Бишкекте майрам күндөрү унаа жүрүүчү көчөлөргө чектөө коюлат

Бишкек шаарында 31-август Эгемендүүлүк күнүнө жана 1-сентябрь Курман айтта жол кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, чектөөлөр Чүй — Тоголок Молдо көчөсүнөн Тыныстанов көчөсүнө чейин, Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрү менен Эркиндик бульвары Чүй проспектисинен Киев көчөсүнө чейин киргизилет.

«Андан сырткары, эгемендүүлүк майрамына карата даярдыкка байланыштуу Ала-Тоо аянтында 30-августка чейин саат 18:00дөн 20:00 чамасында унаа кыймылына чектелет», — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, 30-августта Ала-Тоо аянтында майрамга карата даярдыкка байланыштуу, Чүй проспектиси Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин эртең мененки саат 10:00дөн 12:00 чейин жана 18:00дөн 20:00 чейин жабык болот.