Бакыт СЕЙТАЛИЕВ, ырчы: “Билбейм кимди, бирок каттуу сагындым”

Кыргыз  эстрадасы, деги эле кыргыз музыкасы  улам жаңы ысымдар, жаңы ырлар менен толукталып турганы кандай жакшы. Бирок кеп алардын “санында эмес, сапатында” деген да жакшы теңдеме бар. Дегеним, ырдалып чыккан ырдын да, ырчынын да салмагын баалай тургандар  – эл жана мезгил. Келечекте кайсы ырчы жана кайсы ыр кыргыз музыкасынын, кыргыз искусствосунун казынасын толуктап, байлык болуп бере алат, кеп мына ошондо. Анткен менен элдин көзү көрөгөч. Эл жарышка түшөр талапкерди ээрге отурганынан эле сындап, анын түпкүлүгүнө баа берип коет. Бүгүн биз сөз кыла турган жаш обончу, аткаруучу, эстрада ырчысы Бакыт Сейталиев да биринчи эле жаздырган “Сен мени…” аттуу ыры менен телерадио угармандардын көңүлүн бурдуруп, ыры дароо угармандардын көңүлүнөн орун таба алды десек болот.

– Бакыт, алгачкы ырыңды чыгарарың менен чыгармаң угармандар тарабынан жакшы кабыл алынууда себеби эмнеде?

– Албетте, “эл – тараза, эл – сынчы”. Эгерде сиз айткандай, чыны менен эле ырыбыз угармандардын купулуна толуп жаткан болсо, анда чыгармачыл адам катары бактылуумун. Ал эми элге кандай чыгарма жагарын айтсак, менимче, чыгарманын сөзү, обону, аткаруучунун үнү, ырдоо чеберчилиги бири-бирине жарашып, бири-бирин толуктап турганы жакшы го.

Экинчиден, ар бир кесиптин ээси, анын ичинде ырчы дагы өзүнүн жасап жаткан, ырдап жаткан ишин жүрөгү менен сүйүш керек.

– Чыгармачылыкка болгон сүйүү дегенди кандай түшүнсөк болот?

Айтурган САТИЕВА, диктор: «Кыргыздар мурда: «Диним ислам, улутум кыргыз – деп эле жашап келген»

– Биринчиден, ал чыгармага өтө аяр, өтө жоопкерчилик менен, кылдат мамиле кылуусу керек. “Бак бир келет, бакпасаң кетип калат” дейт го. Кудайдан берилген талантты баалап, багыш керек деп ойлойм.

– Талантты ырчылар кантип багыш керек?

–Ал адам өзүндөгү талантты багыш үчүн, адегенде өзүнө кам көрүш керек. Мисалы, туура тамактануу, үндү көөнөртүп албаш үчүн кам көрүү – ысык-сууктан сактоо. Ошондой эле жан дүйнөгө руханий азык берүү – мыкты чыгармаларды окуу, угуу, эргүү, шык бере турган мыкты фильмдерди көрүү. Жакшы адамдар менен баарлашуу. Ошол эле убакта көкүрөк-көңүлгө келе калган канаттуу кайрыктарды бапестеп тосуп алуу.

– Ушул кайрык тосуп алуу деген кызык учур окшойт?

– Обончу үчүн кызык да, түйшүктүү да, бактылуу да учур ушул.

– Түйшүгү тууралуу айтып берсең?

– Продюсерим Жыпар Исабаева айтып калат: “Поэзиянын эргүүсү абдан тентек, анан эрке болот, ал учурду тандабайт”, – деп. Обончуларда деле ушундай. Кээде маршруттук автобуста тыгылышып кетип баратсаң бир сонун кайрыктар келип калат. Эми элестетиңиз, колуңуз кармоочто асылып, бир буттап араң турасыз. Антейин десеңиз, бул кайрыктар кайра кайталанып келбейт. Келсе да башкача болуп келиши мүмкүн. Ошондуктан, кандай ынгайсыз, кысталыш жерде баратсаң да уюлдук телефонду алып чыгып, кыңылдап ырдап, үндү жаздырганга туура келет.

– Муну жаныңда тургандар кандай кабылдашат?

– Таң калуу менен карашат. Күлкүлөрү келет да, албетте. Бирок сыртка чыккандан кийин эч нерсеге алмашкыс бакыт, дүнүйө таап алгандай кудуңдап, андан ары улантып кетмей…

– Ушинтип чыгарган обондоруң канча?

– Мм.. Сиз айткандай, кеп – санында эмес го, антсе да… он бешке жакын.

– “Сен мени…” деген ыр да өзүңдүкүбү?

– Жок. “Сен мени…нин” обону бир тууган жездем – Мыктыбек Ташматовго, сөзү Жыпар Исабаевага таандык.

– Бакыт, өзүң обон чыгарсаң, эмнеге башка обончунун тактап айтканда жездеңдин чыгармасын ат-

карып чыктың?

– Себеби, менин обондорум жаралганга чейин эле жездемдин бир канча ырын сүйүп, студенттик сахнада ж.б. жерлерде аткарып жүрчүмүн. Ошондуктан, биринчи ушул ырды ырдап чыгууну туура көрдүк.

– Өзүңдүн обондоруң менен угармандар качан тааныша алат?

– Кудай буюрса ушул күздө “Ыр куса” жана “Кеч күздө” деген эки чыгарманы угармандарга тартуулайлы деп жатабыз. Дагы он бештей обон турат. Аларды акырындан иштеп чыгып жаздырып кете беребиз деген пландар бар. Маселен азыркы учурда жогоруда айтылган “Ыр куса” деген чыгарманын оранжировкасын Эрнис Үмөталиев деген агабыз жасап жатат. Ал даяр болсо, анан угармандарга чекесинен обондорумду сунуштай беребиз деп ойлоп жатабыз.

– Студенттик сахнада дебедиңби? Кайсы окуу жайда окуйсуң?

– Мен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин театралдык көркөм өнөр бөлүмүн быйыл бүтүрдүм.

– Сен мыкты деп баалаган ырчылар, обончулар?

Назгүл АКУНОВА, ырчы: «Ийилдим, бирок сынбадым»

– Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаков сыяктуу залкар обончу-ырчылардын чыгармаларынан таасирленип чоңойдук да.

– Үй-бүлөң тууралуу? Кай жердин, кимдин уулусуң? Канча бир туугансың?

– Таластын Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынан болом. Атам – Нурдин, апам – Саа дат. Экөө тең чыгармачылыкты түшүнгөн, баалаган адамдар. Менин биринчи устаттарым. Атам да, апам да комузда кол ойнотуп, ырдайт. Төрт бир тууганмын. Эң улуу агам – Самат, колунан көөр төгүлгөн – кыз-келиндердин сөйкө,

шакек, билериктерин, чынжырчаларын, энелердин чачуштуктарын ж.б. жасалгаларын жасаган зергер, сүрөтчү, уста. Айылда турат. Андан кийинки агам – Талгат Сейталиев эрежесиз эр уруш боюнча спорт чебери, эжем Гулиза – колунан көөрү төгүлгөн тикмечи, уз. Жездем Мыктыбек – обончу, ырчы, мыкты музыкант.

– Өзүң бойдоксуң. Демек, жеке жашооңо кызыккандар көп болсо керек. Жүрөгүңдү багындырган сулуу барбы?

– Азырынча жүрөктү багындырган адам деле жолуга элек.

– Кандай кыздар жүрөгүңдү багындыра алат?

– Аялзатына тиешелүү жакшы деген сапаттарга ээ болгон, акылдуу кыздар багындыра алса керек. Чынын айтсам, өзүм деле так билбейм. Ошон үчүн “Ыр куса” деген чыгарманын башы “билбейм кимди, бирок каттуу сагындым” деген алгачкы сабы жүрөккө жакын. Же ал менин жан дүйнөмдү чагылдырат десек болот.

– Анткен менен алгачкы сүйүүлөр болгон чыгар?

– Албетте, мен жакшы көргөн, мен сыйлаган десем туура болот адамдар көп, бирок сүйүүгө жолуга элекмин.

– Демек, келечекте жолуга турган адам алгачкы сүйүүң болот турбайбы? Ошондо сени сүйүүнүн даамын тата элек деп билебизби?

– Кудайды көрбөсөң да, акылың менен тааны дегендей эле мындай сезим башыма келе элек болгону менен, ал нерсенин кандай экенин билем.

– Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз, Бакыт.