Төрөттөн каза болгон келин өлүмү боюнча комиссия түзүлдү

27-август күнү «Тез жардам» менен Бишкектеги №4 төрөт үйү -перинаталдык борборго 26 жаштагы Мээрим Дайырбекова келген. ал мөөнөтүнөн мурда эгиз уулдарды жарыкка алып келип, бирок төрөттөн кийин каза болуп калган. Маалыматка караганда, ымыркайлар азыр төрөт үйүндө, вакуумда жатышат. Абалдары дурус.

Саламаттык сактоо министрлиги эне өлүмүнүн себептерин иликтеп жатканын аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, төрөттөн кийин каза тапкан келиндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Кызматтык териштирүү да жүрүүдө. Эне өлүмүнүн себептери иликтөө бүткөндөн кийин белгилүү болот.