Эльмира КАБАТАЙ кызы: “Толгонайдын ролунан чыга албай кыйналгам”

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын солисти, балерина Эльмира Кабатай кызы өзүнүн назиктиги, келишкен келбети, образды жеткире аткарганы менен көпчүлүктү өзүнө тартып келет. Балерина менен сүйлөшүп отуруп балет дүйнөсүнө кирип чыккандай болдум. Балет – дүйнөлүк маданияттын байыркы түрү болуп саналат. Ага жараша сөздү бий менен түшүндүргөн таланттар сейрек.

– Балет дүйнөсүнө аралашкандан тарта ушул күнгө чейин кандай тажрыйбага ээ болдуңуз?

– Жаш кезимде булчуңдар менен туура иштегенди жакшы билчү эмесмин. Бара-бара денени укканды үйрөндүм. Эгер көнүгүүлөрдү туура аткарсаң, дене сени менен сүйлөшүп баштайт. Сүйлөшкөндө кандай? Дене өзү-бул көнүгүүнү жаса деп белги берип калат. Буга бат эле жетишпейсиң, жылдар керек. Биз бийлөөнүн алдында көнүгүүлөрдү жасап, денебизди туура жумшартабыз. Ал үчүн анатомия-ны тереңдеп окуп чыгабыз. Адамда канча булчуң болсо балериналар ошолордун баарын иштетет. Күн сайын көнүгүү жасаганда ар кайсы бийлерди бири-бирине аралаштырып бийлейбиз. Ар күнү бир сааттан денебизди калыбына келтирүү үчүн көнүгүүлөрдү жасайбыз. Анан спектаклдин репитицияларын кайталап баштайбыз. 

– Сиздин балерина болуп калыптанууңузга ким таасир этти?

– Ал кез Союз учуру эле. Биз Нарын шаарында жашачубуз. Бала кезимде радиодон классикалык музыканы угуп калсам, ошол музыканын ыргагында бийлегенди жакшы көрчүмүн. Теледен балет бийин көрсөтүп калышса, көзүмдү албай тиктеп калчумун. Кудайым кандайдыр бир шыкты берип койгон окшойт. 3-класста окуп жүргөндө, борбор калаадан мугалимдер айылдарды кыдырып балетке шыктуу балдарды издеп, биздин мектепке келип калышты. Биздин класстан 5 окуучу кызды тандашты. Алардын арасында мен да бармын. Бир айдан кийин үйүбүзгө телеграммдан: “Фрунзеге хореографиялык мектепке келип, комиссиянын сынагынан өтүп кеткиле” – деген чакыруу кат келди. Катты колума кармап алып, ата-энемди күтүп жаттым. Оюмда: “Атам менен апам жибербейт”, – деп ойлодум да. Мени менен чогуу сынакка бара турган классташ кызыма чалып: “Мени ата-энем шаарга алып бара албаса силер менен барайын”, – десем макул болушту.

Бир убакта ата-энем келип, аларга айтсам, каршы болушту. Атам   аскер адамы, апам почтада иштечү. “Бизди жумуштан жиберишпейт, сени алып бара албайбыз”,  – дешти. Жумуштарын шылтоо кылып коюшту. Бирок, атам “9 жаштагы кичинекей кызды кантип шаарга жиберем” – деп, чынында кабатырланган. Апам алдыны көрө билгенби, мени сынакка баруума макул болду. Бирок, атамдын уруксаты жок мени жибере албайт эле. Апам: “Атаңды өзүң көндүрүп, бара бер”, – деп койду. Атам болсо такыр макул болбой туруп алды. Менин негизи көк беттигим жок эле. Ошондо өзүм каалаган нерсени аткарам деп көшөрүп, ыйлап туруп алдым. Атам менин өжөрлүгүмдү көрүп жибий түштү да сынакка жиберүүгө макул болду.

Бирок, атам ичинен баары бир өтпөйт деп ойлогон экен. Эртеси мага апам чемодан алганы жөнөдү. Ал кезде чемодан табыш да кыйын болчу. Нарында өзүнчө аскер шаарчасы бар эле, ошол жактагы дүкөндөрдүн биринен апам чемодан сатып келди. Аябай сүйүнгөм. Ошентип атам менен апам мени классташ кызымдын апасына кошуп берип автовокзалдан узатып калышты. Борборго келип сынакка катышып өтүп кеттим.

Нарынга үйгө барсам атамдан башкасынын баары бар экен. Эжелерим эшикти ачса эле мен балеринадай туруп алып: “Өттүм”-деп айтканым эсимде. Баары сүйүнүп куттукташкан. Атам кечинде келип өткөнүмдү угуп бир аз капа боло түштү. Анткени: “Кызым азыр кичинекей, чоң калаада кантип жүрөт”, – деп кыжалат болуптур. Анын үстүнө үйдүн кенжесимин да. Атам мени башкача жакшы көрчү. Бирок, ошого карабай мени борборго жөнөттү. Ошентип ал жакта окуп калдым. Каникул сайын үйгө барам, анан кайра кетерде атам мени маңдайына отургузуп алып: “Кызым, калчы” – деп суранат. Мен адатымча болбой көгөрөм: – “Жок кала албайм” – деп. Азыр ойлосом, атам мени текшерчү экен, кызыма чын эле ошол жак жагып жатабы деп. А мага балет дүйнөсү аябай жакчу.   

– Балетте образ жаратуу үчүн чыгармачылык  изденүү кандай жүрөт?

– Ар бир балеттин өзүнчө мааниси бар. Балериналар да башка кесиптин ээлери изденип окуган сыяктуу эле окуйбуз, изденебиз. Ар бир каармандын жашоосу менен таанышып чыгабыз. Башка кесиптегилерден айырмаланып балериналар кыймыл аракеттеринен сөз табат. Кээ бирөөлөр “Балетти такыр түшүнбөйм, эмнеге ары бери чуркап жатышат”, – дешет. Балетке көп келген адам кыймыл аракетибизден эмне сөз болуп жатканын түшүнүшөт. Мугалимдерибиз да өздөрүнүн көз карашын айтып багыт беришет. Ошону менен бирге денебизди да көнүгүүлөр менен машыктырабыз. Бир эки күн машыгууну калтырып койсоң эле, денең сени укпай катып калат.Образ жаратуу көп эмгекти талап кылат.

– Аткарган ролдон көпкө чейин чыга албай калган учурлар болду беле?

– “Саманчынын жолу” спектаклинде Толгонайдын ролунан чыга албай кыйналгам. Анткени, Толгонайдын басып өткөн жолу абдан кыйын да. Анда эмоциялык сезимдер көп болгон. Жоготуу деген абдан жаман нерсе. Мына ушул Толгонайдын сезимдерин кадимкидей биз өзүбүздөн өткөрөбүз. Репетицияга бир ай убакыт берилген. Ошондо бир ай ыйладым. Себеби, мен образ жаратуу алдында түнү-күнү ал образды ойлоном. Анан кээде балдарым: “Апа сиз учуп эле жүрөсүз” – деп калышат. Толгонайдын образын жаратуу үчүн сахнадагы ар бир кыймылыма сөз издедим.

Чыгарманы толук окуп чыгып, киносун да көрүп чыктым. Толгонайдын абалын бүт өзүмдүн денемде сезгенге аракет кылдым. Спектакль үч саат коюлду. Ал убакта мен Толгонайдын жашоосун, тарткан кыйынчылыктарын үч сааттын ичинде жашап өттүм. Ошол нерсени өзүмдөн өткөргөндө булчуңдарым кадимкидей кысылды. Анткени балеринанын денеси аябай сезимтал болот. Эгерде оюбузда кыйналып жатсак, денебиз да кысылат. А тескерисинче, маанайыбыз жакшы болсо бошонот. Толгонайдын образынан көпкө чейин чыга албай жүрдүм. Азыр да сизге айтып жатып көзүмдөн жаш чыгып кетти. Музыкасын уксам да кадимкидей кыйналып кетем. Бирок, болушунча өзүмдү карманам.  

–Чыгармачыл чөйрөдө чоң атаандашуу бар. Сиз мындай абалдан кантип чыгасыз. Баарына кол шилтеп басып кеткиңиз келген учурлар болду беле?

– Жараткан мага ушундай бир мүнөз берген. Бул үчүн ага аябай ыраазымын. Алдыга максат койгон соң түз эле ошого көздөй кете берем. Биздин коллектив аябай ынтымактуу. Ошентсе да арасынан бир-экөө чыгат. Эгерде андай адамдар жашообузда болбосо биз өспөйбүз. Мындайлар өсүүгө түрткү беришет. 

– Жаш балериналар тууралуу эмне айта аласыз?

– Абдан таланттуу балет артистери  көп. Бизде “Балеттик гала концерт” болду. Ошондо биринчи жолу балет труппасынын бардык мүчөлөрү катыштык. Жаштар дагы кордебалетте ар кыл вариацияларды аткарышты. Ага чейин алар жалпы топто  гана бийлешчү. Ал жактан ар биринин талантын байкоо кыйын. Мында баары талантын көрсөтүштү. Аларды ырахаттануу менен көрүп олтурдум. Мындай жаштар барда, балет ар дайым жашай берет.

– Учурда кыргыз балетин өнүктүрүү үчүн кандай алгылыктуу иштер жүрүп жатат?

– Ар бир тармактын, мекеменин өнүгүүсү көп учурда жетекчинин уюштуруу жөндөмүнө жараша болот. Биздин директор алмашып Улуттук опера балет театры кадимкидей жанданып калды. Мурун жымжырттык каптап калган. Ал эми азыр, ар кандай концерттер уюштурулуп залдар көрүүчүлөргө толуп жаткан учуру.

– Алдыда кандай пландарыңыз бар?

– Негизи балериналар 38 жаштан пенсияга кетишет. Мен да пенсияга чыгып, балеттен кете турган убагым келип калды. Бирок, дагы 3 жылым бар. Анткени, мен балдар менен үйдө отуруп калгам. Ал жылдарды кайра кошуп беришкендиктен иштеп жатам.

Убакыт өткөн сайын башка, чоң образдарды жараткың келе берет экен. Өз кесибимди аябай сүйөм. Бул нерсе ичиңде жөн жатпай чыккысы келе берет. Эгерде ден соолук болуп колумдан келсе дагы да болсо образ жаратсам деген максаттарым бар.

Асель РАМАНКУЛ кызы

0 Поделились