Жазуучу-драматург Рахымжан ОТАРБАЕВ: «Драматург катары тушоом Кыргызстанда кесилген»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын демилгеси жана колдоосу астында Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, Айтматов эл аралык сыйлыгынын лауреаты, көрүнүктүү жазуучу-драматург, Кыргызстан театр ишмерлер союзунун театр искусствосу коомдук академиясынын академиги Рахымжан Отарбаевдин драмалык чыгармаларынын негизинде Кыргызстан театрларында коюлган спектаклдердин республикалык фестивалы ачылды.

Фестивалдын алгачкы күнүндө Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын сахнасында казак драматургунун “Моно Лиза” спектакли (режиссеру Э.Чалабаев) коюлса, Ала-Тоо аянтында, Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайы “Шерине” спектаклин койду.

Рахымжан Отарбаев анын драматург катары тушоосу Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында мындан 22 жыл мурда кесилип, “Абай соту” драмасы сахналаштырылганын, анын бет ачарына залкар акын-жазуучулар С.Эралиев, Ч.Айтматов, О.Султанов, театр өнөрүнүн залкарлары Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева катышканын өзгөчө бир сыймыктануу менен айтып кетти. Казак драматургунун айтымында, “Абай соту” драмасын талантуу театр режиссеру Искендер Рыскулов сахнага алып чыгып, Абайдын ролун кыргыздын дагы бир кайталангыс таланты С.Жумадылов ойногон. Рахымжан Отарбаев окурман журтчулугуна жазуучу катары таанымал болсо, театр көрөрмандарына драматург катары таанымал.

Анын ар кайсы жылдарда «Шер», «Жылдыздар кулаган жер», «Жайык ыры», «Карача каздар кайтканда», «Доошуңду эшиттим», «Отверженный мир» аттуу прозалык жыйнактары жана тандалган чыгармаларынын 2 томдугу жарык көргөн. Кытайдын “Улуттар” басмасында кытай жана казак тилдеринде 2 томдугу, Россиянын «Художественная литература» басмасынан орус тилиндеги бир томдугу жана кыргыз тилиндеги китептери жарык көргөн. Анын айрым чыгармалары түрк, араб, англис тилдеринде да басылган. «Бейбарс султан», «Бас», «Нашакор жөнүндө новелла», «Сырым баатыр», «Мустафа Чокай» пьесалары казак жана чет элдик, анын ичинде кыргыз театрларында коюлган. Р.Отарбаев Махамбет сыйлыгынын лауреаты.

Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы музыкалуу драма театры драматургдун “Жарык кайда” драмасын (режиссеру А.Кускаков) сахналаштырса, Ош мамлекеттик академиялык Бабур атындагы музыкалуу драма театры “Күзгүнүн сыры” (режиссеру Н.Мамаджанов), Кочкор музыкалуу-драма театры “Моно Лиза-Мончок” (режиссеру К.Алканов), Чүй облустук Ш.Термечиков атындагы театры “Кошалактагы окуя”, “Шерине” (режиссеру Ж.Кулмамбетов), Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын алдындагы театр окуу жайы “Актриса” (режиссеру Э.Эгембердиев), Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театры “Тагдыр” (режиссеру Э.Бекболиев), “Моно-Лиза” (режиссеру М.Козукеев) пьесаларын сахнага алып чыгышкан.