Жаңы жарлык жакшы кинолорду тартууга өбөлгө

Кыргызстанда жакшы кинолор тартылбай калды”, – деген пикир айтылып жүрөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов соцтармактардагы суроолорго жооп берип жатып мындай дейт: “Азыр дурус кинолор бар. Эл аралык конкурс, фестивалдардан гран-прилерди алып келип жатышат. Албетте, бул жакшы дечи. Бирок, жалаң эле  мындай фильмдерди тартуу менен чектелип калбашыбыз керек. Кыргыз коомчулугун мекенчилдик улуу максаттарга багыттаган, калктын көркөм фильмдерге табитин көтөргөн, мамлекеттин өнүгүшүнө таасирдүү тасмаларды чыгарбасак болбой калды. Көп жылдан бери нукура көркөм фильмдерди тартууга олуттуу каражат бөлүнгөн эмес. Жакында Президент С.Жапаровдун кино тармагын өнүктүрүүгө карата жарлыгы чыкты. Ал боюнча ири каражат бөлүнүп, атайын фонд түзүлө турган болду. Ага көркөм фильмдерди, кыргыз сериалдарын тартабыз. Сценарийлерди ийине жеткире талдап иргеген атайын кино комиссия түзүлөт”.

Ошондой болсо да, кинематографисттердин арасында мындай ири акча акыйкат бөлүштүрүлүп, чыныгы көркөм фильмдерди тартууга жол ачыларына ишенбегендер да бар. Анткени, бюджеттен бөлүнгөн каражатты көп жыл бою иштеген бир ууч адамдар алып, жаштардын жаңы фильм тартуусуна мүмкүнчүлүк беришпейт. Мыкты сценарий үчүн каражат бөлүнүшү керек болсо, тескерисинче, ал жакта мыкты каражатка карап сценарий жазылып калган. Бирок, бул боюнча министр: “Келерки жылы чоң каражат бөлүнүп калса, ар бир киносценарийди өзүбүз карап чыгабыз. Көркөм кеңештин курамын да өзүбүз топтойбуз. Бардыгы ачык-айкын болоруна шарт түзүлөт. Авторлор азыртадан сериалдарын, көркөм фильмдердин сценарийлерин даярдай беришсе болот. Ал эми анимациялык фильмдерди тарта турган режиссерлорго да иш табылат”, – деп билдирди.

Кыргыз киносу тармагында көйгөй көп. Азыркы күндө Москвадан, Ташкенттен билим алып келген профессионал кино сынчылар жок. Т.Океев, Б.Шамшиев, М.Убукеев, Д.Садырбаев сыяктуу корифейлер тартып, “Кыргыз керемети” аталган фильмдерге кесипкөй киноведдер пикирин айтып, керек жерде катуу сындап турушчу. Учурда Кыргызстанда бир дагы жогорку окуу жайы театровед менен киновед адистигин окутпайт. Жаш режиссерлордун арасында көркөмдүүлүгү тайкы, көрүүчүлөргө жукпаса да, өздөрү ырсаңдаган “комедия” жанрындагы тасмалар көбөйдү. Комедияны жеңил-желпи жанр катары түшүнүп алгандар бар. Дүйнө классикасында дагы, улуттук классикалык чыгармаларда дагы комедиянын орду олуттуу болчу. Тасмада же сахнада өз доорунун кемчиликтерин сынга алган персонаждар бар эле. Балдарга арналган фильмдер жокко эсе.

А.Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театры да ушуга окшош кемчиликтерден куру эмес. Министрликтин пикири боюнча улуттук баалуулуктарды көтөргөн чыгармалар коюлбай, жаңы опералар жазылбай калды. Балеттик жаңы спектаклдер совет жылдарынан бери жаңыртылган эмес. Репертуары кайталанма бойдон калган. Бирок, театрдын имаратты миллиондогон сомго капиталдык оңдоодон өттү. Эми чыгармачылык жагдайын алдыга жылдыруу максатында кадрлар боюнча иш башталыптыр.

0 Поделились