Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ошол бойдон отургандардын бири да унчукпай, Касен табыптын бар кыймылынан көз албай отурушту.

Касен табып колун шашпай жууп, арчып кургатып болуп, Сайранын жанына сыўар тизелей калып, тамырын кармады.

Муну баятан бери көздөрүн жумуп жаткан Сайра өзү да сезип, оорусуна кандайдыр бир шыпаа күтүп, жансоога сурагандай аста кыўкыстап, көздөрүн бүлбүлдөтө ачып, Касенди жалдырай тиктеди.

Аны көрүп отурган кемпирлердин бири Сайраны аягандай да, Аллага тобо келтиргендей да шыпшынып жиберди.

– Алда неден катуу коркуп калыптыр, — деди көпкө чейин тамыр аркылуу Сайранын акыбалын “тыўшап” отурган табып. – Катуу…

– Ботом, чоў эле катын эмнеден коркот? – деп ийди жанагы шыпшынган кемпирге тириле түшкөндөй.

– Кызмончок бирдеме кылган жокпу? – Асанбү адатынча жоолугун кулагына кыстара салып, суроосуна жооп күткөндөй отургандарды тегерете карады. – Өчөшүп, бирдеме кылышы мүмкүн да?

– Ким билет, – дешти бир-экөө.

– Алымкандыкында отуруп эле ушинтип калыптыр…

– Укмушуў кур! Заматта дудук болуп калган эмеге тил бүтүп, куландан соо турган бу бечара ушинтип калганы жөн эмес! Ошол катын бирдеме кылган жокпу ыя? Кызмончокко болушуп?!

Касен табып Алымкан тууралуу сүйлөгөн аялды бир акшыя карап алды эле, тигил тилин жутуп алган немедей, андан аркы кебин ичине жутуп, какай түштү. Ошо аялдын айтканы жөндүү сыяктуу, ортодо тынчтык өкүм сүрө калды.

Касен табып баш бармагы, сөөмөйү менен Сайранын улам бир көзүн ачып, болгон окуянын чоо жайын көрүп жаткансып, каректерге үўүлө тиктеп, андан кийин гана:

– Дем салышым керек. Ананыраак… – деди чарчаўкы.

– Каке?! – ананкыга күтө албачудай ыргып-секирип тура калды Абылай. – Каке?!

– Ботом, акем кичине эс алып, тамак-аш ичип алсын! – табыпка жан тарта унчукту бирөө. – Жеўем да баятан бери издеп келип жатат. Анын үстүнө…

– Ооба, айланайын, дем салыш эле оўой иш эмес, тамак-аш ичип, оозуна наар алып албаса… ага да дем күч керек! – шыпшына берчү кемпир коштоп кетти.

Касен табып үйүнө кетти.

Уйларын чала-була саай коюп, буларды карай шашкалактап келе жаткан аялы алдынан чыкты.

– Уктуўбу?! – деди эки колун артына алып, эч нерсе болбогондой шартылдап, шайдоот басып келе жаткан күйөөсүнө бүшүркөй карап.

– Эмнени? – анын эмне тууралуу айтып жатканын түшүнүп, билип туруп эле ушинтип койду табып.

– Сага айтышкан жокпу?!

– Жок.

Аялынын эмне тууралуу айтып жатканына анчалык деле маани бербегендей, деги эле аны менен бул тууралуу сүйлөшкүсү келбегендей “күўк” этип, өтүп кете берди Касен табып.

Аял ордунда аўкайып, кетип бараткан күйөөсүн карап турду да, артынан дикилдеп эрчий басты:

– Ай, бери кара?! Балаў тиги Кызмончокту катындыкка алам дептир! Ата-энем каршы чыкса, ошол бойдон кетем дептир?!

Ал Касенди адатынча артына “шарт” бурулуп, катуу ачуусу келгенден эки чыкыйынын тамырлары көөп, сары өўү кызарыптатарып кетет деп ойлогон. Бирок тигил деги эле эч нерсе болбогондой, мунун эч деле таў каларлык эчтекеси жоктон бетер кете берди.

– Апе-ей?! –аялдын кекиртегине ызадан бир нерсе кептеле түшкөндөй болду. Ансыз да уккандан эле эси эўгиреп, эмнени ойлоп, эмне кыларын билбей, алдастап жүргөн аялга бул ого бетер оор тийди. Баятан бери бир айласын табат, көкүрөк-көўүлүнө күтүүсүз келип, балакеттей жабышкан бул сары санаадан арылтат деп ишенип жаткан эринин булл мамилеси, чындыгында күтүүсүз эле.

Бечаранын болгон түшүнүгү, мүнөзү ошол болсо, кантмек эле? Касен табыпка келген күндөн тартып эле Алымканды күнүлөшүндөй көрүп, кызгана берчү. Эри үйүнөн эки кадам узары менен эле эси-дарты ээлик кылбай Алымкан тарапка жетелеп кетет. Катуу кызганычтан кээде өзүнө-өзү ээ боло албай, артынан дикилдеп кошо чыгып, аўдымай да адат күткөн. Бул үчүн экөө көп кырылышчу. Алагачкы күндөрү ала жипти эч качан аттабай турганын айтып, жакшы сөз менен жалынып-жалбарып, ошого ынандырыштын амалын кылса, кийин ызасына да, ачуусуна да алы келбей калган Касен табып колундагы камчысы менен тартып-тартып алган учурлары бар. Андайда бейжай неме ого бетер күчөп, ого бетер долуланып, ачуу айкырык салып, алардын эмне тууралуу урушуп жатканы бүт айылга угулуп турчу.

Ал эрин ушинтип жеўчү.

Элден-журттан уялган Касен бара-бара аялынын оозунан ак ит кирип, кара ит чыкканына кайыл, унчукпай коюп, же үйдөн аттанып кетип калып кутулууга өткөн. Алда кайда барып, көп нерсени ойлонуп, көп нерсени салмактап, саресеп салып, акыры ушуну эп көргөн табып үйгө кайтып келгенде да эч нерсе болбогондой: “Байбиче”, – деп жайдаўдап кирчү. “Койчу, ушул кыялыўды коюп жүрчү.

Балдарыбыз өзүбүздөй болгуча эле кызгана бересиўби? Кайдагы бир бала кездегини айтып… Ал бир өткөн-кеткен сезимдер. Ал азыр башканын аялы. Менин аялым – сен!” – деп жооткотчу. Ошондо да аялдын ажаандыгы тээ бир далайда барып күчүнөн кайтып, ачуудан кыпчылган таноолору жазылып, бетине канн жүгүрүп, өзүн бактылуу сезип, казан-аягын калдырттатып, дасторконун жайып калчу.

Бул учур Касен үчүн да, анын балдары үчүн да – майрам эле.

Бирок көп өтпөй эле баягы кайра башталчу. Эринин ойго батып, күрсүнө улутунганына, ичинен кандайдыр муўдуу кайрыктарды кайрып, кыўылдай калганына – мунун баарына жалгыз ошол Алымкан себепкердей сезилчү.

Касен табып каалагандай, андайда ал-жайын сурап, кабак-кашын карачу аял кайда? Эриндеги ошол дартты ырбатып жаткан да, айыктырып алар да өзү экенин эч түшүнчү эмес бечара.

Эми ошонун баарына кошул-ташыл – Алымканга тил бүткөнү аз келгенсип, Асандын күтүүсүз жерден эле Кызмончокту алам дегенин угуп, ансыз да араў жүргөн эменин асман-жери аўтарылып кетпедиби. Баятан бери Абылайдыкына он барып, он келди. Эшиктин түбүндөгү Абылайдан, жарданып карап отурган элден жазганып, аркы бөлмөдө Бектемирди дарылап, дем салып отурган эрине жете албай, эки көзү төрт болуп жүргөндө

эми карабайсыўбы!

– Акма-ак?! – жанынын бардыгынча чаўырды аял.

Жооп болгон жок.

Жолдон имерилип, жаўы эле короого кирген эрине алкынып жетип, жолун торой көкүрөгүнө асылып, алка-жакадан алып, жулкулдатты аял:

– Акмак! Акмак!

Касен аялынын билектерин капшыра кармап:

– Эмне?! – деди. – Эмне болду?!

Аял эринин көздөрүнөн абалкы жалпактаган Касенди эмес, алда неге бел байлагандай олуттуу, чечкиндүү, башка Касенди көрдү. Адашып, чоочун эркекти жулкулдатып алгандай оўтойсузданып, колдорун тартып алды. Анын кирбиўдей түшкөнүн көргөн Касен:

– Тамак берчи?! – деди.

Аял үйгө чуркап кирип кетти.

(Уландысы бар)

2 thoughts on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

  • Сентябрь 2, 2017 at 12:14 пп
    Permalink

    Саламатсыздарбы Кыргыз туусу редакциясы! Сураныч! Жыпар Исабаеванын»жыландын суйуусу» чыгармасын жумасына 2жолу жазып чвгарасыздар, Светка дагы оз убагында киргизип коюшунуздарды отунобуз. Ар дайым кечиктирип киргизесиздер. Чон рахмат.

  • Pingback: Жыландын сүйүүсү (3-китеп) - Кыргыз Туусу

Комментарии закрыты.