Жаштардын жаўы Өкмөтү «Жаңы доорго кырк кадам» менен аттанды

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


Мурдагы Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков президенттике талапкерлигин койгондугуна байланыштуу отставкага кеткен. Анын ордуна коалициялык көпчүлүк президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковду сунуштап, 25-август күнү парламент жаңы өкмөт башчыны бекитип берди. Добуш берүү ачык электрондук жол менен өтүп, сунушталган программага 102 депутаттын 97си макул, бешөө каршы болсо, түзүмгө 96сы макул, алтоо каршы болду. Ал эми курамына 97 макул болуп, бешөө каршы добуш беришти. Сапар Исаков топтоп келген өкмөттүн орточо жашы 46 жашты түзөт. Эң жашы экономика министри Артём Новиков болгону 30 жашта экенине карабастан тажрыйбалуу кадр экенин Сапар Исаков ишендирип кетти. Бул жалпысынан Кыргызстандын тарыхында 28-өкмөт болду.

 Эң башкысы экономика

Учурда коомчулукта жаштардан куралган жаңы өкмөт канчалык элдин үмүтүн актайт деген суроо коюлууда. Өкмөт өзүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасы менен ишти баштай турганын жарыя салды. Аталган өкмөт өзүнө карата айтылган аз-маз сындарга карабастан, амбициялуу программа менен аттанып жатат. Сапар Исаков баштаган жаңы өкмөттүн программасы «Элдик экономика бакубаттыгы», «Калктын социалдык бакубаттыгы» жана «Коопсуздук» деген үч негизги багытта иш алып барары белгилүү болду. Алар тогуз улуттук реформа жана тогуз улуттук өнүктүрүү программаларын камтыйт. Өнүктүрүү программасы агро өнөржай жана кооперация, туруктуу туризм, өнөр жай, саламаттуу калк, коопсуздук, атуулдук жана тил саясаты, экологиялык коопсуздук багыттары боюнча жүзөгө ашырылат. Аталган программада экономикалык өсүш приоритеттүү багыт боло турганы белгилүү болуп калды. Себеби жаңы жана жаш кадрлар экономисттер. Маселен, улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов экономикалык кризис каптап, кошуна өлкөлөрдүн валюталары оор учурда турганда сомдун туруктуулугун кармап кала алды. Андан тышкары чендик эсепти 5 пайызга чейин түшүрүп, карапайым калк үчүн кредиттик пайыздын төмөндөшүнө салымын кошту. Ал эми экономика министри болуп дайындалган Артем Новиков өзүнүн отуз жашында президенттик аппаратта, өкмөттө иштеген жана экономика илимдеринин кандидаты. Ага сиз өкмөттүн эң жаш мүчөсү экенсиз, өзүңүздү кандай сезип жатасыз деген журналисттердин суроосуна, “Чынын айтсам мындай боло турганын билген эмесмин. Анткени, бул сунуш мен үчүн күтүүсүз болду. Ошентсе дагы мага артылган жоопкерчиликти актап, келечекте жыйынтыктуу иш алып барууга аракет кылам”, – деп билдирди.

Жаш кадрлар десе эле “бала, баланын иши чала” деген мааниде кабыл алып көнүп калган биздин коом үчүн мындай көрүнүш көптөргө кооптуу сезилип жатканы байкалып турду. Ошентсе дагы Сапар Исаков ар бир өкмөт мүчөсү үчүн жооп кылып, эгер алар ишин жыйынтыктуу аткара албай калса, ЖК депутаттары менен биргеликте иште натыйжа чыгара албагандарга чара көрүлө турганын билдирди.

– Ар бир өкмөт мүчөсүнө так милдеттер коюлат. Аткара албаса кетиребиз. Силерге берген убадаларыбызды аткарганга аракет кылабыз. Коррупцияга малынып, иштебей жүрсө коштошобуз, – деди Исаков.

Суроо-жооп маалында ири ишканаларды инвестициялоо, маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагын, региондорду өнүктүрүү, жөлөкпул, эмгек акыларды жогорулатуу, жол коопсуздугу сындуу бир катар маселелердин чечилиши такталды. Мындан сырткары, бир катар депутаттар келечекте жаштардын аброюна шек жаратпоо үчүн Сапар Исаков баштаган министрлер кабинетиндеги жаштардын жигердүү, ишенимди актай тургандай иш алпарышы керектигин белгилешти.

Алгачкы иш жыйын, алдыга койгон максатты талкуулоо

26-август күнү өлкөдө эс алуу күнү экенине карабастан Өкмөт мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдардын жетекчилери менен биринчи жумушчу жыйынын өткөрдү. Жыйында Сапар Исаков жаңы Өкмөттүн алдында турган кыска убакыт аралыгында ишке ашырылуучу бир катар тапшырмаларга токтолуп, экономиканын түрдүү тармагын реформалоого багытталган «Жаңы доорго – кырк кадам» Өкмөттүк программасын эффективдүү ишке ашыруунун үстүнөн иш алып баруу керектигин баса белгиледи.

Өкмөт башчы министрликтер менен ведомстволордун ишмердүүлүгүндөгү негизги талаптардын бири, кабыл алынган кандай гана чечим болбосун оперативдүү жана эффективдүү аткаруу керек экенин билдирди. Аны менен бирге Премьер-министр Сапар Исаков «Жаңы доорго кырк кадам» Өкмөттүк программасында жана башка стратегиялык документтерде коюлган тапшырмаларды убагында аткаруу үчүн Өкмөттүн аппараты, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бири-бири менен тыгыз байланышта иш алып баруусу зарылдыгын баса белгиледи.

Айбек АИЛЧИЕВ, «Консалтинг» компаниясынын мүдүрү

Айбек АИЛЧИЕВ

“Жаштардын бийликке келишин коом самап, күтүп келген”

Үмүт бере турган өкмөт. Коомдун ишеними, үмүтү дайым жаштарда болуп келген. Кайсы доор, кайсы кылым болбосун ишеним дайым жаштарда болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Дүйнө ааламдашып, технология, инновация өнүгүп жаткан учурда заманбап жаштардын бийликке келишин коом самап, күтүп келген. Биз ар дайым бийликтен жаштардын башкаруу кызматына келишин талап кылып келгенбиз. Эсиңиздерде болсо керек. Мындан эки жыл мурун президент Алмазбек Атамбаев ЖМК менен жолугушуусунда «Мен саясатка жаштарды алып келип, эскилерин өзүм менен кошо ала кетем» маанисинде билдирүү тараткан. Карапайым калк ошону күтүп отуруп, эми ишке ашып отурат. Биздин байлык бул «Кумтөр» ГЭСтер эмес, дал ушул билимдүү жаштар экенин айтсак Сапар Исаковдун феномени бүгүнкү талапка шайкеш келет. Сапар Жумакадырович бийликтин эрежеси менен бардык тепкичти ырааты менен басып, тажырыйба топтогон жаңы муун өкүлү. Тышкы саясаттагы кадыры бийик, байланышы күчтүү саясатчыга ушул куракта жеткени өлкө үчүн учурунда жемишин берет. Уюштуруу жөндөмү күчтүү адис экенин эки жолку «Дүйнөлүк көчмөндөр» оюндарында көрдүк. Дүйнөлүк практикада президенттин же премьер-министрдин атайын окуусу жок. Бул даражага алган багытындагы билими аркылуу жана уюштуруу жөндөмүнө жараша критерийлер менен тандалгандыктан Сапар Исаков өз учурунда, туура мезгилде өкмөт башына келди деп ойлойм. Коом ар дайым жаштардын бийликке келүүсүн көксөп келсе, азыркы куралган команданын иши алты айда жемишин берет деп ойлойм. Азыркы өкмөт курамындагы Толкунбек Абдыгулов, Дүйшөнбек Зилалиев, Темир Жумакадыров мырзалар заманга шайкеш, билими терең жетекчилерге айлана алышты. Биз сын айтардан мурун алардын алып барган ишине маани берип, алгачкы учурларда колдоого милдеттүүбүз. «Таза Коом» долбоору азыркы өкмөттүн иш багыттарынын негизи болушу зарыл. Биз мамлекеттик мекемелерди электрондоштуруп, ачык айкын маалымат алууга жетишсек бюрократия, коррупция тез арада токтойт деген үмүт бар.

Ошол эле учурда президент А. Атамбаев президенттик администрация жетекчилигине буга чейин эч бир саясий чөйрөгө тиешеси жок, интригалардан алыс, саясат менен алектенбеген чыныгы аппаратчы Алмаз Үсөновду алып келиши колдоого аларлык. Алмаз Үсөнов буга чейин президенттин маалымат саясаты бөлүмүн тейлеп, саясий элита менен эч убакта конфронтацияга барган жок. Интригаларга аралашып, президентке көлөкө түшүргөнүн байкабадык. Өз ишинин мыкты адиси катары бир канча жыл президенттик аппаратта бөлүм жетектеп, дасыккан адиске айланды. Негизинен эле президенттин акыркы кадр саясатына жаңы кан куюшу, батылдык менен жаштарды бийликтин жогорку тепкичине тартышы азыр коомчулуктун чоң колдоосуна ээ болуп жатат. Албетте, жөн салды мактагандан биз алыс болушубуз керек.

Бирок, коомдук пикир дайыма жетекчилик корпустан жаштарды көргүсү келген. Бул аванс бардык жаштарга берилди. Камчы салдырбай иштеп кетишсе өлкө тез арада ири реформаларга ээ болот. Эң негизгиси сырттагы, өлкөдөгү жаштарда үмүт оту пайда болуп, эгерде иштин майын чыгарса мамлекеттик бийик орундарга жетишүү алыс эмес экенин билишти. Кадр саясатындагы мурункудай «кызмат сатылат» деген түшүнүк жокко чыкты.

Чолпон ОСМОНОВА, коомдук ишмер

Чолпон ОСМОНОВА

“Мен бул жаштарга ишенем”

Бизге Сапар Жумакадыровичтей жаштар жетишпей жаткан. Өкмөткө жаштардын келгени Кыргызстандын жөнөкөй жараны катары мени абдан кубандырды. Алар азыркы замандын балдары. Кыргызстандагы 90-жылдардагы каатчылыкты көрүшкөн, өз эмгеги, билими менен азыркы деңгээлге жетишкен. Алар өнүккөн өлкөлөрдө жашап, окуп келген балдар. Негизи Сапар Исаков жаш болсо дагы көптү көргөн, адамкерчиликтүү, токтоо, эл менен мамиле түзө алган жөнөкөй адам. Президенттик аппараттын башчылыгына барган Алмаз Үсөнов дагы өз ордун тапты.

Аппараттык кызматтарда иштеп, такшалып өзүн көрсөтө алды. Анын дагы адамкерчилиги бийик, ыймандуу, жайдары жигит. Эски жүздөрдөн элибиз деле кадимкидей тажап калган. Буюрса бул жаштардан үмүтүбүз чоң. Мен бул жаштарга ишенем!

«Кыргыз Туусу» 2017-жылдын 29-августу №67 (24163)