Эламан Маканбаев: “Баатырлардын аты, эрдиги калды, эч ким эч качан унутулбайт!”

Эламан Маканбаев Улуттук гвардияда кызмат өтөйт. Ал коңшулардын агрессивдүү кол салуусу кандай башталганы жана эрдик көрсөткөндөр, эрдик менен курман болгон досу Эламан Ураимов тууралуу баян куруп берди.

-Окуя кантип башталды?

— Ал күндөрү мен эмгек өргүүсүндө жүргөм. Баткенде чыңалуу бар болгондуктан куралдаш жолдоштор менен бат-баттан байланышып жаткам. 16-сентябрь таңкы саат 5тен кийин, ок  атышуу башталганы билинди. Курсташ балдарга байланышка чыкканымда октун үнү угулуп жатты. Алар тарабынан провокация болушу да күтүлүп жаткан. Бирок мынчалык кара ниеттик, такталган чек-ара сызыгын кесип,  чоң күч, оор техника жана жалданма согушкерлер менен кирип келери күтүлгөн эмес.

-Баатырларча курман болгон Эламан Ураимов досуңуз болот экен. Анын ошол күндөгү эрдиги тууралуу айтып кетсеңиз?

Эламан Ураимов

-Эламан кадимки карапайым үй-бүлөнүн жалгыз уулу эле. Экөөбүз 14 жашыбызда Улуттук аскер лицейинен таанышып достошконбуз. Аталган лицейди бүтүрүп, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институтунан окуубузду уланттык. Ал жакты аяктап, эки башка жерге кызматка дайындалдык. Эламан кызматта өзүн эң жакшы көрсөттү. Ошондон улам капитан аскер наамын мөөнөтүнөн мурда алган. Ага баш ийген өздүк курам «Капитан Эламан Урайимов айтса отту да кечебиз»- деп  айтышчу. Эламан: «Мекен бирөө, аны биз коргобосок ким коргойт»-деп кызматын, өмүрүн Ата-Журтка арнады. «Менин жанымда бирөөң эле болсоң, душмандын миңин жанчыйбыз, мага ишенгиле,»-деп турчу.

16-сентябрь күнү Эламанга байланышканымда, ал жактагы абал тууралуу учкай гана маалымат айтып трубканы коюп койду. Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө катуу атышып жаткан экен: “Досум анан чалам”-деп өчүрдү. Ошентип, күндүзгү саат ондордо кайра байланышка чыксам телефонду алган жок.

Баткендеги эң оор салгылашуу — Эламан жоокерлери менен күчтөндүрүү үчүн барган «Достук» чек ара бекети жана Достук айылында болду. Кийин тазалоого кирген балдардын айтымында, ал аймакта адам эмес жердин тамтыгы чыгып, соо жери калбаптыр. Биздин аскерлер курчоодо калган, болгондо да чоң курчоодо. Тажик тарап тоо тараптан жалданган аскерлери, айыл жактан танк жана оор техникалар менен курчап алган.  Андай курчоодон аман чыгыш оңой эмес. Өтө оор кырдаалда калышкан.

Эламан Ураимов

Эламандын жоокердик мүнөзү ташты да жарчу. Ал 20га жетпеген жоокери менен душмандын курчоосунда калат. Душмандын 150дөй аскерине, оор техникасына колундагы автоматтар менен туруштук берип, душмандын он сааттан ашуун айласын кетирип, 30га жакын аскерин жок кылган. Жанында жарадар болгондор бар эле: «Мен өздүк курамымды таштабайм»,- деген кыйкырык менен Мекен үчүн баатырларча курман болгон! Атанын уулу, намысты бербеди. Ата мекендин алдында берген антына бекем туруп, аягына чейин кармашты. Кыргыздын тайманбаган офицери, Ата-Журттун коргоочусу өзүн жардырып оңой жол тандаган жок. Кашык каны калгыча бутунда турду. Кыргыздын чыныгы мүнөзүн, кайратын көрсөтүп кетти! Досумдун артында бир уул, бир кызы калды. Эламан ар дайым жүрөгүбүздө болот.

-Жалпы эле эрдик кылган жоокерлер тууралуу сөз кылсак?

— Алар кыргыздын бактысына жаралып, келечеги үчүн жанын аябаган баатырлар. Шейит кеткендердин арасында аскер окуу жайында чогуу окуган офицер инилерим, кызмат аркылуу кайсы бир жерде чогуу болгон куралдаштарым, тааныштарым бар.

Атамдын бир тууган иниси Жолдубай Базакеев Баткенде кызмат кылат. Окуя болгон күнү ага байланышка чыксам, телефону өчүк. Бир кезде командирлеринен агам көкүрөккө ок жеп жарадар болгонун уктум. Анан курсташтар аркылуу байланыштым: «Абалым жакшы, кан көп кетип ооруканага жиберишти»- деди.

«Достук»- чек ара бекетинде офицер Дастан Анарбек уулу болгон. Дастандын сөөгү таанылгыс болуп калыптыр. Ал досумдун иниси. Досум: “Институтта карап жүр”- деп мага дайындаган. Ичинде кири жок, жакшы жигит эле. Окууну да кызыл диплом менен бүтүргөн болчу.

Негизи алар өлгөн жок! Алар биздин арабызда, кыргыз эли баатырга бай эл, түгөнгөн сайын түтөгөн элбиз. Баатырлар биз үчүн өрнөк. Мекенди сактап эле тим болбостон кыргызды дагы бир жолу бириктирип, дем берип, кимдин урпагы экенибизди жана келечекке эмнени мурас катыраарыбызды көрсөтүп кетишти. Баатырлардын аты, эрдиги калды, эч ким эч качан унутулбайт!

-Мекен сиз үчүн эмне?

-Мекен – туулуп өскөн жерим, үй-бүлөм, кыргыз элим, кыргыз тилим. Мекенди жоготконуң — ушул айтылгандардын баарын жоготконуң. Ошондуктан мекен кымбат, мекен ыйык. Анын бир карыш жерин да душманга тебелетпешибиз керек. Кыргыз жеримдин тоолору, шаркырап аккан суулары, көйкөлгөн жайыты, пейили кенен эли, жалпы элибиздин эртеңки жаркын келечеги мен үчүн кымбат. Мындай бейиштей жерди, бири миңге татыган элди ааламды айланып да таба албайсың…

Асель РАМАНКУЛ кызы

0 Поделились