Сапар Исаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчисин кабыл алды

Өкмөт башчы Сапар Исаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси Болсунбек Казаковду кабыл алды. Анда Премьер-министр “Кыргызтелекомдун” каржы-чарбалык иши ачык жүрбөй, коррупциялык факторлор жоюлбагандыгын сындады.

Премьер тез арада “Кыргызтелекомдун” директорлор кеңеши жана башкармалык жетекчилеринин ишин карап чыгууну табыштады. Сапар Исаков ушул кезге чейин өлкөдө жогорку ылдамдыктагы интернет орнотулбагандыгын белгилеп, компанияга тажрыйбалуу адистер, иш билги адамдар келиши керектигин кошумчалады.