Аман болгун кабыланы тамсилдин, Алп Мидиндин артындагы Мидиним!

Жакында КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл акыны, белгилүү сатирик, тамсилчи, журналист Жолочу Рысбаевдин “Сары тикендүү сатиралар”, “Аарынын уусу ачуу, балы таттуу” аттуу эки китеби жарыкка чыкты. Анда канаттуу лирикалары, куйкум сатиралары, анын замандаштарына жазган, замандаштарынын акынга арнаган ырлары, маектери ж.б. камтылыптыр.

Жолочу Рысбаев тээ өткөн кылымдын 60-жылдардын аягында, 70-жылдардын башында Беганас Сартов, Тургунбай Эргешов, Шербет Келдибекова сыяктуу калемгерлердин катарында улуттук адабияттын айдыңына келген талант. Ал өзү кырдуу калемгерлерден айырмаланып, сатира жана тамсил жанрларына көбүрөөк ыктады. Чыгармачыл чөйрөдө “Кыргыздын Крылову” деген атка конду. Акын, сатирик быйыл 73 жашка чыгат, анын 38 жылдан ашыгын телерадио тармагында  эмгектенди.

Жолочунун атасы койчу болгон экен. Ал  жайлоодон көчүп келе жаткан жолдо төрөлгөндүктөн ушундай ысым берилиптир. Калемгер Ысык-Көлдүн Түп районунун Жылуу-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ушул айылда кыргыз адабиятын негиздөөчүлөрүнүн бири Мукай Элебаев төрөлгөн. Ошол эле аймактан Зияш Бектенов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Абзий Кыдыров, Уркаш Мамбеталиев, Хусейин Карасаевдей залкарлар чыккан.

Бала чагында жазуучу, акын болсом деген тилеги менен булактын башына барып, ойлонуп отуруп алчу. Манасчы болгусу келип, талаага кой кайтарганы барганда чоң таштын түбүндө көзүн жуумп, оозун кыбыратып жатчу. Себеби, “Ушундай ээн жерде “Манасты” бирөө келип оозуна куюп кетиптир”, – деп уккан. “Манастын” көп жерин жаттап алчу. Бирок, Жолочу манасчы болгон жок. Бойго жеткенде КУУнун филфагына тапшырып, улуттук, дүйнөлүк адабиятты “тытып” окуп, акыры акын-сатирик тагдырына туш болду. Ал чыгармачылыгынын көпчүлүк бөлүгүн кыргыз радиосунун “Кутмандуу болсун күнүңөр!”, “Шибеге”, “Бетке айткандын заары жок”, “Мыскыл жана тамаша” сыяктуу уктурууларды алып барууга арнады.

Мен адабиятчы болбосом да, окурман катары оюмду айткым келди. Жолочунун “Аарынын уусу ачуу, балы таттуу” деген китебиндеги КРнын эл акыны, поэзиядагы үзөнгүлөш калемдеши  Шайлообек Дүйшеевдин “Жокеме” деген ырында мындай саптар бар экен:

Жөжө акын да жөн болбогон… изи өчпөйт,
Жөн кылычтын мындайларга мизи өтпөйт.
Жолочу сен, жөн эмессиң билип кой,
Жөн акындын сатирага тиши өтпөйт.

Асыл курбум! Ачуу-таттуу тилиңдин,
Арасында жүргөндөрдүн биримин.
Аман болгун кабыланы тамсилдин,
Алп Мидиндин артындагы Мидиним! 

Кыргыз улуттук адабиятында тамсил жанрында эмгектенген калемгерлер беш манжа жетчүдөй аз. Тамсил жазуу оңой-олтоң иш болгондо поэзия менен проза майданында эмгектенген нечен калемгерлер бери дегенде ага калем салып көрүшмөк деп ойлойм. Азыркы кыргыз поэзиясынын алпы Шайлообек акын ушул себептен: “Жөн акындын сатирага тиши өтпөйт”, – деп бекеринен айтпаса керек. Жолочу Рысбаев “Кыргыздын Крылову”, – деп, аталганынын себеби да ушунда. Анын тамсилдери коомдогу миң сан көйгөйлүү көрүнүштөргө жана адамдын өзүнө өзү баа берип, тыянак чыгаруусуна түртөт. Мисалы, анын “Көсөө” аттуу тамсилинде үйдөгү кемеге бузулуп, ордуна газ орнотулат. Ушул себептен Кычкач кызматынан бошойт. Отун жаруучу Балта да “иштен” кетет. Жалгыз эле Көсөө ордунда калат.

Көргөндөр ойлонушуп азга,
“Көсөөнүн кереги эмне?”, – дешти газга,
Алигиче ар кимдин акылы айран.
Анткени, Көсөө Казандын жакыны экенин,
Алар билишсин кайдан?

Анын “Сыйлык” деген тамсилинде үй ичиндеги буюмдардын баары чогулуп, алдыңкыларга сыйлык бермей болушат. Маасыны макташып, “Кышында карды, жайкысын чаңды кечсе да дайыма таза жүрөт, ачыгы иштин жайын жакшы билет”, – дешип сыйлык ыйгарышат.

“Ал эми Көлөч унутулуп,
Ирегеде кала берди улутунуп.
Мына, турмушта кээде,
Жанын үрөп бирөөлөр иштейт,
А үзүрүн бирөөлөр тиштейт”,  – дейт.

Жолочунун көп кырдуу талант экенин канаттуу лирикалары далилдеп турат. Акындын “Туулган айлым”, “Кыргызмын”, “Ушул тилде”, “Ата журтум”, ж.б. көптөгөн сезимге кадала калчу ырлары бирде кыргыз болгонуңа сыймыктантса, бирде акын Ата журттун ажайып кооздугуна суктанып бүтпөй, ырга салат. Анын “Каркыра кайрыктары” ырынан үзүндү келтирели.

Булутуң калкып асмандан,
Бүркүтүң шаңшып аскаңдан.
Укмуштай жерсиң Каркыра,
Уялат киши баскандан.

Көздөгөн жерге жол узун,
Көп тиктеп карап жол учун.
Балтектер үрбөй шыйпаңдап,
Барганда даяр конушум.

Кылганын кара Теңирдин,
Кылт этсең – кеттиң эңилдиң.
Балыгы көңүл азгырат,
Балтырындай келиндин.

Эзелки черди таратып,
Эс алуу менен таң атып.
Куураттык биз да боз бээни,
Кулундан эмчек талашып. 

Маанайым түшүп эңсейм мен:
Малчыдан айтчы, эмнем кем?
Жыргал жер экен Каркыра,
Жылкычы болуп келсем бейм!

Акын балалык чагын, дегеле балдар темасын ырларында көп чагылдырып келе жатат. Мисалы, “Кире калсам” деген ырында акын балалык чагын эстейт. Эненин кемегеге от жагып, кара казанга сүт бышырып жатканын жазат, а жанында кырмычык күтүп турган бала көз алдыга тартыла калат. Кемегеде күйүп жайылган чырпыктын илеби мурдуңа келе түшкөндөй элес берет.

Кара казан, кара казан, кара казан,
Кайнаганың азыр да эстеп жатам.
Боркулдасаң дирижёруң энем эле,
Бооруңа көсөө менен нота жазган.

Кайран киши узаганда күнү бүтүп,
Канча жылдар жата берип аза күтүп,
Караңгы сарайына кире калсам,
Кара казан калыптыр түбү түшүп, – деп, акындын каңырыгы түтөйт. Окурман да бир үшкүрүп бала чагын эстеп алат.

Жолочу Рысбаевдин поэзиясы өзүнчө кенен сөз кылууга арзыган иш. Анын “Жар-жар ай” деген ыры үйлөнүү тойлордун гимни, көркү болуп бара жатат. Акын ушул ыры менен баш кошкон жаштарга бата бергендей сезим калтырат.

Турсун ОСМОНКУЛОВА, Бишкек шаары, эмгек ардагери

0 Поделились