Артка чегингис позиция, эки тараптуу мамилелердеги бурулуштар, жагымдуу өзгөрүүлөр, экономикага инвестиция…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Акыркы алты жылда Кыргызстандын тышкы саясатынын өзгөчөлүктөрү эмнеде болду, алыскы-жакынкы кошуналар, эки тараптуу кызматташтыкка жетишилген өлкөлөр жана эл аралык коомчулук менен болгон мамилелерде эмне өзгөрүүлөр болду, эмнеге жетиштик? Бул күн тартибинде турган, баарыбызды жана ар бирибизди кызыктырган суроолор.

Эскиден калган мурас

Бакиев режиминен кийин Кыргызстандын эл аралык коомчулуктагы аброю кескин төмөндөп кеткен. Анысы аз келгенсип, сырткы чөйрөдөн көз карандылык пайда болгону да жашыруун эмес. Мунун бирден бир себеби, эски бийлик мамлекеттик башкарууну өз бийлигин чыңдоого жана өз бир туугандарынын, балдарынын кызыкчылыктарын тейлөөгө багыттаган болчу. Тышкы байланыштарда да өз үй-бүлөсүнүн жана өз айланасынын сасык кызыкчылыктары алдыңкы планда турган. 2006-2009-жылдарда Бакиев Европа өлкөлөрүнө бир да жолу расмий сапар менен барган эмес. “Ганси” авиабазасын Кыргызстандын аймагынан чыгарууга убада кылуу менен, Бакиев ГЭСтердин курулушу үчүн ыңгайлуу кредиттик макулдашууга жетишкен да, бирок ошол эле учурда Россия менен экилтик саясат жүргүзгөн. Эски бийликтин бардык аракеттери коммерциялык пайданы көздөгөндүктөн, өлкө Россия, АКШ жана Кытайдын кызыкчылыктарынын айланпасында калган. Натыйжада, эл аралык коомчулук Кыргызстанга далысын салып, сүйлөшүүнү каалабай калган.

Баш мыйзамдагы алашем: тышкы саясатты аныктоо укугу кимде?

Жаштардын жаңы Өкмөтү «Жаңы доорго кырк кадам» менен аттанды

2010-жылдагы кабыл алынган Конституция Кыргызстандын тышкы саясатын ким аныктайт деген суроого так жооп бере албагандыктан, А.Атамбаевдин бийлигинин алгачкы жылдарында мыйзам менен байланышкан кыйынчылыктар, алашемдиктер келип чыкты. Акыры 2012-жылдын 4-июлунда “Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттери жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган соң, тышкы саясатты аныктоо укугу жана жалпы жетекчилик КР Президентине өттү.

Атамбаевдин артка жангыс позициясы

Арийне, А.Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында президенттик кызматка расмий киришип жатып, инаугурацияда сүйлөгөн сөзүнөн өзүнөн мурдагылардын тышкы саясаттагы каталыктарын, жаңылыштыктарын оңдоо ниети болгонун баамдасак болот. Ал анда мамлекеттин тышкы саясаты элдин кызыкчылыгына баш ийип, Кыргызстан эл аралык коомчулуктан өзүнүн татыктуу ордун ээлеши керектигин баса белгилеп айтканы бар. Президенттин “тизе бүгүп жашагыча тик туруп өлгөн артык”, “эгер биз көз карандысыздыгыбызды жана эгемендүүлүгүбүздү жоготуп алсак, анда бизди Кудай да, бабалардын арбагы да, келечек муун да кечирбейт” деген эмоцияга жык толгон сөздөрү элдин эсинде болсо керек.

Тоо кушуна койну кенен Россия

“Россия жана кошуна өлкөлөр менен биздин тарыхыбыз бир жана келечегибиз бирге” – деп билдирүү жасаган А.Атамбаев Россия менен жакындашууга ык коюп, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү жолун тандады. Бул кошуна өлкөлөр менен байланыштарды жана коопсуздукту жакшыртууга, экономиканы өнүкүтүрүүгө багытталган эң туура чечим эле.

Ошол эле учурда көп багыттуу тышкы саясат концепциясы кала берди. 2011-жылы А.Атамбаев Кыргызстан бардык мамлекеттер жана эл аралык коомчулук менен кызматташтыкты улантуу ниетин жарыя кылганын билебиз. 2013-жылдын майында КМШ өлкөлөрүнүн башкы редакторлорунун клубунун өкүлдөрү менен жолугушууда Кыргызстан бардык өлкөлөр менен достошууну кааларын, бардыгы биздин чечимдерди түшүнүү менен кабыл алат деп ойлорубузду, биринчи кезекте аймактагы кошуналар менен кызматташтыкка басым жасарыбызды, өлкөнүн тышкы саясатында өз жана бөтөн деген түшүнүктөр болбошу керектигин билдирген.

2011-2013-жылдарда Кыргызстан менен Россиянын жетекчилигинин ортосунда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөш экендигин дагы да ачыктаган жана тастыктаган кадамдар жасалды. 2012-жылы А.Атамбаев Россия Федерациясына алгачкы жолу жумушчу сапары менен болуп, тарыхы жана тагдыры бир өлкөнүн өлкө башчысы жана өкмөт башчысы менен жолугушту. Москвада Манастын эстелигинин ачылышы болду. Ошол эле жылдын сентябрында Россиянын кайрадан шайланган президенти В.Путин менен жолугушуусу Кыргызстандын тышкы саясатындагы багытты аныктап, эки тараптуу маанилүү келишимдерге кол коюлду.

Экономикалык дипломатия

Ал эми 2013-2017-жылдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын кабыл алынышы Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө өбөлгө болгон өлкөнүн өнүгүшүнүн стратегиясы болуп калды. Кыргызстандын экономикалык кызыкчылыктарында экономикалык дипломатия деген түшүнүк пайда болду.

Тышкы саясаттагы маанилүү багыттардын бири – инвестиция издөө жана Кыргызстан үчүн пайдалуу экономикалык долбоорлорду табуу болгонун да айта кетүүгө тийишпиз.

Авиабазадан баш тартуу

Тилиң бош болсо, тишиңе ишенбе

2013-жылдын январында АКШнын мамкатчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк биздин өлкөгө иш сапары менен келгенде, Кыргызстан “Манас” аэропорту аскер базасы болбостон, анын ордуна жарандык хаб түзүү керек деген позициясын дагы бир жолу бекемдеди. Кыргызстандын АКШдан өз боюн ала качышы мыйзам ченемдүү эле. Себеби, Президент алгачкы күндөн Россияны стратегиялык өнөктөш атап, америкалык авиабаза – транзиттик жүк ташуу борбору келишим мөөнөтү аяктаган соң, Кыргызстандан кетет деп жарыя кылган.

2013-жылдын 14-ноябрында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленге америкалык авиабаза 2014-жылдын июлунан өз ишмердигин токтото турганы тууралуу нотаны тапшырды.

2015-жылдын 16-июлунда АКШнын Мамдепартаментинин Кыргызстан улуттар аралык араздашууга от тутанткан, адам канына сабын болгон адам катары айыптап жаткан Азимжан Аскаровго “адам укугун коргоочу” сыйлыгын бериши да эки өлкөнүн ортосундагы ансыз да сууп бараткан мамилеге муздак суу сепкендей болду. Кыргызстан Мамдепартаменттин чечимин достук эмес акт катары баалады. Кыргыз Өкмөтү 1993-жылдын 19-майынан бери иштеп келе жаткан Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык тууралуу алкактык макулдашууларда жетишилген: АКШнын эл аралык долбоорлордо иштеген жарандарынын жана элчилик кызматкерлеринин артыкчылыктарын, салык, бажы жеңилдиктерин жокко чыгарды. Айрымдар бул кадамды тышкы саясаттагы көп багыттуулуктун кыйрашы катары да түшүндүрүп ийишти. Чындыгында, бул тизелеп жашагандан тик туруп жашоону артык көргөн позиция болчу.

ЕАЭБге кирүү мезгилдин зарылдыгы

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча сүйлөшүүлөр көпкө созулду, бирок натыйжалуу аяктады. Өлкөнүн Бажы биримдигине кириши мезгилдин зарылдыгы болчу, мындан биз уттурганга караганда, көбүрөөк утмакпыз. Экономикалык бирдиктүү мейкиндикке кирүү менен Россиядагы эмгек мигранттарынын абалы да жеңилдемек. Ошентип, бул багыттагы документтерге 2015-жылдын 8-майында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо алдында кол коюлду. Бул да символикалуу көрүнүш болуп калды.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы мамилелерде дайыма соода-экономикалык байланыштар артыкчылыктуу болуп келген. Кытай Кыргызстан үчүн экспорттун көлөмү боюнча бешинчи орундагы өнөктөш болсо, импорттун көлөмү боюнча экинчи орунда турат. Акыркы жылдарда кыргыз экономикасына Кытай инвестициясы көбөйгөнүн да белгилеп кетсек болот. Анан калса, Кытай бийлиги Кыргызстандын ЕАЭБге киргенин беймарал кабыл алды жана кызматташтыктын жаңы форматын издей баштады. Буга мисал катары кытайлыктар Кыргызстандын аймагында жаңы заводдорду ачууга жана суу энергетикалык долбоорлорго кызыгуусун билдиргенин айтсак болот. Кыргызстан өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинь демилгелеген “Бир алкак – бир жол” долбоорунда Кытай менен Батышты байланыштырган данакер өлкө болуп калышы ыктымал. Ушундан улам, Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунда экономикалык компонент көбөйгөнүнө кызыктар. Дегинкисинде эки тараптуу байланыш тездик менен өнүгүп жатат. Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюлду. Акыркы жылдарда эки өлкөнүн ортосунда 80 иш сапар болуп, Президент А.Атамбаев, премьер-министр жана башка жогорку кызматтагы кызмат адамдары Кытайда жумушчу сапарлары менен болуп, эки тараптуу кызматташтыктын ишин илгерилетишти.

Кыргызстан менен Казакстан куштун эки канатындай

Казакстан Кыргызстан үчүн негизги экономикалык жана саясый өнөктөш болуп кала берет. Башка кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кошуна эки өлкө туруктуу жана өз ара пайдалуу мамилелерди түзө алышты. Кыргызстанда болуп өткөн эки жолку революция Казакстандын саясый элитасы тарабынан коопсуздук үчүн чакырык катары кабыл алынды. Ынкылаптардан кийин кошуна өлкөнүн өз чек арасын чычкан жөргөлөгүс кылып жаап алышын ушул коога менен байланыштырсак болот. Бирок, кошуна өлкөнүн бул кадамын биз таарыныч менен кабыл алганыбыз мыйзам ченемдүү экенин да айтып койгонубуз жөн. Кандай болгондо да, Бакиев

режими тарабынан бузулган мамилелер аздап болсо да оңолуп, оң жагына өзгөрө баштады.

Өзбекстан менен мамилелер оңоло баштады

Бала бакчага айланган аткана, музейге айланган даараткана

Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамиледе өз ара түшүнбөстүктөр жана татаалдыктар болгонун жашырбастан айта кеткенибиз дурус. Бул маселе ир алды чек ара маселелери жана суу ресурстарын бөлүштүрүү менен байланышкан эле. Кыргызстандын ГЭСтерди куруу идеясына И.Каримов башынан эле каршы болуп келгени белгилүү. Ал Борбордук Азияда суу чатагы мүмкүн экенин айтуудан тажабагандыктан, бул маселе өлкөлөрдүн ортосундагы мамилени татаалдаштырып келген. 2014-жылы расмий Ташкент сегиз ай бою көгүлтүр отунду бууп койгону да бар. Бишкек акыры бул маселени россиялык «Газпромдун» жардамы менен чечүүгө аргасыз болду. Чек ара маселесин алсак, талаштуу 58 участок бар экенин айтпай коё албайбыз.

Ошентсе да акыркы жылдарда, И.Каримовдун көзү өткөн соң Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелерде жылуулук байкалууда. Чек ара боюнча өкмөттүк комиссиялар иштеп, эки тарап талаштуу участоктор боюнча бир пикирге келүүгө аз калганы айтылууда. 2016-жылдын октябрында Кыргызстан менен Өзбекстан алты чек аралаш аймактар ортосунда кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюуга жетишти.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда КМШ, ЕАЭБ, КККУ, ШКУ аймактык эл аралык уюмдардын деңгээлинде тыгыз кызматташтыгыбыз бар. Экономикалык, аскердик-техникалык жана геосаясый өңүттөрү боюнча эки өлкө көп жагынан окшош. Кыргызстан жана Тажикистан суу ресурстары маселесинде да окшош кызыкчылыктарга ээ. Албетте, чек ара маселесинде талаш-тартыштар жок эмес. Арийне, бирок бул маселелер сүйлөшүүлөр жолу менен чечилип келе жатат.

Кыргызстан Европалык союздан алыс эмес

Кыргызстандын Европалык союз жана ЕС өлкөлөрү менен өз ара мамилеси да жылуу сөзгө арзыйт. Европалык союз экология, демократия, адам укугу чөйрөсүндө, социалдык-экономикалык, гуманитардык билим берүү багытында жардам көрсөткөн Кыргызстандын ири донору болуп эсептелет. Тышкы саясый байланыштар Президент А.Атамбаевдин президенттигинин мөөнөтүнүн башталышынан кадыресе активдеше баштаганын айтып коюубуз парз.

2012-жылы 10-12-декабрда кыргыз президенти Батыш Европага алгачкы иш сапары менен болду. Президенттин Германияга иш сапары учурунда билим, илим, маданият, саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу бир катар меморандумдарга кол коюлду. Ошондой эле мамлекет башчысынын Батышка жасаган иш сапарынын тушунда карыз маселелерин чечүү боюнча маселе каралды. 2011-2012-жылдарга карата каржылык кызматташтык, 2011-2012-жылдарга карата КР Өкмөтү менен ГФР Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташтык күчүнө кирди.

Арактан алыстоонун жалгыз жолу – ага тыюу салуубу?

2013-жылдын мартында Австриянын федералдык президенти Хайнц Фишер Кыргызстанда иш сапары менен келип кетсе, ошол эле жылдын сентябрында Президент А.Атамбаев Европа союзуна расмий сапар менен, Белгияга жумушчу иш сапары менен барды.

2015-жылдын март айынын аягындагы Президент А.Атамбаев Европалык турнеси кызыктуу болду. 10 күн аралыгында Президент А.Атамбаев Европанын негизги өлкөлөрүндө: Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия жана Германияда болуп, ОБСЕ жана Европарламенттин өкүлдөрү менен жолугушту.

Бундестагдын вице-спикери Йоханнес Зингхаммер, Ханнс Зайделя фондунун башчысы, ФРГ ТИМнин башчысы жана ОБСЕ төрагасы Ф.В.Штайнмайер Кыргызстанга кайтарма сапар менен болушту. 2016-жылдын июлунда Германиянын канцлери А.Меркелдин Кыргызстанга иш сапары европалык лидерлер түзгөн байланыштын уландысы болуп калды.

Араб дүйнөсүнө ачылган терезе

Президент А.Атамбаев тышкы саясаттын экономикалык компонентине басым келе жатканын да билебиз. Анын өзү Кыргызстандын өнүгүп-өсүүсүнө болгон камкордук экенин айтпаса да белгилүү.

Мамлекет башчы иш сапары менен Сауд Аравия королдугунда, Бириккен Араб Эмираттарында, Катарда, Кувейтте (2014, декабрь, 2015, декабрь) болуп, соода чөйрөсүндөгү кызматташтык тууралуу эки тараптуу макулдашууларга кол коюлду.

Кыргыз-жапон мамилелери да жылуу сөзгө арзыйт. Ал да өзүнчө чоң сөз.

Ишеним…

Жыйынтыктап айтканда, акыркы алты жылда Кыргызстандын тышкы саясаттагы позициясы кыйла жакшырды. Батыш өлкөлөрү менен мамиледе кадыресе өзгөрүүлөр пайда болду. Президент айткандай, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жана улуттук кызыкчылыктарын сактоо менен дүйнөдөн өз ордун таба алды десе болот. Кыргызстан кедей өлкө эмес, бизде өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Буюрса, тышкы саясатта бурулуштар, өзгөрүүлөр Кыргызстандын дүйнөлүк геосаясый кызыкчылыктардагы ордун бекемдейт деген ишеним бар.

 

One thought on “Артка чегингис позиция, эки тараптуу мамилелердеги бурулуштар, жагымдуу өзгөрүүлөр, экономикага инвестиция…

Комментарии закрыты.