Президенттин Ошко болгон иш сапары аяктады

Президент Алмазбек Атамбаевдин Ош облусуна болгон бир күндүк иш сапары аяктады.

Иш сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы жаратылыш кырсыгынын кесепетинен жабыр тарткан Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун жашоочулары менен жолугушту.

Президент ошондой эле Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылындагы А.Молдоболотов атындагы оорукананын ачылыш аземине катышты.