Эртең Кыргызстанга иш сапары менен Шавкат Мирзиеев келет

Кыргызстанга 5-6-сентябрда мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев келет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында эки өлкө башчылары ортосунда тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуу пландалууда. Андан сырткары Шавкат Мирзиеев премьер-министр жана парламенттин төрагасы менен жолугушмакчы. Жолугушуунун алкагында бир катар документтерге кол коюлат.