Россиядагы Кыргызстандык беш адам жабыр тартып, бирөө каза болгон унаа кырсыгы болду

Россиянын Пенза облусундагы жол кырсыгынан бир аял каза болуп дагы бешөө жабыркады. Бул тууралуу КРнын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирди.

 

Маалыматка ылайык, алардын бардыгы Кыргызстандыктар болгон. Учурда элчилик жабыркагандардын жакын туугандарын табуу үчүн атайын билдирме жөнөттү.

Полициядан билдиришкендей, эки унаанын тең айдоочусу Кыргызстандын жараны, бирок буга чейин алар бирин-бири таанычу эмес.