Бишкектин бир баш оорусу – мыйзамсыз курулуштар

Бишкекте эки көйгөй бар. Бири — жолдор, бири — мыйзамсыз курулуштар. Акыркы он жылда мэрия мыйзамсыз курулуштарга каршы күрөш жарыялап, кызыл чектен чыгып кеткен эшик алдындагы дубал тосмолорду, күркөлөрдү, майда дүкөндөрдү эле эмес, 2-3 кабат үйлөрдү да түрттүрүп, иш жүрүп жаткандай. Бирок, мыйзамсыз курулуштар ушунчалык көп болгондуктан, бул иштин аягына жакын арада чыкчудай көрүнбөйт.

Быйыл Кытай өкмөтү тарабынан берилген гранттын эсебинен шаар ичиндеги бир катар көчөлөрдүн жолу асфальтталып, бир катары кайрадан реконструкцияланды. Жолдорду оңдоо, асфальттоо иштери ала жаздан эле башталган. Мэрия сентябрь айына, суук түшүп, күзгү жамгыр башталганга чейин жолдорго асфальт төшөлүп, тротуарлар салынат деп убада кылган. Тилекке каршы, кытай тарап өз убагында финансыласа да, мэрия убадасын өз убагында аткара алган жок. Бул барып келип эле мыйзамсыз курулуштарга такалат.

Айталы, Ленин районунун Арча-Бешик конушундагы Эр Тайлак көчөсүнүн Репинден Арча-Бешик көчөсүнө чейинки бөлүгү быйыл сентябрь айына чейин асфальтталмак. Даярдык иштери ала жаздан башталган. Жолчулар жергиликтүү тургундардан кызыл чектен чыгып кеткен курулуштарын алдырып, суу жана канализациясын талапка ылайык жасап алышына мүмкүндүк бергичекти эле май айы келип калды. Май айынан иш кызуу башталып, Эр Тайлактын Арча-Бешик көчөсүнөн Шералиев көчөсүнө чейинки бөлүгү сентябрь айынын башына чейин эле өз мөөнөтүндө бүткөн. Ал эми Шералиев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө иш алигиче баштала элек.

“Жолчулар жолду аң-чөнөк кылып казып башташты да, ошону менен таштап салышты. Эми күзгү жамгыр башталса, жол баткак болот. Иштин башталып, чала ташталып салынганынан улам, бизге эртели-кеч ылай кечүүгө туура келет. Чоңдорго да эч нерсе эмес, балдарыбыз ылай кечип мектепке барып келмей болуп калышты. Кичинекейлерге эле кыйын, качан да болсо, чоңдор чала жасаган иштин азабын алар тартышат”, – деп кейишүүдө жергиликтүү тургундар.

Айтымда, Эр Тайлак көчөсүнүн бул бөлүгүнүн асфальтталбай калышына кызыл чектен чыгып кеткен мыйзамсыз курулуштар жана ичүүчү суунун түтүгүн алмаштыруу керектиги себеп болгон. Мэрия-нын айтымында, жол куруу иштери ичүүчү суу түтүктөрү тартылгандан кийин улантылат.

Быйыл мэрия пресс-тур уюштуруп, кытай грантынын эсебинен курулуп жаткан жолдордун курулушу менен тааныштырган. Ошондо мэриянын жооптуу кызматкерлери журналисттерди мурдагы Кропоткина, азыркы Шүкүров көчөсүнө алпарып, көчөдөгү 71 үйдүн курулуштары кызыл чектен чыгып кеткенин, мэриянын кызматкерлери дээрлик күн сайын мыйзамсыз курулуштардын ээлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, мыйзамсыз курулуштарды алууга убакыт бергенин айтышкан.

Ошондо мэриянын Транспорт департаментинин башчысы М.Нусувалиевге кайрылып: “Бул көчөнүн асфальты дурус эле экен. Бишкектин жаңы конуштарында асфальт көрө элек көчөлөр көп го. Минтип 71 үйдүн эшигин кагып, мыйзамсыз курулушуңарды алгыла деп жаман-жакшы көрүнгүчө ошол асфальты жок көчөлөрдү асфальт-таса болбойт беле?” – деп суроо салганым эсимде.

Шүкүров көчөсүндөгү ар бир экинчи үй заңгыраган эки-үч кабат үйлөр экен. Мамлекеттик чоң-майда чиновниктер жана колунда бар адамдар жашай турганы дароо көрүнгөн. Асфальты дурус эле көчөсүн кайрадан асфальттатуу да ушул көчөдө жашаган кайсы бир чиновниктин демилгесинен улам болгон деген божомол да чындыкка жакын. Бирок, анда мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлөт деген ой алардын түшүнө да кирбесе керек.

Эми минтип мыйзамсыз курулуштарды бузуу маселесине келгенде, жергиликтүү тургундар мыйзамсыз курулуштарын бузгусу келбей, Шүкүров көчөсүнүн реконструкциясы май айында эле башталса да, улам кийинкиге жылдырылып отуруп, сентябрь да аяктады.

Бул көчөдөгү «кызыл тилкеден» чыгып кетти делген дубал тосмолордун бири Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык делген үйгө тиешелүү экен. Ал 29-сентябрда атайын курулуш техникасы менен сүрдүрүлүп, тосмо дубалды буздуруп жаткан жумушчулардын башында болгон шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев парламентке чакырылып, депутат Элмурза Сатыбалдиев, анын коллегасы Бактыбек Сыдыковдон кыйла жеме укту.

Вице-мэр ким бирөөгө жамандык издеп же ким бирөөнүн артынан түшүп, кандайдыр бир буюрт-ма аткарып жатпаганы айтпаса да түшүнүктүү. Маселе, Шүкүров көчөсүнүн жолу кытай грантынын эсебинен кайрадан реконструкция турган көчөлөрдүн катарына кирип калганында. Болбосо, 71 үйдүн мыйзамсыз курулушу менен эч кимдин иши да болмок эмес. Баса, Шүкүров көчөсүндөгүдөй мыйзамсыз курулуштар Бишкектин ар бир көчөсүндө бар. Ал мыйзамсыз курулуштар шаардын көркүн бузбаса да, кызыл чектен өтүп кеткен да, тротуарларды ээлеп калган. Анан минтип жол салып, асфальт төшөй келгенде, Эр Тайлак көчөсүнүн Шералиев көчөсүнөн Репин көчөсүнө чейинки бөлүгүндөй же Шүкүров көчөсүндөй болуп, жол оңдоо, реконструкциялоо иштерине көйгөй жарата берет. Андыктан, Бишкектин тургундары, анын ичинде Э.Сатыбалдиевге окшогон аттуу-баштуу депутаттар шаар курулуш иштерин түшүнүү менен кабыл алып, вице-мэрлерди коркутуп-үркүткөндөн көрө, бул маселени чечүүнүн мыйзамдуу жолдорун таап берсе болмок.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

0 Поделились