Ырчынын басып өткөн ырыстуу жолу

Учурда Баткен шаарында жашап жаткан, кезегинде А.Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрынын хорунун солисткасы болуп иштеп, маданиятка өз салымын кошкон Чынар Амираеванын өмүр жолу кызыктуу.

Ал Алайдын Арпа-Тектир айы­лында төрөлүп өскөн. Атасы мектепте тарых сабагынан мугалим болуп иштеп, Атай, Токтогул, Ыбырай  сыяктуу залкарлардын түркүн күүлөрүн черткен  бир айылдын сыймыктуу, даражалуу адамы болсо,  апасы элдик оозеки ырларды жатка билген, ар  бир оюулардын тарыхын айтып, узчулук өнөрдүн муундан муунга өтүшүнө салымын кошкон чебер айым болгон. 

Ырчылык талант Чынарга  атасы менен апасынан берилсе керек. Бала кезинен эле балдар менен тоого чыгып, тоо жаңырта көп ырдаганын айтат. Кийин мектепте окуп жүрүп да ар түрдүү иш-чараларга катышып, ырдап жүрүптүр.

Чынара онунчу классты окуп жүргөн кезде жашоосунда чоң бурулуш болду. Бүткүл дүйнөлүк музыка фестивалы Эстонияда өтмөк болуп, Кыргызстанда даярдык жүрүп аткан учур эле. Алтымыш кишиден түзүлгөн хорго киши жетпей, Ош педагогикалык институтунун музыкалык факультетинин деканы, хормейстр Токтомуш Турдумаматов баштаган топ, мектепте окуган таланттууларды издеп келишет.

Ырдай турган окуучулардын баарын чогултуп текшерип көрүшүп Чынар Амираеванын үнүн  жактырышат да, ата- энесинин уруксаты менен алып кетишип, алтымыш адамдан түзүлгөн хордогу альт үндүүлөрдүн катарына отургузушат.  Эки ай даярдыктан соң  драматург Мамат Жакыпов, акын Тазагүл Закированын коштоосунда Эстониянын Таллин шаарында  өткөн  фестивалга катышып, лауреат деген наамга ээ болуп келет.

Фестиваль бүтүп, мекенине келген Чынар Амираева жогорку окуу жайга тапшырууга үлгүрбөй калып, Улуттук опера балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга конкурстук негизде кабыл алынат.

Бирок, айылда өскөндүктөнбү, айтор, өзүн шаарга көнбөчүдөй сезип, окуу-дан баш тартып айылына келип, килем токуп, кол өнөрчүлүк менен алектенген апасына жардам берип жүрдү.

Акыры көкүрөгүндөгү таланты жанына жай бербей, кайра Фрунзеге келип, филармонияга барып студиянын жетекчиси Асанбек Жаркынбаевке жолукса:

– Кызым, сен окубайм деп кет­кениңден ордуңа, Айша Базарбаева деген кызды алып койгон элек, эми аны чыгарууга болбойт. Сенин талантыңды биз баалайбыз, окубай калбашың керек, – деп, опера балет театрынын студиясына жөнөтөт. Ал жерден студиянын жетекчиси Асанбек Үрүстөмов профессор Кеңеш Алиев, хормейстер Толик Шен,  Эсенбек Ибраевдер ырдатып көрүп жактырышып, жетимиш сомдук айлык менен хорго ырчы катары кабыл алышат.

Бул жерде жалаң дасыккан таланттар гана отурчу, студенттерди жолотчу эмес, бүтүрүүчү курстардан  чанда кабыл алышчу.

Ошентип, Чынар үчүн музыка дүйнөсүнө кенен жол ачылат.

Ал хордо ырдап гана эмес студияда окуп да жүрдү.

Сабактан тышкары белгиленген убакта хорго көнүгүүгө барып, башкалардай өзүнө өзү грим жасоону үйрөнөт.

Өзгөчө Болот Миңжылкыев өзүнө узун жасалма каштарды кошуп, көздөрүн узарта чийип кыздарды тамашага са-лаар эле. Өзүнүн музыкага болгон кызыгуусунан, эл менен мамиле түзө билгенинен Чынар хордун жамаатына тез аралашат.

Ал мезгилде таланттууларга чоң көңүл бурулар эле. Аларды таптап, искусствонун өнүгүшүнө салым кошушуна шарт түзүлчү. Андайлардын катарындагы Чынар жалаң атактуулар менен студиянын жатаканасында жашап жүрдү. Кошуна бөлмөдө Москвада кыргыз искусствосунун биринчи декадасында өз талантын көргөзүп, жылдызы жанган Сайра Чоткараева жашап, ар бир чет өлкөгө гастролдоп барганда сөзсүз Чынарга көргөн-билгендерин айтып берчү. Бул да болсо Чынарга дем, күч берди. Окууга болгон кызыгуусу артып, алтымыш адамдан түзүлгөн хордо ырдап,  ийгилик жарата алды. Чынардын талантын баалашкан мугалимдер өздөрүнун сын пикирлерин ачык билдиришээр эле.

Вокалдан сабак берген Сапар Исмаилов:

– Сен үнүңдү таптап солист болушуң керек, – деп арияларды аткарганда ооз ачканды көргөзүп, ар түрдүү көнүгүүлөрдү жасаганды үйрөтүп, чоң сахнага даярданууга үндөйт. Чынара окуусун улантып Кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык бөлүмүнө окууга өтөт. Бул окуу жайда да өзүнүн дилгирлигин көргөзө алгандыктан группанын старостасы болуп сабактарда да, коомдук иштерде да активдүү болуп жүрдү.

Абдыганы Эркебаев, Топчубек Тургуналиевдерден билим алып сыймыкка бөлөндү. Окуудагы жетишкендиктери акталып, эң жогорку стипендияга ээ болот. Ошол жылдары өзү окуган Кыз-келиндер педагогикалык институтунун алдында он төрт кыздан түзүлгөн Гүлбара Маматова жетектеген  вокалисттердин ансамбли ачылып, студенттердин арасынан таланттууларды тандоо болуп,  Чынар да   алардын катарына кирди. Бул ансамбль ар түрдүү салтанаттуу иш-чараларга, майрамдык кечелерге, “Көгүлтүр от” аттуу чоң масштабдагы концертке өздөрүнүн таланттарын тартуулашып, активдүү катышышаар эле.

Ансамблде кыргыз ырларын ырдап, улуттук аспаптарда ойноп гана тим болбостон, ошол кездеги он беш союздук республиканын элдеринин ыр-бийлерин да аткарышчу. Жалаң таланттуу кыздардан түзүлгөн ансамбль өз учурунун жылдызы болуп жанып, далайлардын кумирине айланган.

Окуп жүргөн жылдары  Б. Бейшеналива атындагы искусство институтунун мыкты ырдаган студенти, өзү да обон жаратып эл оозунда калган  Турдубай Карабаев деген жигит менен көңүлдөрү төп келишип беш жыл сүйлөшүп жүрүп турмуш курушуп бир уул, бир кыздуу болушту.

Окуу жылы аяктаган соң Баткенге  келишип, райондун борборунда орун алган маданият үйүндө иштей башташат. Келгенде эле маданият үйүнүн жетекчиси, Кыламидин Абдрахманов: – Жаш кадрларды көтөрүш керек деп,  Чынарды инспектор кылып алды. Ал кезде ырчы Саламат Садыкова ошол жерде методист болуп иштеп жүргөн чагы экен. Чынар менен Турдубайды жылуу кабыл алып, өзүнүн кеп-кеңешин берет.

Эртеден кечке райондук, облустук, шаардык конкурстарга, Нооруз майрамына концерттерди даярдашып, бул жактан да ийгиликке, сый урматка жете алышты. Иштериндеги жетишкендиктер борбордогу жетекчилердин көз жаздымында калган жок. Чынар менен жолдошуна борбор жактан да иш орун боюнча сунуштар түшүп турду. Бирок жаштары өтүп калган кайын ата, кайын энелери: – Бир жерден агарып-көгөргүлө, – дешкендеринен, ага көнүп, кала беришкен.

“Аккан арыктан суу ага” демекчи, кызы Карабаева Бегимай  Турдубаева азыркы тапта белгилүү ырчы, уулу Төлөгөн Карабаев элим, жерим деген кыргыздын чыныгы уулу. Аталары Карабаев Турдубай да бир нерче обондуу ырлардын автору болду.   

Кайыргүл НАДЫРБЕКОВА

0 Поделились