Көк бөрү боюнча финалистер аныкталды
Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо көк бөрү боюнча Президенттин кубогунун жарым финалы өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, топтук баскычтын жыйынтыгы боюнча 4 катышуучу: «Мурас» (Талас облусу), «Арашан» (Чүй облусу), «Достук» (Ош облусу), «Биримдик» (Чүй облусу) командалары беттештин финалдык бөлүгүнө чыгышкан.
Биринчи жарым финалда «Мурас» жана «Арашан» беттеши: 5:0 эсеби менен «Мурастын» пайдасына аяктаса, «Достук» «Биримдикти» 5:1 эсебинде жеңип алган. Натыйжада бүгүн, 30-августта 3 жана 4-орун үчүн «Арашан» жана «Биримдик» командалары ойношот.
Финал 31-августта өтөт.