Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Касен табып алдына келген тууралган этти же шашканынан, же кардынын ачканынан экени белгисиз, саал калтырак баскан колу менен аптыга-аптыга сугунуп, кеседеги мелт-калт куюлган аксеркени тынбай, кылкылдата жутту да, эки алаканын бетине сүртө оомийин кылды.

Алда нени ойлонуп отуруп, олуттуу чечимге келгендей бир убакта ордунан шарт туруп, чыгып кетип бараткан күйөөсүнө аялы адатынча каңкылдай албай, оозун таптап барып, унчукпай калып калды.

Касенге аялынын мунусу жакты. Атүгүл жакшылыкка жоруду. “Ылайым эле Кудай дээрине бирдеме салып, ушинтип каш-кабактан түшүнүп калса кана”, – деди короодон чыгып баратып оюнда. Жагымдуулуктан жандүйнөсү жымылдап, жашоосу бейиш өңдөнүп кетти. “Э, Алла, оң жолуңа багыштай көр, уулума бак-таалай бере көр?.. – деди жолдо өзү менен өзү сүйлөшүп. – Баштатан эле билип, боолгодум эле. Бирок балалык кылып жатат, баралына келгиче баары өтөт-кетет дедим эле. Айрыкча, Асылбек кызын Бектемирге бергенде көпкө чейин жанын коёрго жер таппай, бир топко чейин чүнчүп кетпеди беле. Баарын эле көрүп, билип жүрбөдүмбү.

Баланын жандүйнөсү жабыркабай, тазалансын, айыксын деп атайылап эле алаксытып, жаныма эрчитип алып аска-зоого чыгарып, дары чөп издетип, табыпчылыктын жолун үйрөттүм…

Ошонун баарында баланын көөдөнүндө эле эмес, көздөрүндөгү көлкүлдөгөн ызаны көрсөм да, көрмөксөн болдум… Бирок ошондо деле Кызмончок тууралуу, ага болгон сезими тууралуу кантип айтып алганын өзү деле байкабай калчу. Кээде жарк этип, күндөй жадыраса, кээде көкүрөк-көңүлүн сур булут каптап келип, түн түшүп калчу. Андайда мени билбесин дегени да, калп эле ичин басып, ооруган киши өндөнүп , төрт бүктөлө ары карап жатып алчу. Жашырганы менен эки ийини акырын солкулдап, үн чыгарбай ыйлап жатканын билчүмүн… Жубарымбек…

Кээде мыйыгымдан күлсөм, кээде баягы мен сезгендин баарын – менин башымдан өткөн тунгуч сезимдерди, андан кийинки, Алымкан күйөөгө тийип кеткендеги ызаланганымды… ушунун баарын баламдан көрүп, бир чети уулумдун чоңоюп калганына кубансам, бир чети каңырыгым түтөп…

Эми карабайсыңбы! Эми эмне дейм?! Балам тарапта болуп, каалаганын алып берсем, эл эмне дейт?! Эси жок энеси эмне дейт?! Баарынан мурун экөөнүн жашоосу кандай болот? Бектемир бутуна туруп, акыл-эсине келип, этинин ооруганы айыккан соң талак бергенин унутуп: “Менин катынымды тартып алдың!” – деп балама өмүр бою жоо болсочу? Анда айылдын ынтымагы ыдырап, эл экиге ажырым болуп кетпейби!

Антпей турган күндө да, тиги Абылайдын башына келген кырсык, оору, азап, кайгы менин үйүмө ообос бекен? Жок, жок… Кызмончок деле алда немедей болгон бала эмес беле, Асылбек менен Сырга кандай адамдар эле?.. Антейин десем, алардын эрте өлүп кеткенин да жыландарга жоруп жүрүшөт… Кантсем экен?! Кантем?!.”

Ушинтип ойго жетеленген Касен табып Абылайдыкына келди.

Баягы отургандардын көбү кетип, Абылай менен Чынтемирден башка эки-үч аялэркек калыптыр.

Кирип келип эле Бектемирге баш багып, тамырын кармап, санаасы тынчыгандай болуп чыкты.

Ага удаа эле тамак-аш жасап алган Дилдекан келини менен кирип келгенде, үйгө ысык тамактын жыты “бур-р” этти эле отургандар жандана түшкөндөй болушту.

– Ошону ырас кылбадыңбы, Абылайдын деле өзөгү карарды го, капырай, – деди Сайранын оозуна суу тамызып отурган шыпшынчаак кемпир экиден шыбырашып отурган келиндерге карап. – Ботом, эмкилерге айтмайын эле эчтеке жок, ушу жерде отургуча бирдеме аса койсоңор болот беле?

– Жеңем менен уул ооруп жатса, той кылат белек?! Акеме жана сүзмө катыктап, ысык жарма ичирип койгонбуз, – тыкчыңдады бир келин.

Кемпир жактырбагандай шыпшынып койду.

– Бектемирдин да эшигин ачып койгула, – деди дем салганы отурган Касен төркү үйдү жаңсап.

– Айтмакчы, чогуу-чаран кеңешип, акылдаша турган кеп-сөз бар…

Муну: “кетпей, бу жерде болуп тургула”, – дегендей айтты.

Анын эмне тууралуу кеп кылары баарына маалым болчу. Атүгүл анын эмне деп айтаарын деле алдын ала божомолдоп, баятан бери кеп кылып отурушкан.

– Абылай менен Сайраныкы бүтүп, эми бечара Касендин шору башталган бейм… Баланы берсе деле Кудай акылы менен, ыйманы менен, бактысы менен берсин, – деген Асанбү Бурулчанын кулагына шыбырай калган:

–Бектемир сиздин кызыңызды теңсинбей, Кызмончоктун сулуулугуна алданды да, жеңе. Тигине, сиздей кудагыйлуу болуп, Үмөттүкү жыргап эле отурбайбы.

Асанбүнүн оюн окугандай таап айтканына ынанган Бурулча башын ийкеңдетип:

– Ботом, чөптү кордосо деле көзгө зыян эмеспи, – деди.

– Эми Асанды карабайсыңбы, – деди алардын эмне тууралуу кеп кылып жатканын алдыртан билген кемпир. – Ботом, кыз калбай калгансып, бирөөнүн талак берген жубанына эмнеге кызыкты дейм да.

– Ооба десең, элге окшогон бир жубан болсо бир жөн, кайдагы бир кесепеттүү немеге…

– Ушу жыландан кутулбайт окшойбуз деги. Эми тынчыдык го деп турсак…

– Эми эмне болот десең, ботом?

– Эми табып аке деле жөн киши эмес, баарын көрүп, билип жатпайбы. Бу жеңем менен уулдун акыбалынан кийин деле Кызмончокту үйүнө бут малдырбайт го! Анын үстүнө тиги Калича эле жылан келин менен батыша коет дейсиңерби?

– Ооба. Анткен менен Асандын эси бар, атасынын айтканынан чыкпайт, өзү деле тамырчы неме… билер.

– Ой, Бектемир эле эси жок бала беле?!

Канча акыл-эстүү болсо да тиги арбайт экен да…

– Эми биз а дейбиз, бу дейбиз, баарын

чече турган Касен аке өзү. Баласына тили өтөт чыгар, ботом.

– Ай, бирдемени билип-билбей эле сүйлөй бересиңерби! Же эмне, Кызмончок жылан болуп бирөөнү чакты беле?! – деди Дилдекан баарынын оозун жап кылып. – “Жылансың” дей берип өзүбүз эле жылан кылып жатабыз аны. Тилин таап, боорго тартпаса, биз деле жылан эмес, ажыдаар болгону турбайбызбы! Дагы Кызмончок кыйын чыдады! Тилиңерди тишиңерге катып, чыдай тургула эми, Касен акем келсин…

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.