4-сентябрда айрым жерлерде электр энергиясы өчүрүлөт

«Түндүкэлектро» ишканасынын маалыматы боюнча, Бишкектин Чүй проспектинде, Ала-Тоо, Ак-Өргөө жаңы конуштарында, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт.

Ал эми «Ошэлектро» ишканасы маалымдагандай, Ош шаарынын Амир-Тимур, Курманжан Датка, Манас-Ата кичи райондорунда, Жапалак айыл өкмөтүндө, Кара-Суу районунун шаарга жакын айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.

Өчүрүү тармакты кышка карата даярдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлүп жатат.

Булак: «Азаттык»