Жайыл районунда террорчулукка каршы операция өттү

Чүй облусунун Жайыл районунда террорчуларды кармоо боюнча атайын иш чара болуп өттү. Бул тууралуу  УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта иш чара боюнча толук маалымат берилген жок. Анткен  менен айрым ЖМКдын маалыматына ылайык, атайын операциянын жүрүшүндө эки кылмышкер жок кылынган жазылууда. Бардыгы болуп канча кылмышкер экендиги азырынча белгисиз.