Кандай заманда жашап жатабыз?

Бул окуялар аялдардынБаш жарылсабөрк ичинде, кол сынсажең ичиндедеген менталитетинин же мыйзамдардагы гумандаштыруунун кесепетиби же жабырлануучулардын укуктук сабатсыздыгыбы?  «Сезим» кризистик борборуна кайрылып жардам сурашкан бул аялдардын окуяларынан улам ушундай суроолор жаралбай койбойт экен.

Баламды алганга жардам бергиле

Ушундай өтүнүч менен «Сезим» кризистик борборуна кайрылган Таттыгүл (жабырлануучунун ысмы өзгөртүлдү) узак убакыттан бери үй- бүлөдөгү зомбулуктан жабыркап келатат. Күйөөсү М. тарабынан аеосуз ур-токмоктун айынан ден соолугунан ажырап, бирге жашоого такыр мүмкүн болбой калганда 2019-жылы өздөрү жашаган Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө арыз жазган.

– Арыз жазып жатканымда милиция мени коргойт деген ишенимде болчумун, – дейт ал. – Көк ала болуп тергөөчүнүн маңдайында ыйлап отурганымда да күйөөм эч кимди көзгө илбей башымды дубалга ургулап, катуу сабап кирди. Милиционерлердин камаарабай кагаз жазып отуруп алгандарына таң калдым.

Бу анын биринчи эле жолку жоругу эмес. 2016-жылы Шамалды-Сайдан Кара-Балтага көчүп келип, самса жасап сата баштаган. Бир жолу жапкан самсасы агып калып, ошонун ачуусун менден чыгарып, темир менен башка чаап, өлтүрө сабаган. Эсимди жоготуп койгондо “Тез жардам“ алып кетип, ооруканада араң өзүмө келгем. Ошондо да энеси “өзүбүз дарылап алабыз” деп жалынып-жалбарып жатып ооруканадан чыгарып кетишкен.

 Айла жок, балам үчүн деп чыдап жашап келдим. “Ит кыргыз, (өздөрү уйгур) менден тирүү кутулбайсың” деп көрбөгөнүмдү көр кылды. 2019-жылы эч себепсиз уруп, жатынымды жарып,тепкилеп урду. Өзүм арызданбасам да милиция кылмыш деп каттады. Ошону менен бул иш 2 жыл ички иштер бөлүмүндө жүрдү. Ал ортодо күйөөм бутумдун баш бармагын сындырып, аёосуз сабады.

Акыры иш сотко өтүп, ал жактан “денеге жеңил жаракат келтирилген” деген берене коюлуп, үч ай үй камагына чыгарган.

“Дагы арыз жазсаң баланы көрбөйсүң, азыр милициянын баары сатылма, мен баарын колго алып койгом” деп күйөөм андан бетер зөөкүрлөнүп, эми өлтүрөм дегенге өттү.

Ушунча убакыттан бери баламды көрө албайм. “Сотко берсең да баланы ала албайсың, сени майып экен деп эч ким бербейт” дейт.

Балам азыр кайын энемде. Күйөөм башка аял менен жашайт. Көргөн-ук-кандардын айтымында баланын буларга кереги деле жок. Кайын энем “иттен туулган ит” деп балага күн көрсөтпөйт экен, ыйласа атасы сабайт экен. Булар баланы менден өч алуу үчүн эле алып жүрүшөт.

Баламды мага алып берип, зөөкүрдү аталык укуктан ажыратып бергиле деген арыз менен ИИМге, бийлик башындагыларга Акыйкатчыга кайрылып жатам.

Тирүүлөй тозок

…Үйлөнгөнүнө жарым жыл болбой жатып ыргыта тээп, ичиндеги беш айлык баласын өлтүргөн… Темир такта менен башка чаап, кулагынын тарсылдагын жарган… Кайыш кур менен муунтуп, оозуна байпагын тыгып койгон… Үч чиедей  балдары менен машинеге салып алып, жардын кырынан кулатып жибере жаздаган. Таманын өптүрүп, эңкейип өпсө бетке тээп, атайылап жерге чачыраткан заарасын колу менен жуудурган… Эси ооп жатып калганда чачынан сүйрөп, бетине түкүргөн. Апасына болушкан кызын тамга жабыштыра уруп, мээсин чайкалткан, ыйлаган баласынын оозун жырып салган…

Бул Голливуддун үрөй учурган фильм-деринен сценалар эмес, жергебиздеги бир үй-бүлөнүн турмушунан алынган реалдуу окуялар. Он бир жылдан бери мындай кыйноону башынан өткөрүп, далай ирет уруп сабагандан өлүп-тирилип келаткан бул келин “Сезим” кризистик борборуна үчүнчү ирет келип жатат. Үй-бүлөдөгү зомбулуктан убактылуу баш калкалоочу жайга биринчи жолу денесинде тамтык жок көк ала болуп келгенде күйөөсү “экинчи мындай болбойт” деп ишендирип алып кеткен.

2022-жылдын апрель айында “Сезимдин” ыкчам телефонуна сегиз жашар кызы чалып, “апамды өлтүргөн жатат”деп чырылдаганда кызматкерлер милициянын коштоосу менен барып алып келишкен. Таяктын уусунан баш көтөрө албай солуп жаткан келинди калыбына келтиришке кыйла убакыт да, медициналык жардам да көп талап кылынды.

Аламүдүн райондук соту ошондо келиндин абалы көрүнүп турса да “денесине жеңил жаракат келтирилген” деген чечим чыгарып, күнөөлүүгө 40 күндүк кара жумуш иштөө айыбын салган.

Апасы менен кошо келген балдары балдарды коргоо уюмуна жайгаштырылып, аздап калыбына келе башташканда зөөкүр күйөө дагы пайда болду. Бул жолу балдарды алдап алып чыгып, машинеге салып анан апасына телефон чалды: ”Азыр мында келбесең балдарыңды жардан ары учуруп өлтүрөм!”. Эне кургур чыдабай жетип барса, машине чындап эле шаардын четиндеги “Пирамида” деп аталган жерде “асылган” бойдон туруптур. “Акебай, сиз айткандай болсун, балдарды өлтүрө көрбө, өлсөм мен өлөйүн, балдарда эмне күнөө!..”.  Бутуна жыгылып, буркурап ыйлап араңдан зорго токтоткон.

Андан кийин даана тозок башталды. “Сен мени сотко бердиң, 40 саат эми өзүң иштейсиң, жерди тилиң менен шыпырасың” деп темир такта менен башка чаап, эсин оодарып, жатып калса, бетине заара кылып, балдары чырылдап ортого түшсө, баласынын оозун жырып, кызын дубалга уруп, көрбөгөнүн көр кылды.

Таяктын уусунан келиндин бир кулагы укпай калды. “Сезим” борбору бул жолу Башкы прокурорго арыз менен кайрылып, узакка созулган бул кыйноолор Кылмыш кодексинин 138-беренесине туура келээрин, ошого жараша жаза чектөө өтүнүчүн жолдоду. Арыз Аламүдүн райондук прокуратурасына жөнөтүлүп, жабырлануучуну борбордун директору Б.Рыскулова өзү коштоп барды.

Аларды кабыл алган прокурор айымдын алдында кырк мүнөт буркурап ыйлап отуруп абалын айткан келиндин кордугун жүрөгү бар адам чыдап уга алмак эмес. Бирок, бул жолу да баягы эле “денеге жеңил (!) зыян келтирилген деген берене коюлуп,  “мамлекеттин (?) пайдасына 50 миң сом, зөөкүрдүн өзүнө 100 күн кара жумуш айып” жазасы чегерилди.

Жабырлануучунун денесинде таяктын изи калбаган жери жок экенин тастыктаган сүрөттөрдү көрсөтсө да, тири шумдуктай кыйноолорго күбө болгон балдардын көрсөтмөлөрү иште тиркелип  турса да, адвокат тиешелүү далилдерди келтирип узак убакыттан бери келаткан тири укмуштай уруп-сабоонун айынан жабыркаган келиндин ден соолугу бузулуп, өзүнүн жана чиедей үч баласынын өмүрү ар дайым коркунучта болуп келгенин далилдеген материалдар 138-беренеге (“азапка салып кыйноого”)  туура келип турса да 136-берене коюлду.

Бул – зөөкүрдү жемелемиш болуп тим болгондой эле жаза экенин баары эле түшүнүп турушат. 100 сааттык жумушту кайсы бир мекемеге сүйлөшүп жаздырып алса болот же көчөдө жалданма жумушчуларга акы төлөп кутулса болот. Бул андан зөөкүрдү тарбиялап жибере турган чара эмес.

Эми укук коргойт деген органдардын айрым кызматкерлеринин зомбулукка дуушар болуп, эзүүдө калган курмандыктарына мынчалык кайдыгер мамилесинин өзүнө мыйзамдуулукту көзөмөлдөй турган жогорку органдар тарабынан тиешелүү баа берилет деген ишенимдебиз .

Мамлекеттик бийлик органдарынан жардам күтүп жаткан бул эне менен балдардын үмүтү азырынча  акталбай, коргоо таппай жатканы өкүндүрөт…

Ы.ДОСБАЕВ

0 Поделились