30-августка карата аба ырайы

30-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, түнкүсүн Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Таласта түнкүсүн +7…+12, күндүз +28…+33,

Баткенде түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +30…+35,

Ысык-Көлдө +7…+12, күндүз +21…+26,

Нарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +24…+29,

Бийик тоолуу райондордо -4…+1, күндүз +9…+14.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Түнкүсүн +15…+17, күндүз +32…+34 градус ысыйт.

Булак: «Кыргызгидромет»