Замирбек СЫДЫКОВ: «Районду өнүктүрүүдө жаңы багыттар белгиленди»

Аксы районунун акими Замирбек Бейшенович өз мезгилинде Талас облусунун социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө ак эмгегин арнап, эли-журтунун сыймыктуу уулу аталган. Азыр дагы маңдай терин мамлекетибиздин ар тараптуу өнүгүүсүнө жумшап, натыйжалуу аракеттери менен көзгө көрүнүп келет. Аксы районунун акими Сыдыков Замирбек мырза биз менен баарлашып отуруп райондогу жасалып жаткан ийгиликтерине токтолду. 

– Замирбек мырза, Аксы районуна аким болуп келгенден бери жетекчи катары жасаган иштериңиздин акыбети кайта баштагандыгынан кабарыбыз бар. Жасалган ийгиликтер туурасында өз оозуңуздан уксак.

– Ооба, жетекчи болгондон кийин элдин көйгөйүн чечип, колдон келген жардамдарды берүүгө аракеттерди жасадым. Жоопкерчиликтүү ири милдеттеримди ишке ашыруу үчүн белсенип иштеп жаткан убак. Чоң көйгөйлөрдү камтыган масштабдуу маселелерди чечүү үчүн иш-пландар иштелип чыккан.  Анткени, кенедей эле азыноолак иштерди бүтүрүү үчүн деле алдын ала пландоо иштерин жасамайынча эч кандай алга жылуулар болбойт эмеспи. Биз дагы ишти адегенде эле мурун кабыл алынган стратегиялык пландарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен баштадык. Райондогу иштерди канчалык деңгээлде иштей ала тургандыгыбызды талдап көрүп,  реалдуу мүмкүнчүлүктөргө жараша  иш алып барууну талкууладык. Кошумча каражаттарды табуу үчүн кандай аракеттер зарыл экендигин талкуулап, анализдеп, өтө зарыл болгон тапшырма-пландарды алдыга чыгардык.

– Президенттин тапшырмасы менен райондун аймагындагы эл менен жолугушуулар уюштурулганы маалым. Жолугушууда  кандай маселелер айтылды?

– Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун тапшырмасына ылайык 2022-жылдын 25-апрелинен 30-апрелине чейин районубуздун бардык айыл аймактарында эл менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Бирок, буга чейин да 2021-жылдын күз айларында айыл аймактарда эл менен бир сыйра жолугушуулар болуп өткөн болчу. 2022-жылдагы жолугушууларда мурдагы жолугушуулардагы айтылган сын-сунуштардын аткарылыштары боюнча бир сыйра такташып, аткарылбагандары боюнча себептерин аныктап  элге маалыматтар  берилди.

Жолугушууларда негизинен жолдордун бүгүнкү күндөгү абалы, эскилиги жеткен электр мамычалар тарабынан жаралып жаткан коркунучтар, айылдардын таза суу менен камсыздалышы, жайыт боюнча талаш-тартыштар, чек ара тилкелеринин такталышы жана жөлөк пул алуудагы көйгөйлөр, түшүнбөстүктөр жөнүндөгү маселелер айтылган. Айтылган сын-сунуштарды аткаруу боюнча иш-чаралар планы иштелип чыгылып, ар бир айтылган көйгөйлүү маселе көзөмөлдө турат. Райондук деңгээлде чечиле турган маселелер негизинен чечилип, ал эми кээ бир маселелер боюнча жогорку органдарга кайрылуулар өз учурунда берилген.

Мындан сырткары, 2022-жылдын 19-ап-релинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү А.Т.Сыргабаев жана  2022-жылдын 7-июлундагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Э.Төрөбаев менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдердин жолугушууларында айтылган сын-сунуштар боюнча райондун деңгээлинде тиешелүү чараларды көрүп жатабыз.

– Ирригациялык тутумдарды жакшыртуу боюнча кандай аракеттер көрүлүүдө?

– 2022-жылдын ичинде дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо багытында кыйынчылыктар болгон жок. Быйылкы жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине рахмат айтуубуз керек. Анткени, алар тараптан ирригация тармагын мурдагы жылдарга салыштырмалуу каржылоону көбөйтүп беришти. Натыйжада район боюнча 15 гидротехникалык курулмалар жана 16 гидропосттор, 14 насостук станциялардагы 33 агрегат, 2 скважина капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, суу пайдалануучулар үзгүлтүксүз суу менен камсыздалды.

Мындан сырткары, 18,5 км аралыктагы канал механикалык жол менен тазаланып, 46 метр куб бетон жаткырылды. Ички арыктарды тазалоо да колго алынып, сууну жоготууларды кескин азайтууга жетише алдык.

Ушул эле учурда 2-3 насостук станцияны  райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүү боюнча маселелерибиз ачык бойдон калууда.

Элибиздин көптөн күткөн Ак-Терек каналынын курулушун каржылоо маселесинин чечилиши дыйкандарды гана эмес бүткүл элибизди сүйүнтүп олтурат. Азыркы күнгө суу өтүүчү тоннелдин 800 м аралыктан көбүрөөгү бүтүп жатат. Аталган каналды пайдаланууга берип калсак, анда 7700 га. жер аянттарыбыздын сугат суусу жакшырып, кайрак жерлерибиз суулуу болот, буюрса.

– Райондо мурунтан бери келе жаткан кемчиликтерди жоюу үчүн кандай иштер аткарылды?

– Быйылкы жылы райондо социалдык объектилерди куруу иштери ийгиликтүү жүрүүдө. Атап айтсак, мындан көп жыл мурун башталып токтоп калган Авлетим айыл аймагындагы К.Алымкулов жана Кара-Суу айыл аймагындагы К.Кулназаров атындагы мектептердин курулуш иштеринин улантылышы жана Кашка-Суу айылындагы М.Шатманов атындагы жана К.Абдырахманов орто мектептеринин, авариялык абалда турган Кара-Жыгач айыл аймагындагы А.Кулубаев атындагы негизги мектебинин имараттарын куруу башталгандыгы жалпы элибизди кубандырууда. Дагы Кош-Дөбө айыл аймагындагы С.Жээнбаев атындагы мектептин имаратын куруу боюнча документтери даяр, демөөрчү издеп жатабыз.

Мындан сырткары, 2022-жылдын 8 айы ичинде районубуз боюнча 6 бала бакча ачтык, же болбосо дагы 415 наристе мектепке чейинки тарбияны заманбап шартта ала алат. 3 спорт зал жана 3 спорт аянтчалары, 3 ФАПтын курулуш объекттери бүтүү алдында турат.

Райондо эң бир көйгөй болгон жол маселелери да чечиле баштады. Же болбосо быйылкы жылдын 9 айы ичинде эле пландалган 13,77 км автожолунун 9,88 км асфальттоо менен оңдолду. Жыл аягына чейин калган жол участокторун да толугу менен аяктайбыз деген
ишеничтебиз.

– Президенттин демилгеси менен жер-жерлерде ийгиликтүү улантылып жаткан мамлекеттик иш-чараларды кандай өткөрүп жатасыздар?

– Президентибиздин өлкөнү санариптештирүү боюнча жүргүзүп жаткан саясатын колдоо иретинде, жаңылышпасам, биздин райондун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары облуста биринчилерден болуп электрондук документ жүргүзүүгө өттүк. Азыркы учурда бардык мекеме-ишканалар бул системада иштеп жатышат. Райондо калкты тейлөө борборун ачып, элге кызмат көрсөтүүнү бир топко жакшырта алдык.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» №54 Жарлыгы элибиз тарабынан туура кабыл алынып, ысырапкорчулукту азайтуунун үстүндө жергиликтүү бийлик тарабынан дайыма иш алып барылууда.

Мындан сырткары, Президентибиздин ар бир Жарлыгын иш жүзүнө ашыруу боюнча үзгүлтүксүз иш алып баруу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин  негизги милдети деп билебиз.

– Күзгү түшүм жыйноо иштери кандай жүрүп жатат?

– Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн, тактап айтканда, эгилген 874 га буудайдан 1851 тн. түшүм, (түшүмдүүлүк 21,2 ц), 352 га арпадан 634 тн. (түшүмдүүлүк 18,0 ц), 2630 га аянттагы бахча өсүмдүктөрүнөн 64329 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 244,6 ц) алынды. Ал эми 2601 га жүгөрүдөн, 13219 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 48,0 ц), 132 га күрүчтөн, 297 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 22,5 ц), 659 га картошкадан 10049 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 152,5 ц), 275 га. пахтадан 795 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 28,9 ц), 347 га жашылчадан 5645 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 162,7 ц), 577 га май өсүмдүктөрүнөн 548 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 9,5 ц ), 1341 га аянттагы мөмө-жемиштен 9145 тн. түшүм (түшүмдүүлүк 68,2 ц ) алуу болжолдонууда.

– Айдоо аянттарын үрөндөр, жер семирткичтер менен камсыз кылуу жетиштүү болдубу?

– Быйылкы жылы колдо болгон үрөндөрдү жогорку сапаттагы үрөндөр менен алмаштыруу максатында Россия жана Казакстан мамлекеттеринен жогорку сапаттагы 66,0 тн. буудайдын, 37,4 тн. арпанын жана 10,3 тн. софлордун элита жана 1-репродукциядагы үрөндөрү алып келинип дыйкандарга таркатылып берилди. Натыйжада быйылкы жылы 2021-жылга салыштырмалуу буудай 7,4 ц., арпа 6,0 ц., май өсүмдүктөрү 0,2 центнерге көп алынды. 

Жер семирткичтер менен камсыздоодо бир аз көйгөй болууда. 2265,4 тн. керектеле турган болсо, камсыздалганы 1602,0 тн., анын ичинен аммиак селитрасы 12257 тн., аммофос 342 тн., карбамид жана 2 тн. диамофос даярдалды. Жер семирткичтер негизинен КАПУ ассоциациясы жана ишкерлер тарабынан камсыздалды.

– Айыл чарба тармагын мамлекеттик насыялар менен камсыздоо жагы кандай болууда?

– «Айыл чарбасын каржылоо» дол-боорунун алкагында бүгүнкү күндө райондогу 203 дыйкан-фермерлерге жалпысынан 122227,0 миң сомдук жеңилдетилген насыялар берилди. Анын ичинен  72 дыйканга 34250,0 миң сом, 98 фермерге 58750,0 миң сом жана кайра иштетүүчү 33 атуулга 29227,0 сом берилди.

Албетте, бул акча каражаттары биздин дыйкан-фермерлердин баарын камсыздай албайт. Бирок, мурдагы жылдардан бир топ жакшы көрсөткүч болду.

– Район эли таза суу менен толук камсыз болуштубу?

– Райондун 27549 кожолугунан 13659 кожолугу таза суу менен камсыздалып, 49,5% түзөт. Бул албетте аз. Ошондуктан бүгүнкү күндө калкты таза суу менен камсыздоо максатында Кербен шаарында Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланган (237 млн. сом) долбоор жана Ислам банк, АРИС тарабынан каржыланган Жаңы-Жол айыл аймагында (116 млн. сом) жана Жерге-Тал айыл аймагында (183 млн. сом) долбоорлор аяктоо алдында турат.  Бул долбоорлорду аяктай алсак көрсөткүчүбүз бир топко жогорулайт. Кийинки жылдарга дагы жок дегенде 2 айылды таза суу менен камсыздоо боюнча алдын ала иштер жүрүүдө.

– Жерлерди трансформациялоо иштери кандай жүрдү?

– Райондун аймагында кандайдыр бир курулуш курууда жер аянттарын трансформациялоо абдан кыйынчылык менен көп убакытты талап кылып, ыңгайсыз-дыкты жаратып келгендиги баарыбызга маалым.

2022-жыл ичинде  биз керектүү документтерди даярдап, 16 гектар жер аянтын айыл чарба багытындагы «Жайыт» категориясынан «өнөр жайдын, тарнспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которо алдык. Ал жерлерге таштанды таштоочу жай, таза суу системасын, кыш заводун куруу   жана башка максаттарда пайдалана алдык.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер мунапысын жүргүзүү жөнүндөгү» №291 токтому боюнча бардык күч аракетти жумшоо менен иш алып баруудабыз. Же болбосо жергиликтүү жарандардан 5-сентябрга карата 1469 арыз түшкөн, анын ичинен 639 арыз иликтөөдөн өтүп, 476 арыз каттоого сунушталса, анын ичинен 445 арыз катталды. Ал эми 163 арыз кайрадан тактоого кайтарылды. Негизинен жер аянттарыбызды тактоого жана жарандарыбызга турак жайларын мыйзамдаштырууга толук шарт түзүлүп жатат.

– Алдыдагы максаттарыңыз кандай?

– Алдыда дагы көп иштерди жасоо боюнча кабыл алган 2026-жылга чейинки  стратегиялык планда бекитилген иш-чараларыбыз бар. Айрыкча инвестиция тартуу менен жаңы жумуш орундарын түзүү  көңүл борборунда турат. Буюрса, белгиленген иш-чараларыбызды аткара алсак, районубузда чоң-чоң өзгөрүүлөр болот деген үмүттөмүн. Негизгиси элибизде тынчтык, ынтымак болсо иш-чараларды аткарганга элибиздин дарамети жетет деген ойдомун.

– Маанилүү маегиңиз үчүн чоң рахмат! Районуңуз ийгиликтерге толо берсин!

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

0 Поделились