Жалал-Абадда убактылуу газ өчүрүлдү

“Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы Жалал-Абад шаарында 4-13-сентябрга чейин абоненттерге жарытылыш газын берүү токтотулганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, оңдоп түзөө иштерине байланыштуу Жалал-Абад шаарынын тургундарына газ берүү убактылуу токтотулду. Ремонт иштери көгүлтүр отту мындан ары үзгүлтүксүз берүү максатында жүргүзүлүп жатат.