ЖарнамаМаек

Болот ШЕРИМБАЕВ: «Дени сак эл күчтүү мамлекеттин өзөгү»

Каарманыбыз Болот Шеримбаев 1967-жылы Москва районундагы Ак-Башат айылында туулган.  Мындан бир нече жыл мурун Иса Ахунбаев атындагы КММАнын стоматология факультетин ийгиликтүү аяктап, туулуп-өскөн Москва районуна кайтып келип, Ата Журтуна арнаган ак кызматын өтөө менен алек. Аймактык ооруканада тиш дарылоо бөлүмүнүн башчысы кызматы менен бирге 12 жыл бою профсоюз уюмунун жетекчиси болуп, кошумча милдетти аркалап, медицина кызматкерлеринин кызыкчылыгына арналган иш-аракеттерин ийгиликтер жылоолоду. 4 баланын атасы, өмүрлүк жары Жанат Жанабаеванын кесиби экономист. 2008-жылы Ак-Суу айыл аймагынын жашоочулары Болот Жалпэтековичти айыл аймагынын башчысы кылып шайлап алышат. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тутумунда эки жылга жакын үзүрлүү эмгектенгенден кийин райондук оорукананын жетекчисинин орду бошоп, ал кызматка жергиликтүү тургундардын өтүнүчү менен которулуп келет. Ошентип, каарманыбыз Москва райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси болуп 14 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Аталган райондо 100 миңден ашуун калк жашайт. Бирок, ички-тышкы миграция агымынын шарданы менен райондо факты жүзүндө андан дагы көп экендигин айтышууда.

Болот Шеримбаев биз менен болгон маегинде оорукана-дагы ийгиликтер туурасында төмөндөгүлөрдү айтып берди.

– Болот мырза, саламаттыкты сактоо тармагында реформалар жүрүп жатат. Сиздердин аймакта бул иш-чара кандай жүзөгө ашырылып жатат? Медициналык кадрлар жетиштүүбү?

– 2021-жылдын май айынан бери Кыргыз Републикасынын саламаттыкты сактоо министрлигинин чечими менен Москва районундагы калктын саламаттыгын сактоочу 5 мекеме бириктик. Алар үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, аймактык оорукана, стоматологиялык оорукана ошондой эле Садовое жана Александровка айылдарындагы үй-бүлөлүк ооруканалар бир мекемеге бириктик. Мурун бул айылдардагы ооруканалар өзүнчө юридикалык жак деп саналып, укуктары өзүнчө болчу. Азыр  болсо мекемебиз жалпы дарыгерлер практикалык борбору деп аталып калды. Натыйжа жаман эмес. Калкты сапаттуу тейлөө үчүн болгон аракетибизди жасап жатабыз.  Анан өзүңүз туура белгилегендей, кадрлардын  жетишсиздиги маселе жаратууда. Биздин мекемелерибизде врачтар аз. Өзгөчө үй-бүлөлүк дарыгерлер жок болуп жатат. Албетте, медицина акаде-миясынан окууну жаңы бүтүп келген дарыгерлер бар, бирок, алар айыл жерлерине барбастан, борбордо, жок дегенде район борборлорунда калып иштегенди туура көрүп жатышат.

Бүгүнкү күндө биздин борборубузда 8 дарыгерлер тобу бар. Бул дарыгерлер топторунун айрымдары аймагыбыздагы алыскы айыл өкмөттөрүндө жайгашкандыктан жаш, окууну жаңы бүтүп келген адистерибиз алыска барбай эле, чоң трасса боюндагы аймактардагы саламаттыкты сактоо мекемелеринде иштегиси келет.

Жалпы  дарыгерлер практикалык борбору деп аталганыбыздан бери “ак халатчан” врачтар колубуздан келген жардамдарыбызды элге берип жатабыз. Москва районунун тургундарынын саламаттыгына кам көрүүдө учур талабына шайкеш келген тейлөөнү камсыз кылып жатабыз.  Биздин райондун борбору Ак-Суу айылы Ош-Бишкек жолунун жээгинде жайгашкандыктан, мекемебизге ден соолугу күтүүсүздөн начарлаган, ар кандай кырсыкка кабылган адамдар дагы кайрылып турушат. Биз аларга тез аранын ичинде зарыл болгон тез жардамдарды көргөзөбүз. Бул багытта жетишкен ийгиликтерибиз дагы көп.

– Саламаттыкты сактоо тармагынын аймактардагы имараттарынын абалы талапка жооп береби?

– Чынында эле бул көйгөйлүү маселе. Маселен, биздин мекемебиздин имаратынын курулушуна абдан көп жыл болду. Мүмкүнчүлүккө жараша оңдоп, жаңылап турабыз.  Оорукананын төрөт бөлүмүн оңдоо боюнча  мурдатан эле планыбызда бар болчу, бирок биздин ишибиз пандемияга туш келип калып,  төрөт үйүн оңдоп-түзөө иштерин ары көздөй жылдырганга туура келген. Төрөт үйүн оңдоо үчүн аны 2 жумага жабуу пландалып жаткан. Бирок ал убакыт аздык кылгандыгына байланыштуу райондун акими жана координаторлор менен макулдашып убакытты дагы узарттык.

Ошол мезгилдерде мезгили жетип, төрөй турган айымдар Жайыл жана Сокулук райондорундагы төрөт бөлүмдөрүнө барып, көз жарып, кубанычка бөлөнүп жатышты. Бул маселеде биз ошол район-дордогу кесиптештерибиз менен алдын ала макулдашып алганбыз. Эгерде Жайыл жана Сокулук райондорундагы дарыгерлердин жалпы практикалык борборлорундагы төрөт бөлүмдөрүндө оңдоо иштери жүрсө, алар дагы бизге келсе болот. Кошуна райондордон келчү айымдарды өзүбүздүн төрөтканабыздан кабыл алып, жардам берүүгө даярбыз. Буюрса, оңдоо иштери толук аяктап,  ооруканабыздын төрөт бөлүмүн оңдоп, чатырларын алмаштырып алдык. Медицина жабдууларын орду-ордуна коюп, ишибизди улантуудабыз.

Мындан тышкары дагы бардык бөлүмдөрдө үстүртөн оңдоо иштерин жүргүздүк. Хирургиялык, балдар жана сыныктар бөлүмдөрүндө дагы оңдоп-түздөө иштери толук кандуу жүрдү. Ошону менен бирге ооруканабыздагы канализация системалары, суу түтүктөрү, жылуулук системалары чоң оңдоп-түзөөгө муктаж болуп, маселелерди жаратып келгени. Быйыл ушул сөз кылып жаткан системалардын бардыгын оңдоп бүтүрүп алдык. Бул системалар негизи 1970-жылдары салынган экен. Андан бери бир дагы жолу алмаштырылбаптыр. Күч келип, эскилиги жетсе темир дагы тешилет тура. Биз өзүбүздүн аймагыбыздагы жылуулук жеткире турган жылуулук трассаларын ачып, жаңылары менен алмаштырдык.

Бүгүнкү күндө Садовое айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына байланышкан эң көйгөйлүү маселе жаралууда. Анткени, аталган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты саламаттыкты сактоо министрлигинин балансында болуп, ал имарат 1962-жылы курулган экен. Ошондон бери ал имарат такыр оңдолбоптур. Быйыл ошол дарыгерлер борборунун имаратын оңдоп-түзөө үчүн абдан аракеттерди жасадык. Тилекке каршы,  бюджеттин тартыштыгынан оңдолбой калды. Бирок кышында көйгөй жаратпасын деп жылуулук системаларын толугу менен оңдоп бүтүрдүк. Ал эми келерки жылы толук оңдоо үчүн зарыл болгон документтерин даярдап, планга киргизип койдук. Иши кылып өзүбүздү өзүбүз каржыласак дагы оңдоо иштерин сөзсүз колго алабыз.

Ошондой эле  Темен-Суу айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жылуулук системасында көйгөйлөр болуп келген экен. Айыл өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, каражат табылды. Райондун казынасынан акча бөлүндү. Тендер жарыяланып, иштей турган топ тандалып алынды. Жылуулук берүүчү тутумдар жаңыланып, бул маселе артта калат, буюрса. Бул имараттын курулгандыгынан бери 50 жыл өткөндүктөн электр энергиясын жеткирүүчү жабдуулар четинен керектен чыга баштаган экен. Ошондой эле  дарыгерлер тобунун имаратынын электр зымдарынын дагы эскилиги жетиптир. Бул маселени да айыл өкмөттүн администрациясына билдирип, планга киргизип койдук. Электр жабдуулары дагы которулуп, жаңыланат.

Спартак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты дагы абдан эскирип калыптыр. Ал айылдын айыл өкмөт башчысына кайрылып отуруп, аны жаңыртуунун айласын дагы таптык. Ошол айылдагы эски мончонун жанына кошумча саламаттык сактоо имаратын санитардык-эпидемиологиялык абалга ылайыктап куруп алдык. Саламаттык сактоо системасындагы жетишпеген жабдуулар менен толуктап, санитардык-эпидемиологиялык мыйзамга дал келген  имаратты оңдоп, жакында эле көчүп кирдик.

Быйылкы жылы Петровка айыл-өкмөтүндөгү Сорок лет айылында Араб фондунун эсебинен 3,500 000 сомго жаңы ФАПтын имараты  курулду. Ал имараттын ачылышы болуп, учурда иштеп жатышат.

Ак-Суу айыл өкмөтүндөгү Ак-Башат айылында Темен-Суу айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу эскилиги жеткен ФАП бар болчу. Ал ФАПтын имараты айылдагы эски мончонун бир капталы эле. “Исар” араб фондусу менен сүйлөшүп 2 500 000 сомго жаңы ФАПтын имараты курулду.

Андан тышкары, Александровка айыл өкмөтүндөгү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна караштуу Беш-Көрүк айылында дагы жаңы ФАП курулуп бүттү.

Ошону менен быйылкы жылдын эсебинен биздин районубузда 3 жаңы ФАП ишке кирди. Бул үчүн учурдан пайдаланып араб фонддоруна ыраазычылыктарыбызды аябай билдиребиз.

Биз алдыбыздагы чоң пландарды ишке ашыруу үчүн араб мамлекетинен келген фонддор менен дагы жаңы ФАПтарды куруу боюнча сүйлөштүк. Беловодский айыл өкмөтүнүн Кош-Дөбө, Предтечен айыл өкмөтүндөгү Аң-Арык айылдарына жаңы ФАПтарды куруп берүү планга кирди. Негизи ал айылдарда ФАПтар бар болчу, бирок,  алардын эскилиги жеткендиктен ал жерде иштөө кооптуу. Негизинен биздин борбордун үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору айыл өкмөттүн балансында. Дотацияда отурган айыл өкмөттөрдөгү дарыгерлер тобунун жетишпеген жактары бар. Алар менен иш алып баруудабыз.

– Медицина  жаатында акыркы мезгилдерде реформа көп болду, сизге жакканы кайсы, жакпаганы кайсы болду? Жетекчи катары оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз.

– Жетекчи катары жекече оюм буга чейин реформа боло электе ооруган адамдарды кабыл алууда: “сеники меники” деп бөлүнүп калганбыз. Мисалга ала кетсек: “бул иш-үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун иши, аларга кайрылгыла” же “аймактык  ооруканага кайрылгыла, алар жасайт“ деп бөлүнүп калганбыз. Азыр болсо баарыбыз бир үй-бүлөдөй болуп калдык. Мурда амбулатордук кызматтарда оорулууну стационарга түртүп койчу, ал эми биз өкмөттүк оорукана болгондон кийин оорулууларды дагы тандап, туура келгенин ооруканага жаткызышыбыз керек. Анткени биздин мекеме ар качан ФОМСтин көзөмөлүндө болчубуз. Албетте, бейтаптардын да ооруканага жатып дагы, жатпай дагы дарылангандары болот. Ошол убакта кичине талаш-тартыш туулуп калчу. Азыркы убакта болсо бейтапты жалпы текшерип, дартын тактап,  кайсыл жакка жаткыра турганыбызды баарыбыз кеңешип анан туура тандоо кылып жатабыз. Анткени,   азыр биз оорулуу адамдар кайрылганда ар кимибиз милдетибизди туура билип калдык. Кай жерден катачылык кетирип жатсак дароо билинет. Ошол жагдайлар биз үчүн чоң пайдалуу болду деп ойлойм. Ар качан ҮБДТнун жетекчилери менен тез-тез жолугуп, алдыбыздагы иш-чараларды, милдеттерибизди тактап, иштерди жакшыртуунун жол-жоболорун сүйлөшөбүз.

– Акыркы учурда оорунун ар кандай түрлөрү көбөйүп жатат, ушул боюнча оюңуз кандай?

– Акыркы учурларда кан басымдары жогорулап инсульт, инфаркт дартына чалдыккандар көбөйүп жатат. Биз дагы ар кандай балакеттүү дарттардын алдын алуу үчүн семинарларды өткөзүп турабыз. Адамдарды чакырабыз, түшүндүрөбүз. Адамдар ошол жерге барып жөн гана кан басымын өлчөтүп кетип турса болот. Кант диабети дагы аябай көп кездешип атат, бул тукум кууган оорулардан болуп калды, мектеп курагындагы балдарда көп кездешип жатат. Кээ бирөө текшерилбей жүрө берет. “Акыркы мезгилде аябай суусап жатам, себеби неде?” – деп бизге баш багышкан адамдардын кантынын өлчөмү эң жогорку деңгээлде экендигине таң калып, кейийбиз. Өзүбүздүн кант диабетин текшерген аппаратыбыз бар, ал  аппарат кант диабети 32 ммоллдон ашып кетсе көргөзбөй калат, “жок дегенде ошол аппаратка текшерилип кеткиле” – деп айтып келе жатабыз.

Өзүбүздүн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун врачтарына: “Эртең менен саат 11ге чейин иштеп андан кийин 2 саат патронажга чыгып, элди текшергиле деп атабыз. Анткени бизде учетто отурган өнөкөт оорулары бар элдер аз эмес. Менин аябай текшерип жатканымдын себеби кош бойлуу аялдардын, ымыркайлардын өлүмүнүн алдын алуу. Жаңы төрөлгөн ымыркай менен жаңы төрөгөн эненин аман-эсен болуусу биз үчүн бакыт. Эгерде аларга бир нерсе болсо-бул нерсе моралдык жактан аябай жагымсыз нерсе, элдин ишеничинен чыкпай, жумушубузду так аткаруу милдетибиз. Кийинки учурларда медицина кызматкерлерине акча бербесең карабай калышты деген сөздөр көп эле кездешип жатат. Ушул сөздөрдөн алыс болуу керек.

Жакында ремонттон кийин ачылган төрөт үйүбүзгө чоң тамгалар менен: “Сүйүнчү, көрүндүк жана дары-дармекке акча бербегиле” деп жазып койдук. Анткени: “медицина кызматкерлерин акча берсең гана дарылайт, иштейт” – деген сөздөн алыс кылгым келет. Жакын арада эле биздин төрөт үйүбүзгө бир блогер келсе, ага бир дунган улутундагы айым биз акча төлөдүк деп айтыптыр. Бирок андан эч ким акча сурабаптыр, ал аялдын кайын энеси өз каалоосу менен кыргыздын салты менен: ”көрүндүк” деп берген экен. Албетте, бул биздин ата-бабалардан келе жаткан салт деп дагы түшүнөбүз бирок биз эч качан акча сурабайбыз. Ошондуктан: “Сүйүнчү, көрүндүк, дары-дармекке акча бербегиле! Эгерде медицина кызматкерлеринен акча сурай турган болсо мага чалгыла” – деп телефонумду кошо жазып койдум. Бул жагдай медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын көтөрүүдө жардам берет деген ойдомун.

– Медицина кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлүп ишке болгон мамилеси өзгөрсө керек…

– Медицина кызматкерлеринин айлык маяналары бир жылда эки жолу көтөрүлдү. Бул биз үчүн аябай чоң сыймык, айлыгыбызды көтөрүп берген өкмөткө ыраазыбыз. Азыр медицина кызматкерлери өз кесиптерин жан дилдери менен сүйүп, өтө берилүү менен адамдардын ден соолуктарына кам көрүшүүдө. Учурда эң жаш адисибиз 15 миң сомдун, көп жылдык стажы барлар 35 миң сомдун тегерегинде айлык алып жатышат. Акырындап бардыгы өз ордуна түшөт.  Быйылкы жылдын эсебинен жаңы окууну бүткөн 4 медицина кызматкерин кызматка  алдык. Медицина кызматкерлери көбүнчө айымдар болгондуктан турмушка чыгып кетишет. Туруктуу иштеп бере алышпайт. Анан дагы бир маселе жаңы келген кызматкерлердин жашоочу жайы жок болуп жатат. 10 жылдан ашык иштеген медицина кызматкерлери үчүн үй курууга жер участогун бөлүп берүү планын ишке киргизүүдөбүз.

– Маегиңизге чоң рахмат! Ийгиликтерди каалайбыз.

Москва райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун директору Болот Шеримбаев азыр өтө жооптуу милдеттерин так аткарып, аймак эли үчүн алардын саламаттыгы үчүн ыңгайлуу жагдайлар менен камсыз кылууда. Адамзаттын ден соолугу үчүн камкордуктар көрүлүп, ар кандай реформаларды ишке ашыруу чакырыктарынын бир нечеси ишке ашууда. Болот мырзанын алдыдагы кечиктирилгис иш-аракеттерине ийгиликтерди каалайбыз.

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА

0 Поделились