Дмитрий Медведев Сапар Исаковду куттуктады

Россия Федерациясынын Премьер-министри Дмитрий Медведев Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Сапар Исаковду кызматка дайындалышы менен куттуктады.

«Россия менен Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздаштык мамилелер байланыштырып турат. Мен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, экономикалык биримдиктин алкагында интеграциялоо гуманитардык өнөр жай жана энергетика чөйрөсүндө ири масштабдуу долбоорлорду ишке ашыруу, биздин өлкөнүн кызыкчылыгына туура келерине ишенем», – деп жазылат телеграммада.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин куттуктоо телеграммасы дагы бир жолу кыргыз-орус кызматташтыгын ар тараптан колдоого даяр экендигин көрсөттү.