Суу жок жерге малина, алма өстүргөн Кыймат эже
Кыймат Абдрасулова 8 жылдан бери багбанчылык менен алек болуп келет. Ал кичинекей огородуна алма, малина өстүрүп үй-бүлөсүн багууда. Биз дагы эженин эмгегин элге жеткирели деп өзү менен маектештик.
Суу жок жерге малина менен алма-бак тиккем

– Жердигим Ноокат районунан болом. Бала кезден жер сырын билип өстүк. Кийин Чоң Алайга турмушка чыкканмын. 1 уул, 2 кызым бар. Кара-Балта шаарына 2004-жылы көчүп келгенбиз. Башында ижарада жашап, ар кандай иштерди кылып жүрдүк. 2014-жылы Петропавловкадан жер сатып алдык. Ал жерге үй салабыз деп ойлогонбуз. Бирок, огород кенен экен. Ошол участоктун жарымына өзүмө кичинекей бакча курууну туура көрдүм. Ошентип март айында кар аябай жаап жаткан маалда алмаларды тиктим. Жолдошум “Үй сала албай жатсам, сен алма тигесиң”, – деп урушканынан, мен ага: “Сен тоодон келип, эч нерсени билбейсиң да”, – деп айтканым эсимде.

Алган үйүбүз айылдын четиндеги мүрзөлөрдүн жанында болгондуктан биз келген учурда жарык, суу жок болчу. Анан кантип күн көрөбүз деп ойлонуп баштадым. Тигилген алманы карап отура бербей кичине огородго малина тигип көрөйүн деп жолдошума айтсам: “Суу жок. Аларды кантип сугарасың”, – деп калды.
Мен ага: “Бирөөлөрдөн суу алып келип болсо да суу жеткирем”, – дедим. Ал көпкө чейин көнбөй жүрдү. Бирок, мен айтканымдан кайтпай, акыры малина тигип алдым. Сууну кошуналардан, кээде жамгыр жааганда көлчөккө толгон суулардан ташып келип, малина менен алмаларды сугарып, көктөндүрдүм. Бир аз каражат жыйнаган соң жолдошум 27 метр тереңдиктен суу чыгарып берди.
Жакшы сортун тандаш керек
– Малинаны күзүндө же жазында отургузушат. Бирок, жаңы көчөттү жазында отургузган жакшы. Анткени, бүчүр албай жаткандарын алмаштырып турганга мүмкүнчүлүк болот. Ошону менен бирге малинанын сортун туура тандап алуу керек. Негизи малинанын 150дөн ашуун сорту бар. Алардын ичинен айрымдары гана жакшы түшүм бере алат. Жалбырак алып, түшүм бере албагандары да бар.
Мен отургузган малина “поляна” деп аталат. Анын ар бир бутагы түшүм берет. Анын көчөтүн атайы Оштон алып келгем. Ошону акырындык менен көбөйтүп алдым. Бул малиналар азыр түшүм берип, кар жааган мезгилде куурап баштайт. Эрте жазда бутасам, кайра эле түшүм алат.
2 күндө бир терем
– Малинанын жакшы жери жыл сайын түшүм берет. Жазында малинам мөмө түйүп, жакшы түшүм берди. Бергенде да башкалардан айырмаланып чоң-чоң болду. Жолдошум малинаны жеп көрүп, “Сен туура эле айткан экенсиң. Сага чоң рахмат”, – деп ыраазы болгон. Башкаларга малина өстүрүп, жыйнап алуу оңой көрүнөт. Бирок, мунун деле билинбеген кыйынчылыктары бар. Мисалы, буларды өз убагында сугарып, отоо чөбүн тазалап туруу керек. Аны караймын деп чакырылган жерлерге да бара албай калам. Себеби, бир күн сугарсам, эртеси терип башташым керек болот. Норма боюнча 2 күндө бир терүү зарыл. Өз убагында тере албай калсам эзилип калат. Аны бүткөндөн кийин отоо чөп баскандарын кол менен отоп чыгам. 3-4 адам кылган ишти бир өзүм кылып жетишем.
Жолдошум сатканды билбей көчөдө жүргөн…
– Көп мээнет кылдым. Анан малина сатып кичине болсо акча табууну ойлодум. Ал учурда малинадан башка кирешебиз жок болчу. Жолдошума: “Сиз көчөгө алып чыгып, сатып келиңиз” десем, ынабай “Сен өзүң тигип алдың. Эми өзүң сатып кел” десе болобу. Ошентип талашып жатып, жолдошумду көчөгө чыгардым. Ал көчөгө чыгып, кантип сатарын билбей, көпкө чейин жөн эле жүрө бериптир. Анан айылыбыздагы Кундуз деген келин көрүп, “Малинаны канча сомдон сатып жатасыз?”, – десе, жолдошум “Килин 160 сомдон сатам”, – дептир. Кундуз бир малинаны жеп көрүп, 2 чаканын баарын сатып алыптыр. Анан ал башка кошуналарга да айтып, бир аздан сатыла баштады. Андан кийин базарга алып чыгып сатып көрөлү деп калдык. Машина жок, базарга чака менен көтөрүп барып сатып жүрдүк. Анан менин бир тууган агам жолдошума өзү айдап жүргөн автоунаасын бекер берди. Жолдошум машинаны айдап сатып жүрдү. Кошуналарыма аябай ыраазымын. Ошол учурда мени аябай колдошкон. Алма бактарым жылда жакшы түшүм бербейт эле. Быйыл, Кудайга шүгүр, жакшы түшүм берди. Өзүбүзгө жетет. Күйөө балам менен кызым алма да сатабыз деп жатышат. Аны да көрө жатарбыз. Келечекте малиналардын жакшы сортун алып келип, чет өлкөлөргө сатыкка чыгарууну пландап жатам.
Эже менен маектешип турсак кошунасы Бурул эже келип калды. Ал малиналарын Тажикстанга чейин алып барып сатат экен. Ошону уккан соң биз Бурул эжени да кепке тарттык:
– 8 жылдан бери кошуна болуп турабыз. Эже аябай мээнеткеч. Башкача айтканда, өз ишинин устасы десем болот. Суу жок жерге алма, малина тигип гүлдөтүп койду. Аларды өзүнүн балдарындай карайт. Көйнөктөрү тытылып калганча иштей берет. Малина сатып жатканын кошуналардан угуп келсем чоң-чоң малиналарды сатып жатыптыр. Көрүп эле жактырдым. Ошондон бери туруктуу сатып алган кардарынын биримин. Өзүм эле албастан жакын туугандарыма алып берип турам. Эженин малинасынын өзгөчөлүгү эч кандай дары кошпойт. Анан чоң-чоң болуп, кыям кылсаң да өңү кызыл болуп чыгат. Малинасын кыям кылып, Тажикстандан Москвага чейин жөнөтөм. Сураган кардарлары жылдан жылга көбөйүүдө. Алар аябай жактырышып жешет. Ноокаттын кызы тың болот дегенге эми ишендим (күлүп).
Асел МУСА кызы