Сейдана АКУНОВА: “Эски жана модерн стилдерин айкалыштырып сүрөт муралын тартабыз”

Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган Төлөмүш Океевдин “Кызыл алма” тасмасында башкы ролду ойношкон Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтү түшүрүлгөн мурал (дубалга тартылган сүрөт) коомчулуктун жылуу пикирин жаратты. Муралды KYZart group тобунун сүрөтчү кыздары тарткан. Ушул топтун мүчөсү Сейдана Акунова Чүйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктаган. Аны менен дубалга сүрөт тартуунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маек курдук.

KYZart group

Эмне себептен топтун аты KYZart group – деп аталды?

– Алгач топто жалаң кыздар болгондуктан KYZart group деп атадык. Бара-бара балдарды да топко кошууга туура келди. Анткени, чоң өлчөмдөгү сүрөттөрдү тартканда боёкторду көп жумшоо керек. Кыздар назикпис да оор боёкторду көтөрө албай калдык. Андан сырткары бийик дубалдарга сүрөт тартууда атайын тепкичтерди колдонобуз. Аларды улам жылдырып бериш үчүн эркек балдардын күчү керек. Ошентип топко балдар да алынып калды. Азыркы тапта 10 адам эмгектенебиз.  Алардын ичинде 2 бала бар. Топтун иштөө тартиби бизге буюртмага келген долбоордун көлөмүнө жараша болот. Эгер сүрөттүн көлөмү чоң болсо баарыбыз иштейбиз. Ал эми кичине болуп калса топтун арасынан да эки-үч топко бөлүнүп иштейбиз.

– Сүймөнкул Чокморов менен Таттыбүбү Турсунбаеванын сүрөтүн тартуу кимдин идеясы?

«Кызыл Алма»

– Бир жыл мурун Jubilee камсыздандыруу компаниясы тарабынан бизге ушул буюртма түштү. Мурал сүрөттү кандай тартуу тууралуу ар кандай пикирлер айтылган. Аягында ушул сүрөткө токтолдук. Бул сүрөттү тартып жаткан учурда биздин топко балдар кошула элек болчу. Жалаң кыздар тартып бүтүрдүк. Муралдын урааны – “Эң баалуу нерсени сактайбыз”. Башкача айтканда. “Бул образдарды медер тутуу менен Кыргызстандын маданиятын сактайбыз”, – деп камсыздандыруу компаниясы түшүндүргөн.

– Кандай боёкторду колдоносуздар?

–  Биз ар түрдүү боёкторду пайдаланабыз, фасад жана интерьердик боёктор. Эң негизгиси алар жаан-чачында, күндүн ысыгында өчпөөгө тийиш.

– Сүрөт көргөзмөлөрүнө, ар кандай фестивалдарга катышасыздарбы?

– Топтун ичинен ар бир сүрөтчү жалгыз тарткан эмгегин алып, көргөзмөлөргө катышкан. Бирок, жалпы топтун эмгегин көргөзмөлөргө бере элекпиз.

– Чыгармачыл илхамды кайдан аласыздар?

– Илхамдын келүүсүнө көбүнчө коомчулуктун жагымдуу пикирлери себеп болот. Анан да чыгармачылык эргүүнү улуттук кол өнөрчүлүктөн жана салттык мотивдерден алып жатабыз. Ошондуктан биздин өзгөчөлүгүбүз – эски жана модерн стилдердин айкалышы.

– Эң эсте калган, кызыктуу долбооруңуз тууралуу айтып бере аласызбы?

«Дарыгерге таазим»

– Окуу жыл башталарда бир жакшы буюртма болгон. Мектептин дубалына “Түбү жок асман” – деген темадагы долбоорду ишке ашырдык. Ал долбоордун башкы максаты мектеп окуучуларынын ой-кыялын чектебөө. Анан дагы бир кызыктуу долбоор Казармандагы ооруканада коронавирус учурунда жанын аябай эмгек кылган дарыгерлерди колдоого арналган  “Дарыгерге таазим” –  долбоору. Биз тарткан сүрөттөрдөн коомчулук өзүнө сабак алса, ойлору жакшы жакка өзгөрсө бул биздин максаттын ишке ашканы деп билебиз.

«Түбү жок асман»

– Учурда кандай иштер жүруп жатат?

– Биздин тарткан сүрөтүбүз Кыргызстандан тышкары, Казакстан жана Араб Эмираттарынын Дубай шаарында орун алды. Жакында АКШга да бир канча долбоорлор жиберилди. Буюрса, америкалыктар менен тажрыйба алмашуу болот.

Асель РАМАНКУЛ кызы

0 Поделились