4-сентябрга карата аба ырайы

Өлкө боюнча 4-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19 күндүз 29…34

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15 күндүз 28…33

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында түнкүсүн 14…19 күндүз 29…34

Ысык-Көл областында түнкүсүн 10…15 күндүз 24…29

Нарын областында түнкүсүн 5…10 күндүз 25…30

Бишкек шаарында 4-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 17…19 күндүз 32…34 ысык болот.

Булак: © Кыргызгидромет