Анкара жүргөн аялды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатат

Түркиянын Анкара шаарында селсаяк болуп, көчөдө тентип жүргөн аял кыргызстандык экени тууралуу божомол айтылып, анын сүрөт жана видеолору 28-августта интернетке чыккан.

Тышкы иштер министрлиги берген маалыматка ылайык, учурда аталган жаран түрк полициясы тарабынан кармалып, КР Түркиядагы элчилигинин жардамы менен Анкаранын поликлиникаларынын бирине жиберилген.  Учурда элчилик кыргыз жаранын Кыргызстанга алып келүү боюнча иштерди алып барып жатат.