Эл жазуучусу Мар Байжиевди эскерүү кечеси өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргыз эл жазуучусу, III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери, Кыргызстан улуттук кино академиясынын мүчөсү, драматург Мар Байжиевди эскерүү кечеси өтөт.

Улуттук адабиятты өнүктүрүү борбору уюштуруп жаткан эскерүү иш-чарасы эртең, 6-октябрда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт.

Эскерүү кечеге коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, акын-жазуучулар, театр жана кино жаатындагы кесиптештери катышат.

М.Байжиев 1935-жылдын 23-мартында Жалал-Абад облусунда туулган. Ал коомчулукка драматург, прозаик, журналист, жазуучу, адабиятчы, котормочу, кино жана театр режиссёру катары белгилүү. Мар Байжиев 2021-жылдын 29-октябрында 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

0 Поделились