Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси болуп Гүлнур Төралиева дайындалды

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Гүлнур Төралиеваны өкмөт аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстан-Россия славян университетинин журналистика факультетин, 2010-жылы Лондон университетин аяктаган. Ошондой эле Жоомарт Оторбаев Премьер-министр болуп турганда өкмөт аппаратынын маалымат кызматын башкарган.