Садыр Жапаровдун иши каралат

Камактагы экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кароону Бишкек шаардык соту бүгүнкүгө белгилеген.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2-августта Садыр Жапаровду Кылмыш кодексинин 113 (адам өлтүрүүгө аракеттенүү), 341 (бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) жана 234 (бейбаштык) беренелери боюнча толук актап, 227 (бийлик өкүлүн барымтага алуу) беренеси боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Аны 11 жыл 6 айга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кескен. Жапаров сот чечимин бийликтин буйругу деп атаган, адвокаты Бишкек шаардык сотко кайрылган​.