БШК: Бекназаровдун кол топтоо барагы текшерилди

“Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.А. Бекназаровдун кол топтоо барактарын БШК текшерди. бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, талапкер А.Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 56 439 колу түшкөн.

Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 5 014 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 25 070ти түздү.

Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык 31 369 колдор анык деп табылды.