Эртең Кыргызстан — Мьянма оюну болбойт

Азия Кубогу — 2019 тандоо турунун Кыргызстан — Мьянма оюну болбой турганын Футбол федерациясынын башчысы Семетей Султанов билдирди.

Маалыматка ылайык, мында чечимди Премьер-министр Сапар Исаков кабыл алган. Оюн теракт болуп кетүү коркунучунан улам болбой турганы маалым болду.

Семетей Султановдун айтымында, аталган оюнга сатылган билеттер кайра кайтарылат. Азырынча оюн жылдырыла турганы же техникалык жеңилүү боло турганы тактала элек.