Оштогу таштандыдан табылган башсыз дененин өздүгү такталып, шектүү катары келини кармалды

Ошто таштандыдан башы жок табылган маркумдун өздүгү такталды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылынын тургуну 1966-жылы туулган Арзыбаева Жумагүл Боронбаева болуп чыкты. Учурда анын өлүмүнө шектүү делип келини 1990-жылы туулган У.А жана анын бир тууган эжеси 1980-жылкы Г.К кармалган. Учурда териштирүү иштери уланууда

Эскерте кетсек, 27-август күнү Ошто таштандыдан башы жок адамдын денеси  табылган.