5-сентябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтен билдиргендей 5 сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, айрым жерлерде 9-14 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;

Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8…13, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13;

Эртең Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 17…19°, күндүз 31…33° жылуу болот.