Кыргыз-казак айтышы башталат

Бүгүн, 30-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтөт Тууганбай Абдиевдин 80 жылдыгына карата эки күндүк эл аралык айтыш башталат. Бул тууралуу «Айтыш» фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган айтыштын байге фонду 2 миллион сомду түзүп, ар бир командада сегизден акын болот. Ага Казакстандын акындары Айбек Калиев, Анар Жапаркулова, Бөрүбай Орозумбетов, Жаркынбек Наушабеков, Сара Токтомушова, Рүстөм Кайыртай уулу, Мухтар Ниязов, Нурлубек Курмановдор келип катышуусу күтүлүүдө. Ал эми Кыргызстандан Амантай Кутманалиев, Азамат Болгонбаев, Идирис Айтибаев, Изат Айдаркулова, Жылдызбек Төрөканов, Кадырбек Бейшенов, Болот Назаров жана Асылбек Маратов катышат.