Кыргызстандыктар төрт күн эс алат

Кыргызстанда 1-сентябрь күнү Курман айт майрамы белгиленерин Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Буга байланыштуу кыргызстандыктар 31-август — Эгемендик күнүнөн баштап төрт күн эс алышат.

Майрамга карабай, 1-сентябрда мектептерде Билим күнү белгиленип, чогулуш жана класстык сааттар өтөрүн Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Мектептерде сабактар 4-сентябрда башталат.