мезгилине даяр, кампаларыбызга таш көмүрлөрдү жыйнап койдук. Эрте даярдап койсок элдин дагы санаасы тынч эмеспи. Эң негизгиси, элибизге мыкты шарттарды түзүп берүү биздин милдеттерибиз. Жакында эле айыл сыртында пайдаланылбай бош жаткан 2 гектар жерибизди иштетип, жаңгак багына айланттык. Жаңгак дарагынын көчөттөрүн отургузуп, ал жерге суу жеткирип, айланасын курчап, көп аракеттерди жасадык. Аракеттерибиз үзүрүн берип, азыр жаңгак багы өнүп жатат. Ушул иштин башында кесиптешибиз Садыр Жекшенович туруп, анын демилгеси менен ушул иштер бүткөрүлдү. 

Президент Садыр Жапаров маданиятты, спортту катуу колдоп жатат. Мамлекетибизди мамлекет катары таанылта турган маанилүү тармактар ушулар эмеспи. Ошондуктан биз жаштарыбызды келечекте чоң ийгиликтерге жетишип, дүйнөгө таанымал инсандардан болуп калууларына себепчи болсок деген максаттарыбыз бар.

Кызыл Октябрь  айылдык кеңешинин депутаты Садыр АЛЫБАЕВ: “Иштерман адамдан иш качпайт”

– Мен өзүм ушул айылда туулуп,өскөм. Киндик каным тамган айылымдын өсүп, өнүгүүсү үчүн ак дилимден кызмат кылуу атуулдук парзым деп билем. 

Айыл аймагыбызда негизинен 9 айыл бар. Айыл өкмөтүбүздөгү айылдардын көлөмү чоң жана калктын саныдагы көп. Эл бизге ишенип, шайлагандан кийин бардык  суранычтарды аткаргыбыз  келет жана  дайыма элдин талабын талашабыз. Көпчүлүк убакта ар кандай жагдайлар болот. Урушуп-талашкан убактарыбыз дагы болбой койбойт. Бирок ошого карабастан колдон келишинче жакшы иштерди жасап жатабыз деген ишеничтемин.

Айыл өкмөт башчысы Талайбек мырза жана депутаттар бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз. КРнын Өкмөтүнө жиберген долбоорлорубуз аябай көп. Алардын ичинде жумушсуздук маселелери жана жакырчылыкты азайтуу  максатында жасала турган иштердин тизмелери бар.

Негизинен  күн сайын 9 айылдан 9 маселе чыгат, ошолордун ар бирине токтолуп, чечкенге болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Бул нерсенин баарын  айыл өкмөтү менен биргеликте кеңешип бюджетти бөлүштүрөбүз. Албетте, ар кайсы жактан колдоп турган ири компаниялар бар. “Алтынкен”, “Кеминдатка” ишканалары, айтылуу Жибек Жолунун жээгиндеги бизнес мекемелери биздин айылыбызга караштуу болгондуктан, киреше бөлүгүбүз жакшы. Жайында биздин аймакка караштуу айылдарда табигат кырсыктары катталды. Сел жүрүп, айрым үйлөрдү каптап кетти. Кыз-Күйөө айылындагы көчкү адам өмүрлөрүнө коркунуч туудуруп, жаңы салынган көпүрөнү алып кетти.

 Жакын арада болуп өткөн табигый кырсыктан жабыркагандарга дагы колубуздан келишинче жардамыбызды бердик. Эң башкысы, ынтымак жана пландуу иштесек эле өлкөбүздү өнүктүргөнгө аз да болсо салымыбызды кошобуз.

Ошентип Кемин районундагы ар тараптан ийгиликтүү өнүгүү үчүн таасын-так иштерди жасап жаткан Кызыл Октябрь айыл өкмөтүндө болуп, жакшылыктардын себепчиси болгон инсандардын кептерин угуп кайттык. Айыл өкмөт башчысы Асанов Талайбек мырза жалпы Кыргызстан боюнча жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тармагында сиңирген өзгөчө аракеттери менен таанымал болгон инсандардын бири. Ал жетектеген аймактын өзгөчө жаратылыш ландшафты, жер байлыктары, экономикалык ыңгайлуу шарттары инвестициялык кызыкчылыктарды ар качан жаратып келет. Ошого жараша иш билгилиги, зор адамкерчилиги менен эл кадырлоосуна ээ болгон Талайбек Алымсеитовичтин жана айылдаш агайын-туугандардын аракети менен Кызыл Октябрь айыл өкмөтү алдыңкы айыл өкмөттөрдүн катарында турат.

Бакубат жашоодо, заман агымынан калышпай, алдыңкылардын катарында боло бериңиздер, кызыл октябрлыктар!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

0 Поделились