Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»

(Башталышын бул жерден окуңуз)

Ошону менен талаш-тартышка чекит коюлган.

Касендин добушу көп өтпөй эле кырааттуу, мукамдуу кайрыктарга айланып, ара чолодо дене-башын сүлкүлдөтө Сайрага, Бектемир жаткан төркү үй тарапка дем бүркүп, маңдайынан чыпылдап чыккан тер эки жаагы, ээги ылдый агып, денеси көл-шал болуп сууга чыланып, дем салып жатты.

Анда-санда гана кемпирдин шыпшынганы болбосо, баары ойго тунуп, магдырап кеткен сыяктуу эле.

Сайра да дартына Кудай ушул Касен табып аркылуу даба берип жатканына ынанып, шыпаа күткөндөй, чындап эле дубанын касиетин жуткан абасы аркылуу, уккан кулагы жана бар тулкусу, эң негизгиси ишеними аркылуу өзүнө сиңирип алып жаткандай алкашалка тер кетип, магдырап кетти.

Тээ бир топтон кийин гана добушу акырындап барып басылып, алакан жайган Касенди ээрчий башкалар да алакан жайып, ар бири келме келтирип, өз билгенине жараша ичтеринен дуба айтып, ниет кылышты.

Ошондон кийин гана баары уй мүйүз тарта дасторконго отуруп, Касенден кеп күтүп калганда:

– Кудайым буюрса, баары жакшы. Бектемир кеминде отуз күндөй жатып, туруп кетиши – Кудайдан. Сайра да ниет кылып, жакшылык тилеп, Кудайдан суранып турса, жакшы болот. Өзү берген дартты Кудайым өзү алат. Жараткандын жардамы менен колумдан келген ишимди жасадым. Баш көтөрүп кетишкенге чейин күнүгө эки-үч маал келип, көрүп турам, – деди табып бетаарчысы менен маңдайын, жаагын, мойну-башын арчынып жатып.

Отургандарга жан кирип шыпшынышып, күбүн-шыбың боло калышты:

– Оозуңа май, айланайын!

– Ошондой эле болсо экен.

– Ооба, Бечараларды Кудай колдосун, – дешти.

Касендин мындан азыраак убакыт мурун келип, босогодо эпейип отуруп калган аялы гана унчукпай, күйөөсүн жаңы көрүп жаткансып карап отура берди.

– Айланайын, Каке! – деп ордунан тура калчудай обдулуп барып кайра отурду Абылай. – Балдарыңдын жамандыгын көрбө, айланайын! Жаман Асаның… – босогодо отурган аял менен көзү урунуша калды эле, эмнегедир кебинин аягын жутуп алгансып, унчукпай калды.

Касен кептин удулу келгендей:

– Асандын балалык кылып жатканын уктуңар. Жана өзүңөр айткандай жаштык – мастык кылып жатыптыр. Мен атасы болсом, силер да бөлөк-бөтөн эмессиңер. Ал силердин да балаңар. Ийри отуруп, түз кеңшели. Кана, эми кандай кылалы? Эмне кеңеш айтасыңар? – деп кайра отургандарга суроо таштап, айланта карады.

Баятан бул суроого Касен өзү гана жооп айтып, чекит коет деп күтүп отургандар бири-бирин карап, эмне жооп айтарын билбей ыңгайсыздана түшүштү.

Касен Абылайды карады:

– Эмне кылалы дейсиң, Абыке?

– Э… э… эл айтсын! – деп кайпактап кетти ал.– Ботом, эл эмнени айтат?! Эл билген, эл ишенген аксакалсыңар. Анын үстүнө Кызмончок бириңерге келин болсо, Асан бириңердин уулуңар! Силер айтсаңар, анан биз өз оюбузду айтабыз да! – деди ооздон кеп жула качмай шашмалыгы бар Асанбүбү озунуп.

– Ырас айтат, ботом, бүлө силердики эмеспи… – деп кутулду шыпшынчаак кемпир.

– Кызмончок келиниңер экени калп беле, аке! – деди Дилдекан ансыз да кыйпычыктап араң отурган Абылайды жарга такап.

Ушу тапта Сайранын көздөрү адатынча алаңдап, колунун учтары тыбырап, кыңкыстап жиберди. Анын бу белгисинен баягы эле эки сөзүнүн бири болгон: “Жок, жолотпогула! Кереги жок!” – дегенди түшүнүштү.

Элдин баары Сайраны эп көрүп, аган жан тартып кетчүдөй, Касен сарынын аялы да ордунан тура калды:

– Мага да кереги жок! Менин алмончоктой болгон балама бирөөнүн кутула жадап, кетирип ийген катынынын кереги жок!

Отургандарга талашка ушуну менен чекит коюлгандай туюлду. Бирок эл күткөндөй болгон жок. Касен табып катынынын кебин укпагандай же анын сөзү бу жерде анчалык деле мааниси жоктой түр кылып:

– Абыке, Сайра, кандай болгон күндө да айтып, алдыңардан өтүүм керек. Силер анткениңер менен Бектемир эмне дейт?

“Казан-аяк кагышат, эси кеткен болушат” болуп, эртең этинин ооруганы басылып, колуктусуна таарынычы тарагандан кийин ким-кимибизге нааразы болсо кантесиңер? – деди. – Кантсе да балаңардын сүйүп, кыз алган жары эмеспи?

Бир нерсе айта албай жаткансып тыбырчылаган Сайра көмөкөйүнөн үн чыгарып, кыйкырган сыяктанды. Эки көзүн жалдыратып өзүн тиктеген аялынын колун ушалап:

“Баары жакшы болот”, – дегендей башын ийкеген Абылай:

– Каке, балким сен уккан эмес чыгарсың.

Бул жердегилердин баары билет, менин уулум Бектемир Кызмончок менен шарыят жолунда ажырашып, талак берип койгон! – дегенде Сайра алда неге ыраазы болгондой кыңылдап, ыйлап жиберди.

Үйдүн ичин кулак-мурун кескендей жымылдаган жымжырттык уялай түштү.

Касен сары гана Кудай алдында бир чоң жүктөн кутулгандай көкүрөгүн кере чоң дем алып, колундагы бетаарчысы менен чекесинен чыпылдап кеткен терин кайра-кайра арчып, өңүнө кызыл жүгүрүп, башын ийкеңдеткен болду.

Баятан отургандарды бир, эрин бир карап, эмне кеп-сөз болуп кетет деп араң отурган Касендин аялы гана ордунан тура калып, кайра отурду.

– Болуптур, — деди Касен табып. – Калганын дагы убакыт көрсөтөр. Бектемир эс алсын, эртең өзү менен сүйлөшөйүн.

Сайра кайра да кыжалат болгондой башын чайкагылап, Касен табыпты жалдырап карады. “Баламды ынандырып, өз баласын куткарыш үчүн Кызмончокту кайра бизге жармаштырып жатат!” – деди ал оюнда. Мындай ойду бир гана ал эмес, Абылай да, мында отургандардын баары ойлоду.

– Апе-ей! – деди Асанбү.

Касендин аялы гана көңүлү жайлангандай болду.

– Акем туура айтат! – деди Дилдекан дасторконун жыйнап жаткан Дилдекан. – “Чөптү кордосо – көзгө зыян!” Кызмончок  да бирөөнүн баласы! Кудай, арбактан коркуш керек!

– Ооба десеңиз! Ошо зыян болгон үчүн ушундай болуп жатат да… – угузар-угузмаксан бир келин күңкүлдөдү.

– Кызмончок кайда азыр? – Асанбү жоолугун кулагына кыстара калып сурады.

– Билбейм, – деди Касен. – Бирок кайда болсо дагы ким-кимисине зыян келтирбей, тынч болушуңарды сурайм. Калганын да көрө жатарбыз.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.